Гүлмира Рысбаева:«АБДУМАЛИК АТАМ ЫРДАГАНДА ЫЙЛАП ЖИБЕРДИМ»
Cекелек кезинен ырдап чыгып, элдин көз алдында өскөн, Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун тарбиясын көргөн ырчы кыз Гүлмира Рысбаева аз убакыт мурун турмуш сапарына аттанган эле. Эми минтип 26-сентябрь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы кыздын үлпөт тоюна күбө болуп кайттык. Сахнадан тапкан атасы Абдумалик Шерматов ырдап-бийлей берип аз жерден жеке концертин берип сала жаздады.
– Гүлмира, кандайсың? Ак көйнөк кийип жар болуу ар бир кыздын кыялы эмеспи, сенин тоюң кыялыңдагыдай өттүбү? – Жакшы. Ооба, кыялымдагыдай өттү. Тойдун башынан аягына чейин кайын журтум менен өзүм баш болуп чуркап жүрдүм. Эки жактын тең биринчи тою болгондуктан, албетте, толкундандык. Жолдошум Камил аябай сарсанаа болуп жүргөн, бирок тойдо көрдүңөр го, андан шайыр адам болгон жок, кайнатам айтмакчы, тиши эле көрүнүп жүрдү (күлүп).
– Коноктордун арасында Абдумалик Шерматов да жүрөт. Негедир устатың Динара Акулованы көргөн жокпуз... – Абдумалик атам өзү чалып «Эмнеге мени тоюңа чакырбайсың?» деп таарынып, Оштогу тойлорун жылдырып келиптир. «Балалык» деген ырды сюрприз кылып ырдаганда токтоно албай ыйлап жибердим, ыйлабайын деп канчалык кармансам да болбоду. Мен эмес, курбу кызым болуп чыккан Бегимай (Бекбоева ред.) кошо көзүнө жаш алды. Өзүңөр билесиңер да, алгач ушул ырым менен элге таанылгам, мен үчүн күтүүсүз белек болду. Ал эми Динара эжеге «ката менден кетпесин, чакырып коёюн» деп бир эмес, үч жолу коңгуроо кылып чакырдым. Үчүнчү жолу чалганымда сүйлөп жатсам трубканы коюп салды. Эмне себептен мындай кылды өзүм да түшүнбөй калдым, бирок мага катуу тийди. Динара эже келбесе деле тоюм өттү. Чакырып коюш менин милдетим эле, чакырып койдум. Абдумалик атам ичинде кири жок адам экенин далилдеп, жубайы экөө келип куттуктап кетишти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
sobr_89kG
2013-10-08 01:02:42
Анжеликага окшоп байлыка кызыкпай...жигитин гульун табыпсын бактылуу болгула...
+1
Shekerbek
2013-10-08 09:07:47
Бактылуу болгула!
0
sale-81
2013-10-08 11:09:21
Тоюнун коркун Абдумалик байке колунан келишинче ачыптыр,,, жакшы болуптур,,Бактылуу болгула,, Бирок куйосунун ырайы абдан еле суук екен,,
-3
Beka_89_kg
2013-10-09 17:33:04
sale-81, жакшына эле куйоосу ,сулуусун чайга чылап ичмек беле бактылуу болсо болду ошол сулуулук
+4
jibeka09
2013-10-09 19:10:28
sale-81, Эркектин келбети майлмылдан кичине айырмаланып турса болду сулуу эркектер суюк келет Гулмира бактылуу бол!!!
+3
Xana
2013-10-08 15:04:25
Чын эле жакшынакай жигит экен .Анжеликага окшоп байлыкка карабай простой уй булого келин болуптур. молодец чыныгы суйуу деп ушуну айтса болот.ато коп жаш ырчы кыздарыбыз жалан курсактуу озунон бир топ жашка улуу кишилерге тийип жатышат.а Гулмира болсо жапжаш нукура кыргыз жигитине тийген тура
+7
AFRODITA-89
2013-10-08 23:50:48
Xana, туура айтасын айрыкча жашы отуп бараткан ырчылар чондор менен мамилелешип журот а бул кыз улуу болсода озуно жараша тендуусун тааптыр мына чыныгыгы жонокойлук. Башкасы болгондо эмдигиче бироонун семьясын бузат беле же жигитин тартып алат беле байлыкка азгырылып.
Gulu-5kg, оа келет бир нерсенин башын чатыштырып Абдумалик байкени канча ылайга буладыле аферист, катырпоз деп ушундайда адам баласынын жузу корунот , Абдумалик байке азамат экен колунан келишинче аракет кылыптыр Гульмира учун , ылайым барган жеринен бакыт таап бактылуу, таалайлуу келин болсун!
+3
miniusha
2013-10-09 15:41:12
ой боорум,бирине бакыт каалап,бирин шыбап,эх нукура бала экоо бактылуу болсун, Динара аман болсун демекчимин))))) бирок Абдумалик эркектик кылыптыр,азамат!
+6
ova
2013-10-09 22:47:11
Абдумалик Шерматов кучту актер артист болуш керек эле да, Москва шаарында бутуп келген, бирок бактысы келишпей коб кыйналды окшойт, кааларым оз кызындай остургон просто Гулмира Камил бирге эки дуйно бактылуу болсун, а Динара эже Маликаны, Абдумалиова эле фамилия берсе болмок, Кыргызда атасы жаман болсо да, фамилия озгортулбош керек деген тек гана жеке менин оюм.
+4
eldish12
2013-10-10 00:21:08
Бактылуу болушсун эн негизгиси Абдумалик Шерматов аганын мунозу жакты азамат экен озу келип
+2
eliza89
2013-10-10 00:26:21
Абдумалик Шерматов тойдо аябай ачылыптыр го.
0
Rostov-on-Don
2013-10-11 23:36:04
Куш боонор бек болсун!Куйоосунун жузу жарык,жузунон нур тогулуп турат экен.Бактылуу болгула экоо бирин-бири суйоору,бирин-бири сыйлашары анык билинип турат.А Абдумалик Шерматов болсо симпатичный болуп калыптыр.
0
damir.1984
2013-10-13 23:56:21
Ардайым бактылуу балалуу таалайлуу болгула
0
Almaz.
2013-10-14 01:21:28
куш боонор бек болсун
0
sadykov88
2013-11-22 05:48:02
Бактылуу болгула кармашкан колунар узулбой,турмуштун ачуу таттуусун чогуу тарткыла.Анжеликага токтолсок ал да бактылуу болсун адамдын конулундо эмне бар экенин билбей туруп ар нерсени суйлой бербегиле,ажарлуу келин болупсун ушунунан жазба.
0
jaina13
2013-11-28 16:58:18
Динара эженин анткен себеби таарынычында болсо керек.Анткени берген интервьюларында деле айтып жүрчү эмес беле кайрылбай кетти деп эле.Бирок адам кечиримдүү болуш керек да...
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.