«Супер сулуу-2013» сынагына катышып жаткан сулуулардын жеңүүчүсү ким болот? Албетте, ал кыздардын ажарынан, ийкемдүүлүгүнөн, сахнада өзүн алып жүргөндүгүнөн көз каранды. Ийкемдүүлүгү демекчи, кыздарыбыз учурда белгилүү бийчи Бакыт Байсариевден чыгыш бийин үйрөнүп жатышат. Ташты эрите турган энергиясы бар бийчи кыздарды да өзүнөн кем калбаган бийчилерге айлантып, чимирилтип жаткан кези. Ысык чыгыш бийин көргүңүз келсе, декабрь айында болуучу Супер концертке келүүнү азыртадан пландаңыз.