КСДПнын ӨКҮЛҮ АКЫЙКАТЧЫ БОЛДУ

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары 27-июнда Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан алышкан. Ал депутаттардын мындай чечимине макул болбой, Бишкектин райондор аралык сотуна Жогорку Кеңештин токтомун жана акыйкатчылыкка сынак жарыялоо боюнча чечимин жокко чыгаруу арызы менен кайрылган. Бул иш Бишкектин райондор аралык сотунда 18-октябрда каралмакчы.
16-сентябрдан тартып мурдагы кабинетине жатып алып ачкачылык жарыялаган экс-акыйкатчы 30-сентябрда "эки күн күтө турам, болбосо жашыруун иштердин бети ачылат" деди. Турсунбек Акундун бул иштеринен улам эксперттерге жана депутаттарга "Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун ачкачылык жарыялап, "кабинеттен чыкпайм, мени бошотсоңор компроматтарды ачыкка чыгарам" дегенин кандай кабыл алдыңыз?" деген собол менен кайрылдык.

Кыргыз либерал-демократтар партиясынын төрагасы СЕЙТЕК КАЧКЫНБАЕВ:
– Биринчиден, Турсунбек Акундун бүгүнкү окуясына чейин эле бийликтегилер тарабынан процедуралар бузулган. Анткени Батукаевдин иши боюнча өкмөт, министрлер жазалануусу керек болчу. Алар, орусча айтканда, акыйкатчыны «крайний» кылып коюшту. Экинчиден, мындай кадамга барганын ал кишинин өзүнүн мүнөзү деп койсок болот. Бул көрүнүш бизге жат эмес, анткени кызматын менчиктеп алгандай мамиле кылган аткаминерлер буга чейин эле болуп келүүдө. Арийне, кабинетинен чыкпай жатып алганы биринчи көрүнүш.
Ал эми соодалашууга барганы боюнча айтсам, мамлекеттик дагы бир мафиянын бетин ачам деп жатат. Батукаевди Акун өзү эле соттон чыгарып, өзү эле учагын даярдап эч кимге көргөзбөй учуруп жиберген жок да. Бул жерде мамлекеттик машинанын ээлери көптүк кылып, аны жалгызсыратып койду.

Саясат таануучу МАРАТ КАЗАКБАЕВ:
– Акыйкатчы институту мамлекеттик мекеме болгондуктан, мурдагы акыйкатчынын кабинетинде жатып алганы туура эмес. Ошол Азиз Батукаевди бошотуу боюнча анын да тиешеси бар. Башкы прокуратура Акунга карата кылмыш ишин козгош керек болчу. Ачкачылык жарыяласа да эчак эле милиция кабинеттен чыгарып коюш керек эле. Ал кабинетинде эмес,
СИЗОдо отуруш керек.

ЖКнын депутаты АБДЫМАНАП КУТУШЕВ:
– Кабинетин ээлеп жатканы туура эмес. Эгер ал бир нерсе билсе, аны жашырып отурбай ачык айтышы керек. Минтип жүрө берсек, биз качан ачык коом кура алмакпыз?! Ал ошол жашыруун иштери боюнча арыз жазып, органдарга кайрылуусу керек болчу. Күрөшүүнүн мыйзамдуу жолун тандаса жакшы болмок.

Бул боюнча экс-акыйкатчы ТУРСУНБЕК АКУН өзү:
– Учурда (2-октябрда -ред.) ден соолугум начарлап жатат. Түнкү саат бирден кийин ашказаным катуу ооруйт. Ачкачылыкты токтотуу ниетимден кайттым. Анткени Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшкөндө "биринчи Батукаевдин бошотулушу боюнча маселени карайбыз, андан кийин жаңы акыйкатчыны шайлайбызбы-жокпу билинет" деген. Бирок парламент кайра эле омбудсменди шайлоону биринчи карап жатат. Ал эми позициям болсо баштагыдай, бул кабинеттен чыкпайм. Акыйкатчы институту менин наамыма жазылган, ошондуктан бул имаратты «Элдик акыйкатчылыкка» айлантуу планым бар. Азыр президент менен спикерге кат жазып жатам. Жаңы акыйкатчы келсе, жанымда менин тарапташтарым бар. Алар ким келсе да сыртка сүйрөп чыгарып коюшат. Бул кабинетке эч ким кире албайт. Мен 2018-жылга чейинки шайланган мыйзамдуу акыйкатчымын.

АКЫЙКАТЧЫ ШАЙЛОО КЫЙЫНГА ТУРДУ
Батукаевдин чуулуу бошотулушунда таякты өкмөт эмес, минтип акыйкатчы жеп отурат. Жогорку Кеңеш күчүн омбудсменден чыгарып, Батукаевдин бошотулушунда чечүүчү ролго ээ эмес кызматкерди ээрден шыпырып түштү. Ал эми Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошоткон сот, аны аэропортко чейин коштоп узатып барган түрмө жетекчилиги, жогорудагы органдарды көзөмөлгө алган өкмөт кадимкидей иштеп жаткан учуру.
Дагы бир окуя эрксизден эске түшөт. Мурдагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев ээлеген кызматынан бошотулду. Батукаевди бошоткон Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов жумуш ордунда мурдагыдай эле иштеп жатат. Ал эми Турсунбек Акунду бийлик да, Жогорку Кеңеш да негизги тепкиге алгандан улам өзүн-өзү коргоо амалына өттү көрүнөт.
"Мен акыйкатчы болом" деген талапкерлердин саны 50дөн ашып, бул кызмат президенттик орун үчүн таймашты элестете баштаган. Жаңы акыйкатчыны шайлоо улам создуктурулуп отуруп, 2-октябрь күнү 1-турда 49 талапкердин арасынан депутат Асия Сасыкбаева 69 добуш алып, депутат Урмат Аманбаеванын бир тууган иниси, "Айыл деми" гезитинин башкы редактору Бакыт Аманбаев 65 добуш менен 2-турга өтүштү. 2-турда эл өкүлдөрүнө добуш берүүдө 97 бюллетень таратылып, урнадан 101 бюллетень чыга келди. Мындан улам жаңы комиссия дайындалып, шайлоо кийинки күнгө калтырылды. Эртеси, 3-октябрда Бакыт Аманбаев көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, акыйкатчылыкка дайындалды.
Шайлоо кезинде, талкууларда Бакыт Аманбаев "республикачы" Урмат Аманбаеванын иниси катары каралып жаткан. Анын КСДПнын өкүлү, партиянын шайлоо тизмесинде 57-орунда экендиги кийинчерээк айтыла баштады.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kara_kulja
2013-10-07 14:33:51
ех бийлик адамды неге кана алып барбайт)
0
Aruuzat_19
2013-10-08 11:57:38
Акыйкатчы Т. Акунга тушунбодум, не кабинетте отурса эле мансаптан тушпой калчудай, ушул кишини эч эле акыйкатчы да катары коро албайсын, биринчи озунун кебете-кешпирин карап алса болмок
0
Aruuzat_19
2013-10-08 12:03:47
Кайсы маалда караба, жудоп какап, чачы осуп урпойуп эле жургону жургон, биринчи озун карай албаса, анан кантип иштеп журот дегенда ой кетет, биздин чиновниктерге тан гана каласын....
0
mi-li-na
2013-10-09 15:36:43
Акун го мейли кандай болбосун бул жаатта тажрыйбасы бар адам ал эми тиги Аманбаевдин кайда иштеп жургондугу тууралуу кандай маалыматтар бар экен ошол жагы кызык болуп жатат... Белгилуу композитор Исраддин Аманбаевдин иниси деген имиш кептер да журот интернет желелеринде...
0
turatbek-92
2013-10-10 19:58:56
КСДПны жогото албай атса дагы ушул келдиби?
0
nokiabek
2013-10-22 13:36:13
byl emi „ПРАФИССИЙАНАЛНА” иштейт ))))))
0
faha
2013-10-22 16:42:22
Bul jat korunush emes, "kar kochku tushso da BAKIEVder jonottu" degenge okshosh ele nerse... Buga Akun gana emes, biyliktin ozu kunooluu... Eldi aldash uchun kimdir biroo oiundan chygysh kerek da, aga Akun myrza tush boldu.. Bir az kudaydan korksonor...
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан