Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги демилге көтөрүп, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата шаар тургундарына Ачык эшиктер күнүн өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайы менен таанышып, аларга укук тартибин сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жаман жосундарга жана кылмыш иштерине барбоо боюнча маселелер түшүндүрүлдү. Ошону менен катар Жалал-Абад
ОИИБинин кайгуул-күзөт кызматы жана ички аскерлердин «Шер» атайын багыттагы отрядынын аскерлери өздөрүнүн машыгууларын көрсөтүштү. Аягында спорттук оюндар менен коштолуп, өспүрүмдөргө тиешелүү мыйзамдардын беренелери жазылган дептерлер белекке берилди.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg