КЫТАЙ БЕРГЕН КАРЫЗДЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНЫШ КЕРЕК

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен Энергетика жана өнөр жай министрлигинин аты аралашкан дагы бир окуя катуу талкуу жаратууда. Алсак, Бишкек жылуулук станциясы реконструкциялоого муктаж болуп, буга чейин инвестор табылбай келген. Бул жагынан Кыргызстанга Кытай жардам бермекчи болуп, 20 жылдык мөөнөткө 2 пайыздык жылдык үстөгү менен 390 миллион доллар карыз бермей болду. Бирок реконструкциялоо иштери эч кандай тендерсиз, сынаксыз эле кытайлык ТВЕА ишканасына берилгени белгилүү болду. Эмне үчүн тендерсиз? Балким, башка компания бул ишти бир топ сапаттуу жана арзан ишке ашырмак? Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн мындай суроого Жантөрө Сатыбалдиев Кытай элчилиги реконструкциялоо ишин аталган компанияга берүү нотасын Тышкы иштер министрлигине 10-июнда жана 6-сентябрда эки ирет жөнөткөнүн жана бул иш Энергетика жана өнөр жай министрлигинин компетенциясындагы иш экенин айтып тим болду.
Кредит берген кытайлык банктын талабы боюнча Кыргызстан кытайлык гана компаниялар менен иштеши керек экен. Талкууларды күчөткөн дагы бир жагдай бар. Кытайлык ТВЕА компаниясын Пакистанда тендерге катышуу укугунан ажыратышкандыгы айтылууда. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Акелеевдин айтымында, багыты боюнча ТВЕА иш жүргүзгөн  тармак башка. Аталган ишкана жогорку өткөргүчтөгү көмөк чордондорду куруу боюнча иштеп келет. "ТВЕА күтүүсүз эле 20 миллион долларга арзан бүтүрүп беребиз деп жаткандыгы да күмөн жаратпай койбойт",- дейт Акелеев. Анын айтымында, Кытайдан алган кредиттердин эсебинен Кыргызстандын карызы эки эсе өсүп, 6 миллиардга чукулдап калды.
Өткөн каталардан сөзсүз сабак алышыбыз керек. Акаевдик бийликтин учурунда "Камеко" компаниясына "Кумтөр" кенин иштетүү укугу да тендерсиз берилген. Өлкө жетекчилигинин мындай чечиминин зыянын Кыргызстан азыр да тартып келе жатат. Карыз болсо жалпы кыргызстандыктардын мойнунда калары анык.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
sydykova.janna1989
2013-10-07 13:36:59
Оозунарга соска салып койуп Берген акчасын кайра эки эсе карыз кылып анан Бир жерди ошол карыздын эсебине алат да силер карыз алганынарга суйунуп буламыка тойгон кучуктой кымындап журо бергиле корунгондун чонтогун карап тилинер кысык болуп уят э
+2
PROS
2013-10-07 17:22:26
Бул бийлик Акаевдик режимден да хуже болуп баратат го?! Кайдыгерликтен качан кутулабыз?!
0
KUMU89
2013-10-07 20:29:21
Biz ketebizda, eptese tolowotda dep ala berbei. Emne sebepten karjylap jatkanyn teriwtirip alsanar bolmok. Aiwa ejenin kamogunankaryz alyp atkandai bolboi.
+1
altinim
2013-10-07 20:45:20
бул деген кытайдын бизге ачкан унсуз, куралсыз согушу озунчо булар карыз алдык деп топусун асманга ыргытышып журушот эххх бул миллиарддардын аягы кантип бутоору белгисиз
+1
sensei
2013-10-08 02:14:38
Тышкы карызыбыз 6 млрдка жакындаптырда мм.. 20 жылда 3 млрд карыз болдук эле булар коз ачып жумганча 3млрд кошуп койдуго.
+1
sensei
2013-10-08 02:21:27
Ушул карызты толоорго келгенде, бул атка минерлерибиз кимди ким корду Быржыбайды там басты кылып кетишетта конгондой.
0
muxammet
2013-10-08 02:39:49
АШАнын саясаты ото алсыз абалга келди. Кыргызстанды бечара кылып карызга кекиртектен батырды, отставкага кетсе жакшы болот айттырбай.
0
enn07
2013-10-08 03:07:53
ушундай окуяларды окуп ыйлагым келчу болдум кун сайын. Оо кудай Озун жардам бер!
0
Bakyt.shutov
2013-10-09 21:32:57
чондордун баарын аттыш керек!!!
+1
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан