БАКИЕВДИК БИЙЛИК КАНДАЙЧА КУЛАГАНЫН ӨКМӨТ УНУТА БАШТАДЫБЫ?

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев энергетика тармагында дале ширшовдук схема, тактап айтканда, ири коррупциялык аракеттер иштеп жатканын айтып келет. Коррупцияга каршы күрөшүү тапшырмасын тиешелүү органдардын, өкмөттүн алдына койгон. Ошого карабай энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бул аптада: «Электр энергиясынын тарифтик баасы азыркыдай 70 тыйын эмес, 1 сом 20 тыйын болсо жакшы болмок. Ошондо гана бардык маселелерди чече алмакпыз. Азыр бааны кандай жолдор менен көтөрүүнү ойлонуп жатабыз. Жогорку Кеңеш макулдугун берсе, Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги менен макулдашып, бааларды көтөрөбүз. Ушу тапта бул тармакка 16,5 миллиард сомдон ашуун каражат жетпейт жана муну жабууга бюджеттен акча артпайт. Эгер тарифтерди бүгүн көтөрбөсөк, эртең энергетикалык систем кыйрап, эл кыштын күнү тоңуп калса эмне болот?»- деп суроо салды.
Осмонбек Артыкбаев бул кызматка ушундай маселени чечүү үчүн жөнөтүлгөн эмеспи? Көмүскөгө кетип жаткан каражатты кайтаруу, канча жылдап жүз миңдеген сомдорду төлөбөй жүргөн чоңдорду таап чыгуу, төлөтүү, электр энергиясын таратып сатуу боюнча энерготөбөлдөрдүн туугандарынын, жакындарынын жеке ишканаларында болуп жаткан коррупциялык иштерди токтотуу. Министр мырза ушул иштердин өтөсүнө чыкса, 16,5 миллиард сом эмес, энергетика тармагында мындан да көп киреше табылмак. Өкмөт ар дайымкысындай оңоюна качырып, жакыр элдин эсебинен дагы акча чогултуп, кайра эле ошол сол чөнтөктөрдү байытууну көздөп жатат.
Сыягы, азыркы өкмөттөгүлөр Алмазбек Атамбаевдин жана да бир топ саясатчы, коомдук ишмерлердин энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу айткандарын буга чейин угуп көрүшпөгөн окшойт. Балким, 2010-жылы 7-апрелде элдин эмне үчүн "Ала-Тоо" аянтына көтөрүлүп чыгып, эмнеликтен 87 адамдын өмүрү кыйылганын, андан берки үч жыл аралыгында Апрель окуясында алган жаракаттарынын айынан дагы 18 адам көз жумганын билишпейт көрүнөт.
Кезинде бакиевдик бийлик энергетикалык тармакты сактап калуунун жалгыз чарасы ушул деп тарифтерди көтөрүп, элди ишендирүүгө аракет жасаган. Жакыр элдин жон терисин сыйрып, бир ууч чиновниктер дагы байлык топтоону көздөшкөн эле. Анын жыйынтыгы кандай болгону баарыбызга белгилүү. Эл көтөрүлүп, ал бийликти кубалап салган. 87жаран бакиевдик бийликтин мындай адилетсиздиктери үчүн көз жумуп кете берген.
Эгемендүү Кыргызстанга коррупция деген түшүнүк тааныш боло баштагандан бери дал ушул энергетика тармагынын аты аталып келет, коррупцияга белчесинен баткан, чоңдор болуп көрбөгөндөй байлык жасаган тармак катары. Алсак, мурунку бийлик тушунда Энергетика министрлигин 2 жыл (2007-2009-жылдары) жетектеген Сапарбек Балкыбеков Апрель революциясынан соң качып кетип, көп узабай эле Ирландиядан арал сатып алганы белгилүү. Кыргызстандагы министрдин айлыгына абдан сарамжалдуу жашасаң 2-3 жылда квартира сатып алышың мүмкүн. Европадан арал сатып алуу түшкө да кирбес окуя.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
Эмне учун Казакстанга сатылып жаткан электрэнергиясынын баасын кобойтушпойт, ал эми Озбекстанга кетип жаткан Э.энергиянын баасын жогорулатышпайт, дагы кайра эле карапайым элдин кыжырына тийишет, жок дегенде 75 тыйын дешпейт, ошончо болуптур жок дегенде 77 тыйын дешпейт, ошол 5-7 тыйындан деле жесенер силерге жетет, сразу беш бармагынарды оозго саласынар урматтуу чиновниктер, шашпай жесенер аш болсо керек, дагы 50 тыйындан жей калайлы деп жатып, бокуп калбаныздар...
Aruuzat_19, Туура айтасын Aruuzat_19. азыркы иштеп жаткан чиновниктер коркок. Ошон учун айтканда ( Уйдо баатыр,жоодо жок деп ) Колдорунан бир корунуктуу иш келбейт.Майда чуйдо нерселерди жасап алып 1 жыл мактанышат.Оз элинин жарыкчылыгын ойлобогон ЧИНОВНИКТЕРДИН кимге кереги бар. Кыргыз элинин урпагымын деп айтканга да мумкун эмес аларга.Кыргыз эли светсиз эле жашап келген.Болгону чогулган акчанын эсеби кайда кетип жатат... Бет керек,чиновниктер...
Товар бизде болгондон кийин каалагандай бааны койсо болот коншулаш олколорго, жок деген 2 кун бербей койгула жарыктыкты, озунордун ким экенинерди корсото аласынар урматтуу чиновниктер, ошондо макул болушат, энергияны которулгон баада сатып алууга, алардан Кудайдан корккондой коркосунар, алар келип итак эле ар биринердин капчыгынарды эл.счетунарды толуктап турушат эмеспи, анан кантип аларга жогору баада сатала аласынар, андан коро дагы эле карапайым элдин чонтогун антарып коргон онго ээээ.....
enn07,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга, провокацияга жол берилбейт!
5 күн банга!
Министр озу толоруун кудай билет ,карапайым эл аран жашап жатат керек болсо.
Мага окшоп Лучше ууру ток киргизип алгыла уйунорго.Калганы П
Менин уйумдо ууру ток бар ;)
даа форумдагы досторго кошулам буларды бир кун АША паша баары биригип сессияда отурганда ак уй кок уйу мн жардырыпле кутулбасак , ажо алмашкан мн калган чымындар омур бою элдин мойнуна отуруп алышып канын соруп бутмой болуштуго
минтип рассияда аран иштеп журсон биздин чондор жанынды чыгарат,жеп тойбогон ман куртар.
Биз жаштар пока чет жерде иштеп журсок .булардын козу жакын ортодо ачылбайткоо
Курманбек ака кетип,Алмазбек байке келди.
деги бирдемке озгордубу байкаган бироо жарым барбы???????
Seitbek.93 Эч ким ун катпайгоо озгоруш жок окшойт
Seitbek.93, озгорду, кымбаттады баары, эн чон озгоруш ушул болду!андан башка не озгорду. Ош Жалал Абада уйлор куйуп ктти Мына озгоргону ушул ба.
уялбайсынарбы митинге чыгыш керек дегенден, деги дикарлар болу буттук го. митинг-кырылп-чогулуп, дуйного шылдын болуп буттук го. жон эле ар бир адам жакшы иштеп, коп иштесе табат акчаны жа пайданы да. башкаларды жамандай бербей озунорду карап алгылачы.
Эй туугандар биз корупциядан чыгалбайбыз электриктердин 80% центи ошол эле чондордун чиновниктердин он миндеген карызын очуруп же азайтып атпайбы ошол чиновниктерди элек триктерди камаш керек себеби алар корупция менее дос эмес бир тууган болуп алышты маймылдар силерди кудай кечирбейт элдин ырыскысын жеп тойбой дагы которобуз дейсинер арам акча тешип чыгат, чыкпаса наркы дуйнодо отко куйосунор
Элдин кыжырына дагы тийгиле !!.Туура кыласынар !!!еСветти которгуло андан кийин телефон байланышын кобойткуло ! Андан сон Бакиевге окшоп качып жоногуло !
Атамбаев Бакиевтей кенен жей албай жатат себеби себеби кичине болсо да парламент,бир жагынан Текебаев деген жолтоо болуп жатпайбы.Ошондуктан тарифти шылтоолоп жатышат да.
жоок,достор биз жанылышып жатат окшойбуз! Булар элдин кыжырына атайы тийип жатышат,оздорун кууп ийсе экен деп.Анткен алар достаточно байлык жыйып алышты окшойт.Биз кууй турган болсок,Мальдивадан,Дубайдан ж.б кооз жерлерден сатып алып,жыргашкан турат!