Бул жолку каарманымдын сыры жыйынтыксыз кырдаал экен. «Балким, силердин гезиттин жардамы тийип калар. Жок дегенде сырымды бөлүшүп, жеңилдеп да алайын дедим»,- деген Индира айым курбу кызынын көп жылдан бери дайынсыз экенин баяндап, кеп салып берди.
– Мектепти Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылынан бүтүрдүм. Курбу кызым Майрамкүл Касмамбетова менен 8-классымда таанышып, ынак болуп кеттик. Анын апасы биздин айылдагы жалгыз бой кишиге турмушка чыгып, Майрамкүлдү ээрчите келген. Кийин Майрамкүл Нарын шаарындагы азыркы №87-кесиптик-техникалык лицейге барып окуп калды. Ага чейин деле бир топ мектептерден окуп келген болуш керек. Себеби атасы менен апасы ажырашкан соң апасын ээрчип көп жерде жүрүшкөн экен. Майрамкүл ачык-айрым, курдаштыкка бекем эле. Мага көп сырын айтып калчу. Өгөй ата, бөлөк эл, бөтөн жердеги адамдардын мамилеси Майрамкүлдү жүдөтө берсе керек. Эмне арманы болсо эле мага айта берчү. Үйүбүз да жакын болгондуктан, Майрамкүлдүн апасы да менин апама келип, чай ичишип, сүйлөшүп отуруп калышчу. Апам үйдөгү ашыкча нерселерди, кийилбеген кийимдерди жардам катары берип жүргөнүн көрүп калчумун.
2006-жылы мектепти аяктап, баарыбыз чилдей тарап кеттик. Майрамкүл да, мен да борборго келдик. Бирок байланышыбыз үзүлүп калды. Мен айылга тез-тез барып турчумун. Майрамкүлдөн кабар жок. Апасы дагы акыркы күндөрү сыркоолоп калчу болду. Мен барган сайын эле «Кызымдан дайын барбы, көрүп жүрөсүңбү?» деп сурап калат. Жооп таба албай эле буйдала берчүмүн, себеби курбу кызымдын кайда экени мага да табышмак.
Ошентип, апасы дүрүлдөгөн машинанын үнүн укса деле, алыстан айылга чоочун бирөө келе жатса деле, «Кызым эмеспи?» деп жол карай берчү. Бир күнү апам «Майрамкүлдүн апасы каза болуп калды» деди. Анда мен Бишкекте болчумун, оюма дароо курбум келди. «Жалгыз эми кантер экен?.. Караан туткан апасы да каза болуп калыптыр» деп капаланып, «Сөөк коюу каадасына келиптирби?» деп сурасам анда да келбептир. Ал күнү абдан капа болдум.
Курбумдун апасы көзү тирүүсүндө «Кызымды эптеп тапканга аракет кыл. Мага таарынып жүрөт окшойт, «көп эле жалгыз бой аял күйөөгө тийбей эле балдарын багып жатат» десе керек. Турмушта оор кырдаалдар көп болот, кызым. Кандай болгон күндө да аял-эркекти эриш аркак болуп, эки бакыр бир тукур болуп жашасын деп жасаган тура Кудай. Менин көзүм өтүп кетсе деле айтып кой кызыма. Мага таарынбасын, мен аны эки дүйнөдө жакшы көрөм» деп айтып калчу. Учурунда маани бербеген экенмин.
Эми аяш апамдын айткандары мага аманат болуп, мойнумдагы карыздай сезиле берчү болду. Кээде түшүмө ар кандай баш аламан окуялар кирет. Балким, эне-бала бири-бирине бир нерсени айта албай, жеткире албай жүрүшөбү деп да ойлоп кетем.
Бир күнү Бишкекте иштеп жүргөндө классташ, тааныштарга жолугуп калдым. Дароо эле «Майрамкүлдү көргөн-билгендер барбы?» деп сураштырып калдым. Угушумча, Балыкчыга турмушка чыгыптыр. Дарегин алып, Балыкчыны көздөй сапар тарттым. Анда 2010-жылдар болчу. Тоголок Молдо жана Олимпийская көчөлөрүнүн кесилиши деп берилген дарек боюнча барсам, ал даректе жок болуп чыкты. Шаабайым сууп кайра Бишкекке келдим. Тааныштардан сураштырып, «баланча жерден көрдүм эле» деп ар ким каңкуулаган жердин баарына кайрылдым, бирок таба албай койдум. «Экинчи атасынын үйүнө келер, балким» деп күтүп жүрүп үмүтүм деле үзүлүп калды.
Майрамкүлдүн апасы каза болгон соң өгөй атасы да дүйнөдөн кайтты. Издеп жүрүп тажагандыктан, гезитке жазып бугумду чыгарып алайын дедим. Эгер Майрамкүл бар болсо, апасынын учурунда кабыл алган чечимдерин туура деп эсептеп, анын арбагына куран окуйт деп үмүттөнөм.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg