Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 26-сентябрь күнү СССРдин Эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузууга каражат топтоо максатында марафон өтөт. Жергиликтүү телеканалдарда Сүймөнкул Чокморов роль жараткан кинотасмалар жана документалдуу фильмдер 1-октябрга чейин көрсөтүлөт. Мындан тышкары шаардагы билим берүү мекемелеринде, жогорку, кесиптик жана орто окуу жайларында залкар инсанга арналган кечелер, шаардагы бардык мектептерде «Чокморов жумалыгы» өтө турган болду. Окуучулар арасында дил баян, жат жазуулардын жана сүрөткерлердин арасында сынак уюштурулууда.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg