Бишкек шаарында зордуктоого шектелип 3 жигит кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, 28-сентябрда баш калаанын 19 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, аны түнкү саат бирлер чамасында шаардын 10-кичи районунда белгисиз 3 жигит күч колдонуп зордукташканын билдирген.
Кылмыш изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан 21, 23 жана 25 жаштардагы Нарын облусунун тургундары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg