ТУРСУНБЕК АКУНДУ КОЛДОГОН АКЦИЯ

Нарын шаарындагы борбордук аянтка 24-сентябрь күнү 10-12 адамдан турган нааразычылык акциясы уюштурулду. Чогулгандар колдоруна «Жогорку Кеңеш таркатылсын», «Турсунбек Акун элдик акыйкатчы», «Акыйкатчынын укугу корголсун» деген жазууларды көтөрүп турушту. Акциянын катышуучулары жана уюштуруучулар негизинен экс-акыйкатчынын туугандары экени белгилүү болду. Шаар тургундарынан уюштуруучуларды колдоп 5-6 адам кошулду. Чогулгандар «Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна жалгыз гана Турсунбек Акун жооп бербеши керек. Ал жалгыз бошотуп жиберген эмес. Бул иш боюнча башка дагы толтура жооптуу адамдар бар. Алар да мыйзамдын негизинде жазаланышы керек. Болбосо мындай нааразычылык акцияларды дагы улантып башкача жолдор менен өткөрө беребиз» дешүүдө.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
knk
2013-09-30 13:05:04
10 чакты тууган чыкса эле Турсунбек Акун элдик болуп калабы
0
muxammet
2013-09-30 14:55:45
эми сиз эле калдыныз эле
0
marshal1986
2013-10-03 13:59:46
бул адам акыйкатчы эмес кошоматчы болуш керек деп ойлойм. мага жакбайт
0
aizish
2013-10-03 20:09:48
Озу баш манканын баары ажообузда да жалгыз Акун мырзанын колунан келмек эмес.
0
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан