ООРУКАНАЛАРДЫ ОҢДООГО ОРУСИЯ АКЧА БӨЛДҮ

Ош облусундагы медициналык мекемелерди оңдоп-түзөө иштерине Орусия гранттык негизде 71 миллион сом бөлдү. Облустук бириккен клиникалык ооруканасы үчүн 16 миллион сом, балдар ооруканасы үчүн жана Онкологиялык борборуна 15 миллион сомдон, Психикалык ден соолукту чыңдоо борборуна, Наркологиялык диспансерге жана Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 5 миллион сомдон бөлүндү. Учурда Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда оңдоп-түзөө иштери жаңы башталды.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aiza11.3
2013-10-08 01:00:49
Эми ушул акчалар каяка барат экен
0
anara-anara
2013-10-08 13:26:51
Коротбой баарын оорууканаларга жумшаса сонун болмок. Баарыбызга эн керек оорууканалар эмесби чондорго ыйман ынсап берсин кудайым.
0
vangolu
2013-10-09 00:24:07
71млн берилсе.анын 36млн сарпталыптыр.ал эми калган акчадан кабар жокпу.супер-инфо сураныч билип бергилечи
0
Rostov-on-Don
2013-10-12 14:40:09
vangolu, Эсептесем 71млн дон 61млн берилиптир 10млн ошондо каякта турганы белгисиз болуп жатат?
0
altinim
2013-10-09 13:16:27
дары жетишпейт апарат жетишпейт деп эле ыйлашканы ыйлашкан мындай миллиондордун жыл сайын канчасы болунот белгисиз чонтокторго кетээри анык бирдике дешсе бла бла деп бир нерсе демиш болушат калпле
0
Nurstan
2013-10-10 16:36:48
karajatty emi ech kim kara kursagyna salyp alyshpai negizduu paidalanywsa eken
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан