ӨКТӨМ «ШЕРБЕТИН» ТАЖИКТЕРГЕ САТТЫ

Кыргыз ырчыларынын ити чөп жеп жаткан чагы десек жарашчудай азыр. Анткени акыркы кезде кыргыз ырларына кошуналар көз артып, биринин артынан экинчисин сатып алса алып, болбосо «уурдап» дегендей, айтор, ыр сандыгын байытышууда. Бул ирет кезек Өктөм Сапар уулунун ырларына жетиптир. Ырчынын айтымында, анын «Шербетим» аттуу ырына тажиктердин Ситора Азими аттуу ырчысы ашык болуп, сатып алыптыр. «Мурун Ситора өзбектердин музыканттары менен иштешип, бир ырын 5 миң долларга сатып алчу экен. Бизде андан эки эсе арзан болуп жатпайбы. Бул сумма бизге жакшы акча болгону менен, аларга аздай туюлат тура»,- деп Өктөм жаңы тапкан кардарына кубанууда. Андан сырткары дагы бир тажик ырчысы атайын Кыргызстанга келип, клип тартып жатканын ырчы кошумчалап өттү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Zverchik
2013-10-08 10:30:35
Казактар биздин ырлар менен жашап калыштыго чиркин! Азаматсыңар бир убакта уурдап ырдап жаттыңар эле эми силердикин урдап калышты
0
Zverchik
2013-10-08 10:32:08
Бизде кийим кече, тамак аш, мобилдик байланыш, жада калса ырларыбызда арзан экен!
0
AshatMJ89
2013-10-08 10:35:38
сандан сапатка отот деген ушул
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан