КОЙ (21.03-20.04)
Жашооңузду өзгөртүүчү идеяларды ишке ашырууга киришесиз. Бирок үй-бүлөлүк маселеге сарпталып, капчыгыңыздын күтүүсүз жукарышы ишиңизди солгундатат. Ортодон бат эле байып кетүүгө сунуштар, чакырыктар болот. Бирок андай азгырыктардан сак болуңуз. Убара тартпайын десеңиз, пландалган сапарды кийинкиге калтырыңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Пайда табуу үчүн душманыңыз катары көргөн адамдар менен бирге иштешүүгө туура келет. Андыктан тил табышууга аргасыз болосуз. Кимдир бирөөгө убада берүүдөн оолак болуп, өз ишиңиз менен гана алек болуңуз. Аптанын экинчи жарымында эски тааныштардын бири менен күтүүсүз жолугушуу орун алат. Апта соңунда белек алып кубанасыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзүңүздүн оюңузду талаша берсеңиз, ишиңизде кыйынчылыктарга тушугасыз. Андыктан башкалардын кеңешине кулак салганыңыз оң. Кыймылсыз мүлк алууну көздөп жүргөндөрдүн ушул аптада тилеги орундалышы күтүлүүдө. Апта соңунда жеке жашооңузга тиешелүү маселе боюнча чечим кабыл алууга туура келет. Андыктан чечкиндүү болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бир топ маселелер чыгат. Жетекчилик, туугандар же тааныштар менен пикир келишпестик жаралып, айрымдар соттошууга чейин барышы күтүлөт. Пландалган иштер болсо, аны ишке ашырууга шашылбай туруңуз. Аптада буюмуңузду жоготуп жиберүүңүз мүмкүн. Дем алыш күндөрү чыгармачыл чөйрөдөгүлөргө ийгилик жылмаят.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз үчүн жагымдуу күндөрдүн парады болот. Ишиңизде, окууңузда же дагы башка чөйрөдө болобу, көңүл кубантарлык жыйынтыктарга жетишесиз. Каржылык абалыңыз да чыңдалат. Бир гана эскертүү, ушактарга ишенип жакын адамыңыз менен мамилени бузуп алуудан этияттаңыз. Ал эми сезимдерге келсек, сизди жактырып жүргөн адам сезимин ачыктайт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Түзүлгөн планды ишке ашырууга убакыт жетти. Чечкиндүү жана жигердүү кадам таштаңыз. Жумуш ордун алмаштырууну каалагандардын ою оңунан чыгат. Апта ортолоп калганда жагымдуу жаңылык угасыз. Жума күнү убакытты көңүл ачууга кетирсеңиз, маанилүү нерседен куру каласыз. Дем алышта чалкалап жатпай, үй иштери менен алектениңиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы жарымында жумшаган эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз. Ал эми аптанын кийинки бөлүгү берген убаданы аткарып, карызы барлар доочу келе электе кутулганы туура. Ишембиде үй иштеринен чарчайсыз. Жекшембиде жакындар менен бирге көңүл ачуучу жайларга баш багып, болушунча чардайсыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Түйшүккө салып келген маселе ушул аптада чечилип, жаныңыз жай алат. Аны менен катар капчыгыңыз кампаят. Бирок керектөөңүзгө бир нерсе алып жатканда эсепке так болбосоңуз, чыгымга кириптер болуп каласыз. Аптанын соңку күндөрү жаңы таанышуулар күтүлүп, бойдоктор кыялындагы адамын кезиктирет.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын алгачкы күндөрү чечүүчү иште бүжүрөбөй, өз оюңузду так билдириңиз. Ошондо гана пайдалуу чечимге жетишесиз. Үй-бүлөдө же жумушта пикир келишпестиктер жаралат. Чырдын ырбашына жол бербеңиз. Баш кошо элек түгөйлөрдүн кээ бирлеринин мамилесине ортодогу түшүнбөстүк чекит коёт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жашоо образын өзгөртүүгө аракет жасаңыз. Башкалардын ишине кийлигишүүдөн качыңыз. Шейшембиде оттон жана электр тогунан этият болуңуз. Ден соолугуңузга залалын тийгизүү коркунучу жогору. Апта ортосунда пайдалуу сунуш түшөт. Колдон чыгарбаңыз. Эс алуу күндөрү жагымдуу жолугушуу орун алат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сиз жасабаган ишке сизди күнөөлөгөндөр чыгат. Каралагандардын сөзүнө сынбай, ак экениңизди далилдөөгө күч жумшаңыз. Каржы маселесине байланышкан келишимдерге кол коюуда шашылбай тактап чыгыңыз. Антпесе моюнуңузга карыз илинип калышы мүмкүн. Дем алышта конокко чакыруулар түшөт.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Көздөгөн ишти соңуна чыгарууда башкалардын кебине кулак салбай, билгениңиздей багыт менен кете бериңиз. Иш күндөрүндө көңүл ачууга түшкөн чакыруулардан баш тартыңыз. Ишиңизге тоскоолдук кылат. Өзүнө түгөй издеп жүргөн бойдоктор жума күнү кыялындагы адамын кезиктирүүсү күтүлүүдө.