Замирбек Үсөнбаев:«РАЕВ ОРДУҢУЗ БАШКА БИРӨӨГӨ КЕРЕК ДЕДИ»

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жетекчилик алмашты. 40 жылдан ашуун филармонияга кызмат өтөп, анан жетекчилик кызматка отурган Замирбек Үсөнбаевдин ордуна Кыргызбай Осмонов дайындалды. Буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Кыргызбай Осмонов буга чейин Маданият министрлигине караштуу Искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыктын башчысы кызматында болчу. Дайындоону аткарууга келген өкмөттүн өкүлүн, министрдин орун басарларын филармониянын кызматкерлери кабыл албай нааразы болушкан. Бул боюнча Замирбек Үсөнбаев мындай дейт:
– Маданият министри Султан Раев чакырып "башка кызматка барыңыз, ротация кылышыбыз керек" деген. "Чыдап тургула, пенсияга кетериме эки жылдай калды, өзүм эле ордумду бошотуп берем, убада кылган иштеримди аягына чыгарайын" дедим. Министр «Кечирип коюңуз, ордуңуз башка бирөөгө керек, мага өйдө жактан басым болуп жатат» деп кыйытты. Андан кийин Эсеп палатасы келип текшерди, бардыгы жайында чыкты. Эч нерсе таппаганда анан ачык дайындоого өтүштү окшойт. Филармониянын жамааты мени колдоп келгендерди укпай коюшкан эле, алар «дайындоону окуп кетели, болбосо жумуштан айрылабыз» дешти. Ал эми Кыргызбай өзү мындай дайындоону билбегендигин айтты.
Мен жеп-ичкен жокмун, туура эмес иш кылган жокмун. Менин кайсы күнөөм үчүн жумуштан алды, Раев далилдеп берсин. Далилдеп бере албаса, укугумду коргоп сотко кайрылам.

Кыргызбай Осмонов:"МЫНДАЙ НЕРСЕ МЕНИН ДЕЛЕ БАШЫМДАН ӨТКӨН"
– Филармониянын башкы директорлугу өкмөттүк кызмат. Өкмөт дайындайт, кайра жумуштан алат. Буйрук аткарылышы керек. Биз жоокербиз, каякка жөнөтсө бара беребиз. Мындай нерсе менин деле башымдан өткөн. Кыргыз драма театрын жетектеп турганымда «Сиз Маданият министрлигине бөлүм башчы болуп барыңыз» дешкен. Түшүнүү менен кабыл алып, ордумду Марат Алышбаевге бошотуп бергем.

star@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
netsa
2013-10-07 13:03:57
Дагы эле баягы Ж.Сатыбалдиев! Эмне иштеген адамды жон коюшпайт булар? Усонбаев.З филармонияда 40жыл эмгектенип,ысыгына-куйуп,суугуна тонгон адам,эки жыл дагы иштеп турса эмне болмок эле?Эки жыл эмес 20жылдан бери эл деле эшек минерлердин сасык саясаты качан онолот деп кутуп келатабыз го! Эмне болуп баратасынар? Беш манжанарды тыгып жей баштадынар го элдин насибин!
+1
jaina
2013-10-08 09:17:37
netsa, жеке адамдын намысына тийчү сөздөргө өтпөңүз. Эскертүү!
+1
Asus84
2013-10-07 13:11:22
олот ко булар места дегенде атасын апасында сатат ко
0
aigulai
2013-10-07 13:28:27
Кыргыз Улуттук ырларынын атасы эле кайран киши, мейли озу айткандай пенсияга деле жакындап калыптыр.
0
best-life
2013-10-07 13:48:01
Кызыгын тушкур эй! Бийликтегиси З.Усонбаевди алып тушсо кайра 2жылым бар эле деп тиги чоолорго жалдырап... Тукургону барбы, ансыз да кайсы бир денгээлде элге кадыр-баркы синген адам го! Бошоттубу, баркын тушуруп эмне кылат, же кресло мн чиндин орду башкачабы?
+3
SatiNur
2013-10-07 17:03:04
местага жакшы акча сунуштаганго чогуу болуп жешетда анан
0
Мэри
2013-10-08 10:23:02
best-life, сизге кошулам, таамай жазыптырсыз, азаматсыз!
0
Lion-x
2013-10-09 17:53:24
Бир оорун учун канча жан талашып жаман создорго чейин айтышат, же ал оорун мечиктештирилип берилди беле, кызматтан кеткен адам унчукпай чыгып кеткен куну болбой калды го.
0
Aizat_1991
2013-10-13 23:05:50
Туугандар, туура тушунунуздор, бул жерде Замирбек Усонбаев убада кылган иштерим бар эле деп ошого моонот сурап жатат.
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан