Акыркы 18 жыл аралыгында чет жердик 50 МИҢ АДАМ Кыргызстандын атуулдугун алган, анын ичинен 4,5 миңине 2013-жылы берилген.
1-октябрдан тарта пенсиялар 11 ПАЙЫЗГА көбөйүп, анын орточо көлөмү 4554 сомду түзмөй болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Орусия Кыргызстандын армиясын куралдандырууга 1,1 МИЛЛИАРД доллар акчалай жардам бере тургандыгын билдирди.
"Кумтөрдү" иштетип жаткан «Centerra gold. Inc»компаниясынын акциялары 4,6 ДОЛЛАРГА чейин төмөндөдү. Бул компаниянын 32,75 пайыз акциясы Кыргызстанга таандык.
ӨКМнын маалыматы боюнча, быйылкы кышта өткөн жылдарга салыштырмалуу КАР КӨП ЖААП, СУУК КАТУУ БОЛОТ.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 15-октябрда өтчү КУРМАН АЙТ майрамына карата 14-15-октябрь күндөрү эс алуу деп жарыяланды.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 4-5-октябрь күндөрү Баткен облусуна, 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районуна иш сапары менен барып, аймактын социалдык-маданий объекттери менен таанышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Argymak007
2013-10-07 13:56:30
Суук болот деп коз ачыктар тойгузду! Кыш кыштай болот да, жай мезгилин элестетет го кыш десе бул чондорун!)))
+2
tilekbek
2013-10-07 18:32:00
билебиз кыш суук болоорун
+1
erali
2013-10-07 19:43:53
Кыш суук болот дегени жалган достор,ошентип мектептерди бир айга жаап ,электр энергиясын уномдоо жолун пландаштырышууда го дейм.Сууктун жылуусу болот.Кар коп болсо нан коп болот,анын эмнеси жаман.
+1
AFRODITA-89
2013-10-07 23:28:57
Мезгилге жараша болотда, кыш кыштай болот.
+1
enn07
2013-10-08 03:13:34
астагфирАллах, бул ОКМ озун кудай сезип алганбы? Кандай б.т ал бир г.а жаратканга белгилуу.
0
kaRa-4aPan
2013-10-29 22:52:31
Арстанбектен сураш керек.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.