22-сентябрда Аксы районунун аймагындагы Унгар-Тоодо жайгашкан теле-радиоберүүлөрдү ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтып, текшерүү жүргүзүшкөн. Өзбек чек арачылары аталган тоого өз желегин илип, чек арачыларын жайгаштырганын жергиликтүү тургундар билдирип жатышкан.
Ошентип, 30-сентябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин командири Рустам Эминжанов жолугуп, Аксыдагы кырдаал боюнча сүйлөшүштү. Өзбек тарап чек арачыларын Унгар-Тоодон алып кетүүгө макул болуп, 2-октябрда эки тарап тең аймактан чыгарылган. Өзбекстандык чек арачылардын мындай күтүүсүз визитине
"БиБиСи" радиосунун өлкөнүн аймагында уктурула баштаганы себеп болду деген маалыматтар бар. Сыягы, өзбек тарап талабы аткарылган соң чек арачыларын чыгарып кетүүгө макул болду. Бирок бул тууралуу Чек ара кызматы маалымат берген жок.
Ал эми Аксыдагы "Аксы районун коргоо кыймылы" вице-премьер-министр Токон Мамытовду 7-октябрда Аксыга келип чек ара боюнча элге маалымат беришин талап кылышууда. Алардын 4 талабы бар: 1. Аксыдагы Унгар-Тоонун айланасындагы талаш жерди толугу менен Кыргызстанга өткөрүү; 2. Өлкөнүн түштүк аймагындагы талаш туудурган чек ара маселесин тез арада чечүү; 3. Токон Мамытовдун 7-октябрда Аксы районуна келүүсү; 4. Мамлекеттик телеканалдардын чек ара көйгөйлөрүн бурмалабай калыс чагылдырышын камсыз кылуу.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg