Дүйнөдө кесиптер көп. Арасында адам өмүрүнө өтө кооптуулары да бар. Алардын алдыңкы катарында тургандардын бири – шахтёрлук кесип. Бул оор кесип кызыктуу делинген кесиптердин катарына кирбейт. Биз ал кесиптин кубанычын жана түйшүгүн, деги эле шахтёрлордун жашоосу тууралуу эл менен бөлүшкүбүз келди.
«КЭЭДЕ КАН ЧЫГАРЫП, МАЛ СОЮП ТУРУШАТ»
Жалал-Абадда көмүр алчу базарда дайыма «Төлөктүн» көмүрү жакшы» деп калышат. Бул ирет шахтёрлук кесиптин ысык-суугу, эрежелери, өздөрүнүн мыйзамдары тууралуу билели деп Сузак районуна караштуу Маркай жайлоосундагы «Төлөк» шахтасына жол тарттык.
Көмүр казчу шахтаны сиз өмүрүңүздө көрдүңүз беле? Мен барганда капкара көмүр үйүлүп жаткан жерди көрөм го деп ойлогом. Кайдан?! Тоо боорундагы адам эңкейип кирчү үңкүрдүн тешиги дал шахтанын оозу болот тура. Барарыбыз менен кызыктын баарын шахтанын ичинен тапчудай кирип кетиптирбиз. Чырак менен жарык кылып кирип бара берсең тиги жагы көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен. Жүрөгүбүз оозубузга тыгыла кантип кирсек, ошентип кайра чыкканча шаштык. Биздин чыкканыбызды байкаган бир аял кол булгалап чакырды, ага жетип-жетпей жатып жеме уктук. Көрсө, ал жакка кирүүгө мүмкүн эмес экен.
Бизди кол булгалап чакырган, шахтада ашпозчу болуп иштеген ЗЫМРАТ ЖУСУБАЛИЕВА бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул жакта иштегениме 4 жыл болду, кышы-жайы ушул жердемин. Жолдошум шахтада иштесе, мен ашкана кызматындамын. Ар бир шахтёр ичкен-жеген тамагына акча төлөп кетишет. Балдарды ушунчалык аяп кетем, ишенесиңби? Баалаган, көздөгөн баасына да сата алышпайт көмүрүн. Эмгеги, мээнети канча? Басып калуу коркунучу бар, эми кырсык деген кырсык да. Ошон үчүн бат-баттан мал союп, кан чыгарып турушат. «Забойдун» ичине да кан чыгарышат.
«АКЧАҢ БОЛСО АР БИР КҮНҮҢ МАЙРАМ»
Андан соң шахтёрлорго жолугуп, айрымдарын сөзгө тарттык. СҮЙҮНБЕК МАВЛЯНОВ:
– Бул жайда иштегениме быйыл 7 жыл болду. Шахтёрлук кесип эң оор кесип. Өкмөт жардам бербесе, элге ылайык жумуш жок болсо, ушул экен да тиричилик. Мен бул жерде балдардын үстүнөн карап турган бригадирмин. Ар бир жумушчу мага тил кат жазып, ден соолугу чың болсо гана шахтага кире алат. Анткени ар бир жумушчу өз өмүрүн тобокелге салып иштейт. Бул шахтанын тереңдиги 250 метр. Казчу жерди «забой» деп коёбуз, ал жерге 15-20 мүнөттө жетебиз. Көмүрдү казган соң 100-200 метр жерден 40-60 килограммдык капты көтөрүп чыгабыз. Каптарды учурда эң кымбатын 100 сомдон сатышат. Болжол менен бир күндө бир жумушчу 10-15 кап казышы мүмкүн. Эң көбү 50 капка чейин алып чыгат.
Кышкысын баалар өсөт, бирок унаалардын келиши кыйындайт, жолду көргөн чыгарсыңар, аябай жаман абалда. Айтор, шахтёрлор көптү таап эмес, тапканын көптөй көрүп эмгектенип келишет. Ким каалабасын галстук тагынып, таза имаратта отуруп иштегенди?! Айласыз турмуш менен алышып келе жатабыз да! Шахтёр болуп эмгектенген ар бир жумушчунун мээнети ак эле эмес, апапак!
Коопсуздукту катуу карайбыз. Атайын тирөөчтөрдү жасап, жыгач, кум толтурулган каптар менен коргонуу керек. Атайын аба жеткиргич, желдеткичтерди коёбуз, болбосо 300 метр тереңдикте кайдагы аба? Кирип баратып дагы Кудайды миң ирет эстеп, миң ирет ага жалынып киресиң. Биз үчүн кызыктуу күн – Шахтёрлор күнү. Ошол күндү жакшылап белгилеп коймоюбуз бар. Акчаң болсо ар бир күнүң майрам да...
«ДАЙЫМА КУДАЙЛАП ТУРАБЫЗ»
Бул шахтага жакын жерде башка адамдарга тиешелүү да шахта бар экен. Ал жайда иштегендер өздөрүнө азыноолак мүмкүнчүлүк жасап алышкан. Шахтанын ичине киргенден кийин капты сүйрөп чыгууга ылайыктап рельс жасалган атайын жабдык орнотуп коюшуптур. Ошол мотору бар жабдыкка байланган калың резина жип каптарды алып чыгууга жардам берет.
Алгач эле көзүмө шахтанын оозу урунду. Кире бериште кир кийимдер жана канистрде суу менен карарып кеткен кружка турат. Капкараңгы тараптан эле 5-6 каптан сууруп чыгып жаткан бул жабдык кызыгуу жаратты. Ал 120 метрге чейин жетчү узундукта болуп, ичинде иштеп жаткан жумушчулар көмүрдү казып, мүшөктөргө салып, анан ага жүктөшөт. Андан соң белги берилип, бул жабдыкты тейлеп турган жумушчу тартып алат. Аңгыча биз турган жайга каптар келип жетип, аларды балдар унаага жүктөштү. Бир убакта караңгы жактан жылмая күлүп бети-башы капкара болгон шахтёр чыкты.
Өзүн САПАРБЕК ОРОЗОВ деп тааныштырган кенчи кирип-чыгып иштеп жатып төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул жайда иштегениме 12 жыл болду. Жубайым, 3 балам бар. Кесибим боюнча эсепчимин. Жумуш жок болсо, башка кайда иштемек элем? Бригада болуп иштеп жан багуудабыз. Ичинде 4 шеригим бар. Алар каптарды толтуруп турушат. Мен барып жүктөп, бул жабдыктын жардамы менен алып чыгам. Каптардын да шаардан чыдамдуу, сапаты жакшысын алып келебиз. Ичкериде атайын ток менен иштөөчү жабдыктарыбыз бар. Аба жеткирүүчү түтүгүбүз да бар. Кээде көмүр казып баратканда тээ мурда ата-бабалар казган үңкүрлөр кезигип калат. Андай жайларда газ да топтолуп калышы мүмкүн. Биз бир күндө 5 адам биригип 5 тонна көмүр каза алабыз. Кудайга жалынып ичине кирип кетебиз. Балдарым дайыма көз алдымда турат.
Биздин суроолорго ашыга жооп узаткан шахтёр кайра шашылып ичкери учуп кетти. Учуп кетти десем таңданып турган чыгарсыз. Ооба, жабдыкты кайра үңкүрдү көздөй коё бергенде ал ушунчалык катуу ылдамдыкта кетет экен, «120 метр аралыкка 3 секундда жетип калат» дешти. Узундугун жетчү жерге болжолдоп коюшканы үчүн резина чубалгы жетчү жерге жеткенде өзү тартылып барып токтоп калат. «Жөнөкөй адам ага бат эле ыңгайлаша албайт, себеби катуу ылдамдыкта кеткени үчүн адамдын көзүнөн жаш агып кетет» деп кошумчалашты.
ШАХТЁРЛОРДУН АЛМАШКЫС ЭРЕЖЕЛЕРИ:
Атайын баш кийимди сөзсүз түрдө кийүү керек;
Ар дайым алдына суу куюлган идиш алып жүрүүсү абзел;
Мас болуп кирүү мүмкүн эмес;
Жыттуу духи себингенге болбойт;
Өтө жыттуу самын менен жуунууга да болбойт;
Анан Кудайды унутпоо керек.
КАПКАРА КОЛДОРУ МЕНЕН АППАК ЧЫНЫНЫ КАРМАП...
Баткен районунун Самаркандек айылындагы «Эркин кен» көмүр казуучу кенине да сапар алдык. Барганда эле алгач көзүбүзгө баштарына каска кийип, кара алтынга боёлгон кенчилер урунду. Эң эле эсте кала турган көрүнүш, бети-башы капкара болгон шахтёрдун апакай чыныны көмүрдөй капкара колу менен кармап суу ичип жатканы болду.
Кенчилер эртең менен келип, таза кийимдерин жумушчу кийимге которушат. Андан соң «өз коопсуздугума өзүм жооп берем» деп кол коюп, шахтага кирип кетишет. Ошону менен түшкө чейин жер астында көмүр казып, түштөнүү учурунда чыгышат. Бул учурда эртең менен апакай болуп кирип кеткен кенчилер бети-башынан бери көмүрдүн кара чаңына боёлуп калат. Колдорун таза жууп алып, тамактана беришет. Бир күндө кенчилер жер астында орточо 8 саат болушат. Жумуштарын аяктап, шахтадан чыккандан кийин алардын бир нечеси менен баарлашып отуруп, «Жумуш ден соолукка канчалык зыян?» деген суроомо төмөнкүдөй жооп алдым.
– Албетте, зыян. Биздин шахтада башка шахталарга караганда шарт бар, көпчүлүгүндө шарт да жок. Эптеп эле куруп алып иштеп жүрүшөт. Андай шахталарга кирген менен, ал акыркы күнүң болуп чыкпай калышың мүмкүн. Зыян болсо да тирилик кылып, бала-бакыраны багыш керек. Ден соолукка зыян деп үйдө отура берсек, бизге ким нан таап берет? Айылда иштегенге мындан башка жумуш жок. Шахтада иштеш керек же болбосо иштегени чет өлкөгө кетиш керек. Чет жакка барып иштегендер бизден да кыйналып иштеп, ден соолуктарын жоготуп келишүүдө. Андан көрө «бөтөн элде султан болгуча, өз элиңде ултан бол» дегендей, жакындарыңдын жанында иштегениң жакшы да.
Шахтёрлордун мончосуна баш багып, жалаң гана кир жуучу самындар турганына көзүбүз түштү. Алар менен кир болгон кийимдерин жууйт деген оюбуз туура эмес болуп чыкты. Көрсө, шахтёрлор жалаң гана кир самын менен жуунушат экен. Себеби күн сайын мончодо жууна бергенде тери бузулат. Ал эми кир жуучу самын майлуу келип, адамдын терисине анчалык зыянын тийгизбейт тура.
«УУЛУМ ДА ШАХТЁР БОЛДУ»
Ары түйшүктүү, ары кооптуу жумуш менен алектенип келген «Эркин кен» шахтасынын ээси, директору ЭРКИН РАХМАНОВ шахтёрлор тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Негизи, шахтёр болуш үчүн тиешелүү билим алыш зарыл. Мындан сырткары эрктүү болуш керек. Жер астына түшүүгө бардык эле адамдын эрки жете бербейт. Азыркы учурда тириликтин айынан эч нерсени билбеген жигиттерге деле шахтёр болууга туура келүүдө. Бул нерсеге турмуш түрткү болуп жатат. Мен өзүм кенчи окуусун Ташкент шаарынан окугам. Окууну бүтүп келип Сүлүктү шаарындагы шахталарда иштеп жүрдүм. Мен көмүр бар-жок экенин жана башка нерселерди иликтеп отуруп бул шахтаны ачканга 11 жыл сарптадым. Ал эми иштеп баштаганына 3 жыл болду. Бул убакыт аралыгында «эмне үчүн кенчи кесибин тандадым экен, башка бир жеңилирээк эле кесипти тандасам болмок» деген күндөрүм да болду.
Жер астындагы жер да, аба да башка. Шахта ичиндеги газ, чаңдар ден соолукка терс таасирин тийгизет. Чаң адамдын өпкөсүн иштен чыгарса, газдын таасири бутка тиет, организмдеги кан айлануу начарлап, адам басып бара жатып эле кадам шилтей албай калышы мүмкүн. Негизи, шахтага өтө көп иштеген болбойт.
Тапкандары айыл шартында жетет. Жумуш оор болгондуктан, ошого жараша айлык алышат (орточо 10-15 миң сом). Андан сырткары жылына 2-3 адамды ишкананын атынан курортко эс алганы жиберип турабыз.
Көпчүлүгү айласыздан үй-бүлө багуу үчүн иштешет. Бирок ошондой болсо да уулум менин жолумду жолдоп шахтёр кесибин тандады.
Кайсы шахтадагы жумушчуга барып абалын сураба, баары «Кудайга шүгүр» деп жооп беришет. Ананчы?! Өмүрү кыл учунда туруп жалынары, тобо, шүгүр келтирери жалгыз Кудай болгон соң, биз да Кудайдан алардын аманчылыгын тилеп кайттык.
Гүлжан Эшбаева,
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg