ТАЛАС РАЙОНУНДА КОШ МАЙРАМ

29-сентябрда Талас районундагы Көк-Токой айылынын 85 жылдык мааракеси жана залкар комузчу Шекербек Шеркуловдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Кош майрамга эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева, ошондой эле анын экинчи орун басары Рыскелди Ботиков катышты. Мындан тышкары улуу инсандын небере-чөбөрөлөрү, мамлекеттик, коомдук ишмерлер келишти. Майрамда куттуктоо сөздөр сүйлөнүп, белектер тапшырылып, ошондой эле уюштуруучу топтун өкүлдөрүнө өкүлчүлүктүн, айыл өкмөттүн атайын грамоталары ыйгарылды.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан