«Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, маектешибиз Гүлзат Батырканова апасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипованын жолун жолдоп ырчылык өнөрдү аркалап келет. 20 жылдан ашуун чыгармачылыктын оор түйшүгүн аркалап, улуу муундун купулуна толуп келген Гүлзат Батырканова артисттердин арасында өткөн балалыгы, ырчылыкка болгон кызыгуусу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп салат.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Батырканова Гүлзат Эркинбековна
Туулган жери – Токтогул району, Кетмен-Төбө айылы
Туулган жылы, күнү – 1973-жыл, 7-июнь
Билими – Жогорку, КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн
Репертуарындагы ырлары – «Карай берем», «Өмүр жазым», «Жүрөлүчү эскерип», «Айта көрбө» жана башка
– Cаламатсызбы, Гүлзат эже, сизди көпчүлүк Шахра Талипованын кызы катары таанышат. Ырчылык өнөр жолуна түшкөнүңүзгө апаңыздын салымы зор болсо керек?
– Албетте, апамдын таасири зор, бала кезимден эле артисттердин арасында чоңойдум. Үйдөн ырчы-чоорчулар үзүлчү эмес, алар бири-бири менен «ий, могу ырчы сонун кийинип, боёнуп алыптыр» деп сүйлөшкөндөрүн тыңшап, кийин ошолор мактаган ырчыга окшошкум келе берчү. Алар суктанган ырчынын ырдаганын, жүрүм-турумун туурап өзүмчө эле, баламын да, мени да мактасын деп окшошкум келчү окшойт. Кээде апамды туурап боёнуп, ошол бойдон унутуп мектепке кетип калчу экенмин (күлүп).
Кичине кезимден апам мени ар кайсы чыгармачылык ийримдерге сүйрөп жүрүп чоңойтту. Ал эмгектин акыбети кайтып, мына азыркыга чейин эне-бала болуп сахнада ырдап жүрөбүз. Кээде ырларды атайын экөөбүзгө ылайыктап жаздырып, аткарып калабыз.
– Кыялдарыңыз качан ишке ашып, элдин алдына чыгып ырдап баштадыңыз?
– 3-класста окуп жүргөндө Токтогулга Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшов концерт коюп келишкен. Ошондо Каныкей эженин балдарга арналган «Баатыр жөжө» деген ырын аткарып алгачкы жолу сахнага чыктым. Ушундан тарта ырчылык кесипке болгон каалоом күчөп кетти. 7-8-класска келгенде «Жаш кыял» эстрада ансамбли ачылып, ага кирдим. Ансамблде Гүлнур Сатылганова, раматылык Эрик Кадырбаев, Роза Амановалар менен чогуу ырдачубуз. Ал жакта билет сатып, айылдарды кыдырып концерт коюп, кадимки чоң адамдардай эле иштеп калдык. Ойлоп көрсөм, ошондо эле балалык баёо сезим, кыялдар мени чыгармачылыкка тартып алган экен. Мен окуган мектеп менен Маданият үйүнүн аралыгы 200 метрдей болчу. Сабакта отурсам да окууга көңүл бөлбөй, терезеден Маданият үйүн тиктеп кыялданып "качан сабак бүтүп, репетицияга барат экенмин" деп отурчумун. Ошентсе да бала кезде ырчылыкка өмүрүмдү арнап жиберем деген кыялдар жок болчу. Чоңойгондо сот болом дечүмүн. Бирок биздин райондун бир сотун бирөөлөр сабап кетишкен, ошол окуя мага катуу тийдиби, айтор, сот болуу оюмдан кайттым. Апам айтып калат «Сенин кулк-мүнөзүң, калп сүйлөгөндөрдү кармаганың, бетке айтканың даана соттордун мүнөзүнө төп келет. Сотко барсаң деле жаңылбайт болчусуң» деп.
– Тайманбас мүнөзгө ээ болсоңуз, анда кичинеңизде тарбия катуу болсо керек?
– Ооба, тарбия катуу болчу. Апам тазалыкты сүйгөн киши, кээде гастролдон күтүүсүз келип калганда үй чачылып, кир жуулбай жатканын көрсө зиркилдеп, урушуп калар эле. Кыздардын улуусу болгонгобу, үйдүн түйшүгү көбүнчө менин моюнумда болчу. Азыр бирөөнүн үйүнө барып, чачык экенин көрүп калсам кеткенче шашам.
Апамдын бир жакшы жагы бар, абдан бала кыял. Кичинекей балдар менен хоккей ойноп, коньки тээп, күндө мени «жүр, Гүкү, ден соолукту чыңдап келебиз, кызым» деп таң атпай тургузуп, чуркаттырчу. Стадионду 4-5 жолу айланып чуркап, көнүгүү жасап, анан келчүбүз. Бир күнү мен таенемдин маасысын, апамдын узун халатын кийип үйдө отурсам бир таанышыбыз келиптир. Эшикти ачсам «Шахра?» деп чочуп кетип, анан «Шахра кана?» деп сурап жатпайбы, «апам эшикте ойноп жүрөт» десем, «Кудай урган го, кызы кемпирдей болуп үйдө отурса, апасы эшикте ойноп жүргөнү эмнеси?» деп таң калган (күлүп).
– Апаңыз учурда Жалал-Абадда жалгыз жашайт экен...
– Сиңдим Кыял менен турчу, ал турмушка чыгып, жолдошу менен Бишкекке келе беришти. Эми апамды Бишкекке алып келе албай убарабыз. Жашоонун өзүнүн бир көнүмүш жолу болот эмеспи, «келиңиз» десек, «Мен бул жакка көнүп калдым, Бишкекке барсам бул көнүмүш жолдон чыгышым кыйын болот» деп келбей жүрөт.
– Атаңыз жөнүндө да айта кетсеңиз?
– Атам музыкант, көп таланттуу окуучуларды тарбиялап өстүргөн. Аны менен чогуу жашабадык. Өтө жакын болбосок да көргөн жерден учурашып, ал-абалыбызды сурап, кеп-кеңешин айтып турат.
– Кепти чыгармачылыгыңызга бурсак. Акыркы учурларда сизди телеалпаруучу катары да көрүп калдык...
– Ооба, учурда ырчылыкка караганда алпаруучулукка көбүрөөк басым жасап калдым окшойт. Коомдук каналдагы «Сармерден» берүүсүн алпарам, мындан тышкары өзүм иштеген филармонияда иш-чаралардын көбүнө алпаруучулук кылам. Кесибиң журналист болгондон кийин сөзсүз эл менен тыгыз байланышта болуш керек.
– Өзүңүздүн үй-бүлө курганыңызга канча жыл болду?
– Жолдошум аскер адамы, турмуш курганыбызга 18 жыл болду. Бир кыз, бир уулубуз бар. Уулум Данияр 13тө, кызым Айдана 15 жашка чыгып, «мен да ырчы болсомбу» деп кыйытып айтып жүрөт. Билбейм, көрөбүз го, «азырынча коё тур» деп жатам. Негизи, аскер адамы менен артисттердин жашоосу бирдей эле. Алар да мекен деп эки жакка командировкаларга көп чыгышат, биз да гастролдон колубуз бошобойт дегендей. «Бүгүн даяр бол, азыр келип кал» десе деле ырдаганы чыгып кетебиз, аскерлер деле ошондой да. Алардын куралы автомат болсо, биздики комуз, аккордеон.
– Кээде үй-бүлөдө казан-аяк кагышканда куралдарыңыздарды колдоносуздарбы?
– Ха-ха, жок, курал колдоно элекпиз, биз сөз менен эле койгулашып кетебиз, кичине. Анткени экөөбүз тең сөзгө чеченбиз.
– Жолдошуңузга кайсы сапатыңыз окшош?
– Экөөбүз тең романтикпиз, шаардын ызы-чуусунан тажаганда жаратылыш коюнунда эс алып жатканды жакшы көрөбүз.
– Айтып калбадыңызбы «апам бизди катуу тарбиялады» деп, өзүңүз балдарыңызга талапты кандай коёсуз?
– Мен жумшакмын, балдарымды өтө катуу тарбиялаган жокмун. Кээде суранбай бир жакка кетип же сабагын окубай койсо үнүмдү өктөм чыгарып урушуп коюшум мүмкүн, андан катуу кете элекмин.
– Үйдө ким көбүрөөк компромисске барат, сизби же жолдошуңузбу?
– Эми мен артист болгондуктанбы, эркемин, эркелеп кетмейим бар. Компромисске көбүнчө күйөөм барат. Сүйлөбөй, бултуңдап таарынып калсам, тамашага салып эле таарынычымды жазып коёт. Кээде тааныштарын ашыкча тамашага салып алса, айрымдар түшүнбөй капа болуп калышат. Өзү жолдошум тамашакөй адам.
Лунара Бекиева
star@super.kg