Айыл жергесинде эң көп катталган кылмыштардын бири – мал уурулук. Баарынан да мал негизги киреше булагы, жашоо каражаты болгон жарандар кылмышкерлердин курмандыгы болгону өкүндүрөт. Бул ирет кылмышкерлер Ысык-Ата районундагы Кызыл-Арык айылынын 42 жаштагы тургунунун короодо байланып турган уюн уурдап кетишкен.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын 30-сентябрда тараткан билдирүүсүнө ылайык, жабырлануучу милицияга арыз жазган. Бул кылмышка шектелип 30 жаштагы К.У. жана 31 жаштагы К.К. аттуу Чүй облусунун тургундары колго түшүрүлгөн. Алардын үстүнөн Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан «мал уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg