«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деген кеп Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын тургуну Калык Жумагожоевге жараша тургандай. Сүрөтчү, акын жана уста Калык мырза өнөрү тууралуу кеп салып берди.
– Калык мырза, өзүңүз тууралуу кеп салып берсеңиз? Сүрөтчүлүк өнөргө кандайча баш багып калдыңыз?
– Мен 1937-жылы Ак-Суу районундагы Сары-Камыш айылында туулгам. Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. 1941-жылы атам согушка кетип каза болот. Рак оорусуна чалдыгып, энем дагы дүйнө менен кош айтышкан. Ошентип, төрт жашымда атамдын бир тууган иниси мени багып алган. Кийин согуш аяктап, жашообуз жакшы нукка бурулду. Жашыбыз келип мектептен билим алып баштадык.
Согуштан келген бир буту чолок мугалим сүрөт сабагынан окутуп, мектепте сүрөт ийримдерин уюштуруп калды. Ошол фронтовик агай кызыгуумду жандандырды десем болот. Алгач өзүмдү сынап ийримге катышып, сүрөт тартууга болгон кызыгуум артып, колуман боёк түшпөй калды. Бир күнү мектепте сүрөтчүлөр сынагы болот деп угуп калдым. Анда 5-класста окучу элем. Сынакка катышып 1-орунду алдым. Кийин район, облус, республикалык сынактарда баш байгени ала баштадым. Шаарга барып окуумду улантам дегенимде чоңойткон энем «Сен окууга кетсең, мен эмне болом?» деп жибербей койгон.
Аскерге барып келип, пенсияга чыкканга чейин айылдын Маданият үйүндө жасалгалоочу сүрөтчү болуп иштедим. Азыр дагы убактымдын көбүн сүрөт тартуу менен өткөрөм. Мурункуга караганда азыр колго тартылган кыргыз жеринин сүрөттөрү бааланып жаткандыгы кубандырат. Тарткан сүрөттөрүмдү келишим баада сатам. Буйрутма менен сүрөт тартып бер дегендер көп.
– Акындык өнөрүңүз бар экенин да угуп калабыз...
– Башыман өткөн окуялар, айланабызда болуп жаткан нерселер, келечек тууралуу ойлорум ыр жазуума түрткү болду. Эч кимге айта албаган ызаңды, сүйүнүчтү, жашоодогу жаңылыктарды ыр менен жазып жеңилдеп алам. «Менин айылым», «Ак-Суу кайрыктары» деген китептерим жарык көргөн. Учурда 3 кичине китебим жарыкка чыкты. Жакында дагы бир «Эс тутум» деген аталышта китеп чыгарсам деп турам.
– Устачылык өнөрүңүз тууралуу да айтсаңыз?
– Адам баласы тун наристелүү болгондо бир башкача сезимдер жаралат экен. Мен дагы улуу балам төрөлгөндө кубанып, ага өз колум менен бешик жасаган элем. Биринчи жолу жасаганыма карабастан бешик абдан кооз болгон. Ошондон кийин кошуна, тааныш, туугандарыбыздын баары мага кайрыла башташты. Анан ээр-токум, жүк жыйчу такта жана башка үй буюмдарын колго жасап баштадым. Негизи эле адам чындап бир нерсени кааласа, ага жол табат, каалабаса ал жөн гана шылтоо.
– Эми жеке жашооңузга келсек...
– Кемпиримдин аты Мария. Көп жылдан бери Ак-Суу райондук ооруканасында дарыгер болуп иштейт. Жубайым экөөбүздүн 3 кыз, 4 уул, 11 небере, 6 чөбөрөбүз бар. Бир неберем «чоң атамдай сүрөтчү болом» деп жүрөт. Мен дагы болгон жардамымды берип келем. Ар бир эле ата балдарынын бири анын жолун жолдоосун кааласа керек.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg