«Sexy-sexy» деген хит ыры менен таанылып, кыргыз эстрадасында "бум" жараткан Арман чыгармачылыктын кыйынчылыктарына чыдабадыбы, айтор, сахнадан алыстап кетти. Көрсө, ал Орусияга эргүү издеп кетиптир...
– Салам, Арман! Көптөн бери көрүнбөйсүң, чыгармачылыкты таштадыңбы?
– Салам! Жок, музыканы таштай албай калдым го. Болгону убактылуу чет элге эргүү издеп кеттим (күлүп). Азыр Орусиядамын, сахналаш досум Бегиш экөөбүз бул жактагы кыргыздарды кубандырып концерт бердик.
– Канча убакыттан бери Орусиядасың?
– Келгениме 5 ай болду. Бегиш келгиче өзүм жалгыз эле ырдай турган жерлерге барып жүргөн элем. Эми минтип шерик табылып жакшы болду. Чынын айтсам, орустардын музыкасын изилдеп, чыгармачылыгымды бул жактан улантайын деген ниетим бар. Ошондуктан Москвада дагы көп убакытка болом. Вокалдан сабак алып, айлана-чөйрөгө көнүп дегендей.
– Анда күйөрмандарыңа жаңы ырларды даярдап жатсаң керек...
– Ооба, менин чыгармачылыгыма кызыккандарга жаңы дем менен сонун ырларды даярдап жатам. Бизде таланттар да көбүрөөк, чыгармачыл адамдардын арасында эргүү да башкача келет. Ошондуктан азыр кыргыз сахнасынын кадырын билип калган учурум.
– Анда ишиңе ийгилик!
– Рахмат!