Президент Алмазбек Атамбаев 2-октябрда Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Кристиан Беддис менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун эксперттери Кыргызстандагы мамлекеттик казынадагы дефициттин кыскарышына, инфляция деңгээлинин түшүүсү жана экономиканын ар кайсы тармагындагы өзгөрүүлөрдүн ыргагына жакшы баа берилип жатканы айтылды. Беддистин айтымында, Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга
15 миллион доллар бөлөт. Атайын программанын алкагында жалпысынан фонд тарабынан Кыргызстанга быйыл 106 миллион доллар бөлүндү.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg