Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрынан 26-сентябрга караган түнү Талас шаарында каргашалуу окуя болгон. Тактап айтсак, аталган райондун Оторбаев көчөсүнөн чыгыштан батышты көздөй бара жаткан белгисиз автоунаа №193-үйдүн алдынан Талас районунун Сасык-Булак айылынын тургуну, 1996-жылы туулган өспүрүм баланы сүзүп, анан белгисиз тарапка качып кеткен. Натыйжада өспүрүм окуя болгон жерден каза болгон. «Комплекстик» рейдинин жүрүшүндө Талас ШИИБинин кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе Талас шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Мирлан Ашыралы уулун кармашкан. Кылмышка шектүү айдоочу учурда камакта.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg