«Пара талап кылган» деп шектелип Ленин райондук администрациясынын башкы адистери кармалышты. ИИМдин маалымат кызматынын 1-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, «Ош базарында» мыйзамсыз баш аламан соода кылгандардан акча чогултуунун коррупциялык схемасы аныкталган. Алардын ар биринен жумасына 1000 сомдон чогултуп турушкан.
Жакында милиция кызматкерлери тарабынан 25 миң сом пара алып жаткан жеринен Ленин райондук администрациясынын М.Н. жана И.М. аттуу башкы адистери кармалышкан. ИИМдин маалыматы боюнча, аталган жарандар сатуучуларды коркутуп, ар бир соода орундан акча талап кылып келишкен. Кармалгандар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Бул факт боюнча «пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg