Чет өлкөлөргө барып иштеп акча табууну көздөгөн мекендештерибиздин агымы жыл санап өсүүдө. Тилекке каршы, көздөгөн максатына жетпей, тескерисинче, кор болуп, иштеген эмгек акысын ала албай калган кыргыз жарандары арбын.
«БЫЧАК МЕНЕН КОРКУТУП ҮЙҮНӨН КУБАЛАП ЧЫКТЫ»
Карындашына жардам берүү максатында Казакстанга иш издеп барган 28 жаштагы УРМАТБЕК АДИЕВ өз тагдырын төмөнкүчө баяндады:
– Бир тууган карындашым Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык колледжде келишимдик негизде жылына 230 миң теңге төлөп окуйт. 2012-жылдын жай мезгилинде анын окуусуна, тамак-ашына, жашаган батирине жардам берүү максатында Алматы шаарына баргам. Шаардын Думан кичи районундагы Алтын-Емел көчөсүндө №40-үйдө жашаган Мурат аттуу кишинин үйүндө иштедим. Ал киши менен оозеки келишим түзгөнбүз. Анын үйүндө бир топ курулуш иштерин жасап, андан соң Кеген деген жерге барып 20 күн картошка каздым.
Ошентип, жалпы 3 айга чукул иштедим. Ошол эмгегиме сүйлөшүлгөн боюнча Мурат мага 200 миң теңге төлөп бермек. Жумуштары аягына чыгайын деп калганда ал мени сөгүп, кээде мончосуна камап алып сабачу болду. Бир күнү мас болуп келип «Силер Кененсарынын башын чапкансыңар!» (ред. Кененсары казак ханы болгон. 1847-жылы кыргыздарга болгон жортуулунда колго түшүп, өлтүрүлгөн) деп мени сабап, бычак менен коркутуп үйүнөн кубалап чыкты. Мурда рэкет болуп жүргөндүктөн, андан баары коркушат экен. Укук коргоо органдарына арыз жазсам, алар да коркуп арызымды албай коюшту.
«ЭКИНЧИ ИРЕТ КОР БОЛДУМ»
– Анан Кыргызстанга келип кышкысын бул жакта болдум да, 2013-жылдын жазында кайра Муратка барып карызымды дооладым. Ал «ана берем, мына берем» деп алдап жолго салды. Ал ортодо дагы бир жумуш чыгып калганынан иштей берейин деп чечтим. 3 өзбек жигитке кошулуп Алматы шаарынын Каскелең деген кичи районунда мурда полициянын аймактык инспектору болуп иштеген Дияс аттуу кишинин үйүндө 3 ай пайдубал куюп, кыйшык жерлерин түздөдүк. Ал жерден 250 миң теңге алмакмын. Акчамды алайын деп барсам Дияс «Мен сени менен сүйлөшкөн эмесмин, акчаны өзбектерге берип койдум» деди. Өзбектердин бригадири Турсун Кыргызстандын жараны, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында туулган. Турсунга барсам, аялы, намангандык Маргуба чыгып алып «Сен эмнеге бизден акча сурап жатасың? Акчаңды бербейбиз, силер, алайлыктар, Оштон канчалаган өзбектерди өлтүргөнсүңөр, силерди кошо өлтүрүш керек» деп кыйкырып, балдары менен жабылып мени челектеги сууга башымды тыгып тумчуктуруп, муунтуп, көк ала кылып тепкилеп салышты.
Бир тыйын ала албай, 2 жылдан бери суук жерде иштеп кургак учук, геморрой болуп ооруп калдым. Анан полицияга арыз жазсам, «карга карганын көзүн чукубайт» болуп Диястын тааныштары ишти жаап коюшту. Кайрадан Кыргызстанга келип милицияга арыз жазсам, «Казакстандагы ишти иликтей албайбыз, Тышкы иштер министрлигине кайрыл» дешти. Тышкы иштер министрлигине арыз жазсам, «эртең кел, бүрсүгүнү кел» деп 15 күн дегенде зорго кабыл алышты, бирок «тигиндей кылабыз, мындай кылабыз» деп эч нерсе айтышкан жок.
Өзүм Алайдан болом. Атам майып, апам аны карап үйдө. Азыр ден соолугумдан ажырап, дарыланганга акча жок, айла жок Беловодск айылындагы үйүмдү сатайын деп жатам. Ал эми Казакстанда иштеген акчаларымды кантип өндүрөрүмдү билбей ар кайсы эшикти каккылап жүрөм. Мага көңүл бурган эч ким жок.
«ДАЛИЛИ ЖОК, ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙБЫЗ»
Жогорудагы каарманыбыздын укугун кантип коргосо болот? Анын эмгек акысын кайтарып алууга мүмкүнбү? Ушул сыяктуу суроолорубузга Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси УЛУКБЕК БАКЕНОВ жооп берди:
– Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрүнүн ортосунда эмгек мигранттарынын социалдык укуктарын коргоо боюнча келишим бар. Тилекке каршы, көп эле биздин жарандар чет өлкөлөргө иштегени барганда эмгек келишимин түзбөй, оозеки эле сүйлөшүп иштешип, өздөрү мыйзам бузууга барышат. Эмгек келишими жок болгондон кийин жумуш берүүчү алгач 1-2 ай акчасын төлөмүш болуп алаксытат да, калган акчасын жумуш бүткөн соң бербей коёт. Анан албетте, алардын укугун коргоо биз үчүн оор, эч нерсе кыла албайбыз. Себеби биздин жарандар кайсы жерде канча убакыт иштегенин далилдей алышпайт да. Ушундай көрүнүштөр акыркы учурларда көп кездешип жаткандыктан, биз мигранттарга жардам болушу үчүн чет өлкөлөргө иштегени кетип жаткан мекендештерибизге кайсы өлкөгө баратса, 2 жума ошол өлкөнүн мыйзамы, маданияты, өздөрүнүн укуктары тууралуу маалымат берип, окутуп турууга аракет кылып жатабыз.
Жогорудагы каарманыбыздын эмгек келишими жок болгондугуна байланыштуу ал эмгек акысын алабы же жокпу, белгисиз. Аны биз айта албайбыз. Себеби бизде анын укугун жактаганга далилдер жок. Бирок ошентсе да анын арызын караганга аракет кылабыз. Ошондуктан чет өлкөгө иштегени кетип жаткан бардык жарандарга кайрыларым, эмгек келишимин түзүп, мыйзамдуу жол менен гана барыңыздар.
«Керкисинде да, кемигинде да бар» демекчи, мекендештерибиздин чет өлкөдө кор болуп жаткандыгына көбүнесе алардын укуктук жактан сабатсыздыгы себеп болуп калат. Карапайым калкка эшигин улам-улам каккылаткандан «рахат алган» тиешелүү кызматтагылардын да айыбы чоң. Ырас өлкөнү эмгек мигранттары багып жаткан соң мамлекеттик тиешелүү органдар чет өлкөгө иштөөгө бараткан калкты каттоонун, алардын укуктук сабатсыздыгын жоюунун, аларга укуктук жактан көмөк берүүнүн эффективдүү жолдорун табышы керек.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg