Кыргыз шоу-бизнесинде Каныкей Акын аттуу өзгөчө ысым пайда болду. Бул атты укканда көз алдыңа чебер сөздүү акын элестейт. Ысымына гана эмес, чыгармачылыгына да кызыгып ырчы кызга суроо узата баштадым.
КАНЫКЕЙ ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 12-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 164 см
Салмагы – 47 кг
Хоббиси – Философиялык китептерди окуу
Учурда – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 2-курсунун студенти
Репертуарындагы ырлары – «Кайдасың?», «Убакыт»
– Саламатсыңбы? Алгач сенин өзгөчө ысымың тууралуу сурайын дегем. Каныкей Акын бул лакап атпы?
– Саламатчылык. Мага дээрлик бардык адамдар ушул суроону беришет. «Акынсыңбы? Ыр жазасыңбы?» деп. Бирок андай эмес, ыр жазбайм. Болгону атам Фарук Акындын улуту түрк, ошондуктан Каныкей Акынмын. Апам болсо кыргыз кызы, аты Жаңыл. Сүйүү деген улуу сезим деп коюшат го. Жараткандын менин ата-энеме тартуулаган арзуусунан улам эки улуттун өкүлдөрү чогуу түтүн булатып калышкан. Жыйынтыгында үч кыздуу болушту, мен, сиңдим Ясемин жана эжем Айчүрөк.
– Балалыгың да эки өлкөдө өтсө керек?
– Бала чагым Орусияда өттү. Атам кесиби боюнча архитектор, ошондуктан ага кайсы жерден сунуш түшсө, ошол жакка көчүп жашачубуз. Орусиянын далай жерлерин кыдырып, жаңы гана көнө баштаган досторумдан алыстап, үйдөн дайыма эле көчүп кете берип тажагам. Акырында атамды Сауд Арабияга жумушка чакырышты. Үй-бүлөбүз менен ал жакка барсак кыйналчудайбыз. Себеби эркиндикке көнүп калганбыз да. Хиджаб кийүүгө, үйдөн чыкпай отурууга көнүш кыйынга турмак. Кааласак Түркияга кетип калсак болмок, бирок жүрөгүбүз баары бир Кыргызстан дегенде башкача согот. Ошондуктан мекенибизде эле калууну чечтик. Атам болсо барып-келип иштеп жүрөт. Апам Бишкекте жеке ишкердик менен алектенет.
– Көпчүлүк атасынын туулуп-өскөн жерин мекеним дейт эмеспи. Силер тескерисинче экенсиңер?..
– Ооба, бирок мен таза кыргыз эмес экенимди кээде өзүм да унутуп калам. Бирөө жарым сурамайынча эч качан атамдын түрк экенин айтпайм. Кыргызча суудай сүйлөйм. Атам үйгө келгенде гана мен түркчө да сүйлөй алат элем го деп эстеп калам. Мекеним Түркия же Кыргызстан деп бөлгүм келбейт. Эки жакта тең өзүмдү эркин сезем, ыңгайсыздык жаралбайт. Болгону таенемди жанымдан артык көрөм. Ал кишинин жанынан алыстасам жашоом болбой калчудай туюла берет.
– Ата-энеңдин сенин чыгармачылыгыңа болгон көз карашы кандай?
– Экөө тең колдоп турушат. Кайсы шаарга көчүп барбайлы, апам дароо мага музыкалык мектеп издей баштачу. Мени жайгаштырган соң гана башка жумуш менен алектенет.
– Сахнага келгениңе 3 жылга жакындады. Чыгармачылыгыңда ким жардам берип жүрөт?
– Продюсерим Жыргал Шакиров менен 3 жыл мурун Кыргызстанга көчүп келгенде, Кундуз Таштаналиева аттуу ырчы эжекем аркылуу таанышкам. Продюсерим экөөбүздүн ортобузда келишимден сырткары сый-урмат, түшүнүү деген бар.
– Эмне үчүн концерттерге, кечелерге көп катышпайсың?
– Сахнага атырылып чыкпай жатканымдын себеби азырынча жашмын, жарк этип чыгып, кайра жалп өчүп калгым келбейт. Азыр музыкалык окуу жайда билим алып жатам, кошумча Жамиля Муратовадан вокал боюнча сабак алам. Кыргыз сахнасы мен үчүн чек эмес. Ошондуктан ааламга аты чыкчу Каныкей даяр болгондо мыкты чыгармаларды аткара баштайм. Буюрса, дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы болууну самап гана эмес, пландап да жүргөн кезим.
– Hadise аттуу түрк ырчысынын «Dum tek tek» деген ырын ырдап жүрөсүң, дагы кайсы тилдерде ырдап гана эмес, сүйлөй да аласың?
– Ооба, Hadise'нин ырларын кичинемен көп ырдайт элем. Сахнага мага эң жаккан ырын аткарып чыктым. Жалпысынан кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде сүйлөй алам. Айтып коюшат эмеспи «Тил билсең, дил билесиң» деп, азырынча 4 гана тил билем, келечекте алардын санын арбытам.
– Кел, маектин нугун жеке жашооңо буралы. Метис кызга ашык болгондор көппү?
– Азыр менин жашоомдун баары музыка, сүйүү-күйүү дегенге убакыт бөлүнбөгөн. Бирок сөз айткандар жетиштүү эле. Учурунда Талгат аттуу жигит менен бир жарым жыл мамиле кургам. Ал менин эски таанышым эле. Аны жактырам деп ойлогом, көрсө, бул көнүп калуу, сыйлоо экен. Талгат менен сүйлөшүп жүрүп өткөөл курактын кыйынчылыктарын да сезбедим. Ушул алган сабагым мага келечекте кандай адам керек экенин түшүнүүгө түрткү болду. Азырынча жигит жандоого шартым жок. Бирок жашоомдун маңызы боло турган инсанды бир көргөндө менин түгөйүм болчу адам экенин түшүнөм деп ойлойм. Ошондо ойлонбой чечим кабыл алам.
– Деги сенин жүрөгүңдү кандай мырза жибите алат?
– Эжем экөөбүз отуруп сырдашып калганыбызда ал дайыма «жан дүйнөсү менен ишим жок, сулуу эмес болсо баары бир тыйын» дей берчү. Менде баары тескерисинче, мырзалар татыктуу тарбиясы, сылык мүнөзү менен оңой эле арбап алса болот. Көпчүлүк кыздардын арзуусуна айланган спорттук дене түзүлүштөгү балдар менин табитимде эмес. Өзүмдү деле супермин деп айталбайм, бирок жан дүйнөм сулуу. Кыскасы, менин мырзамдын ички дүйнөсү Орусиядай чоң жана Кыргызстандын жаратылышындай кооз болушу зарыл. Кошумча мага ашык болгон жигиттердин жок дегенде төрт жылга алдына коюлган максаттары болушу керек. Эркек адамдын кокустан иш кылганын жактырбайм.
– Тилектериң орундалсын!
– Рахмат!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg