Убакытты бекеринен шар аккан сууга салыштырбайт. Кечээ эле кол кармашып турмуш жолуна аттанган Ильяз Абдыразаков менен жубайы Мединанын уулу Розан 1 жаштан ашып калыптыр. Тун уулунун тушоосун кесип, алар 2-октябрь күнү элге той беришти.
– Саламатсыңарбы, ата-энелик парзыңарды аткаруу кыйынчылык туудурган жокпу?
Ильяз: – Саламатчылык, тойго куш келипсиздер! Ооба, ата-энелик милдетти мыкты болбосо да, колдон келишинче аткарып жатабыз. Балалуу болгондо аябай толкунданган элем, азыркы абалым андан да күч.
Медина: – Уюштуруу иштери, лимузинде келгенден тарта такка отургузууга чейин менин идеям болду. Балабыз үчүн баарын жасаганга даярбыз.
– Розан силердин тун уулуңар, дагы канча балалуу бололу дейсиңер?
М.: – Жараткандын бергенине жараша. Кудайым бала берсе эле, калганын эптеп кетебиз.
– Көпчүлүктү көрсө эле Розан ыйлап жатат, көпчүлүктү көтөрө албайт окшойт?
М.: – Жаш бала да баары бир, мынча элдин баары ушул үчүн келгенин түшүнбөй жатпайбы (күлүп). Уйкусу келип калды, анан минтип ыйлап, кыялын көрсөтүп баштады.
Розандын чоң атасы КУБАНЫЧБЕК АБДЫРАЗАКОВ жана чоң энеси УУЛКАН ТЕМИРОВА:
– Саламатсыздарбы, небере өзүңдүн балаңдан да таттуу болот дешет. Аны сезип жаткан чыгарсыздар?
Кубаныч мырза:
– Саламатчылык. Биринчиден, гезитиңерге терең ыраазычылык. Бир сан калтырбай окуган гезитимдин жакшылыгыбызга ар дайым күбө болушу мен үчүн аябай чоң кубаныч. Рахмат силерге. Розан биздин эң улуу неберебиз да, эркелетип жатып эзилип кетебиз. Ар бир кылыгы, сүйлөгөн сөзү бизге кымбат.
Уулкан айым: – Башкалар канчалык эркелетпесин, баары бир мени башкача жакшы көрөт. Ыйлап калса да мени көрөр замат кыткылыктап күлүп кирет. Анан ушунун баарын көрүп туруп кантип эзилбейсиң. Апасына да мынчалык тартылбайт же мен көп карагандыктанбы, айтор, мага талпынып калса, ичим жылый түшөт.
– Дайыма небереңиздин жанында жүрсөңүз, алгачкы айткан сөзү да эсиңиздедир?
– Биринчи эле «ата» деген сөздү айтты, андан кийин эле «бер, бер» дегенди үйрөндү. Айтор, өзүнүн жанын багыш үчүн керектүү сөздөрдү билет (күлүп).
– Күндө бир кыялын көрсөтүп жатса керек?
– Башында кудум Ильяздай токтоо эле. Барган сайын чоң атасына окшоп шоктонуп баратат. Бир орунда туруш деген жок, тыбырчылап эле ары жөрмөлөп, бери жөрмөлөй берет. Бирок басканга келгенде жалкоолугу кармап калат. Бир-эки кадам таштап, анан көтөр деп кирет.
– Тоюңуздар тойго улансын.
– Силерге да рахмат.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg