Үйлөнүү той жакшы деңизчи, бирок үлпөт тойдун шаанилеринин бири болгон шаар кыдырууда эки жаш, достору отурган кортеж көп учурда авариялык абал жаратканын көрүп эле жүрөбүз. Бул сапар Бишкек шаарында үйлөнүү тоюнун кортежинин катышуучулары МАИ кызматкерлеринин көйнөгүн тытып, погонун жулуп салышкан.
30-сентябрда саат 14:10 чамасында МАИ кызматкерлери Тынчтык проспекти менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калганына байланыштуу жол кыймылын тескеп турушкан. Ошол учурда БМВ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу МАИ кызматкерлерине баш ийбей Тынчтык-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн ортосуна машинасын токтотуп, «үйлөнүү үлпөтүндө келе жаткан автоунааларды өткөзөсүңөр» деп буйрук берип, бейбаштык кылган. МАИ кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабастан, аны менен чогуу жүргөн достору МАИ кызматкеринин биринин көйнөгүн айрып, кызматтык күбөлүгүн тартып алышкан. Экинчи кызматкердин погонун жулуп салып белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.
Бул окуя боюнча Ош облусунун Алай районундагы Корул айылынын 28 жаштагы тургуну Ж.Кулманбетов кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg