Чүй ОИИББинин Баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 29-сентябрда жүргүзүлгөн атайын операция учурунда баңгизатын сактаганга шектелген адам кармалган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында, тактап айтканда, Токмок шаарында аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Сокулук районунун 47 жаштагы тургуну С.Адылбек башкарып бараткан Хонда Авансир автоунаасы токтотулган. Тинтүү учурунда автоунаанын жүк салуучу жайынан 7 килограммга жакын кара куурай салынган ак баштык табылган. Муну айдоочу Ысык-Көл облусунун 33 жаштагы тургуну А.М. аттуу жүргүнчүгө тиешелүү экенин айтып, экөө тең суракка алынуу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан Токмок ШИИБине жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg