Карынын жана наристенин жылмаюусунда жүрөк жылыткан жылуулук бар. Карылардын батасын алуу жагымдуу, атүгүл парз. Андыктан Кыргызстандын 7 дубанын кыдырып кылымды ашкан энелерди Кутман карылардын күнү менен куттуктап батасын алдык. Катаал мезгилдин акылман каармандары менен маек назарыңыздарда.
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ
Зайне Жумакунова:«БИЙЧИ АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ МЕНИН ЧӨБӨРӨМ»
Биз барганыбызда апанын чөбөрөсү үйлөнүп, үйдө той болуп жаткан экен. «Ниетиңер жакшы экен, той үстүнөн чыктыңар» деп жетине албаган Зайне апа башынан өткөн тагдырын баяндап отурду.
– Зайне апа, баскан жолуңузга кызыгып келип калдык...
– 12 бир туугандын кичүүсүмүн. 1916-жылы үркүн убагында эл менен Кытайга үркүп барып, кайра кайтып келгенбиз. Кулакка тартуу башталып, атам менен энем айдалып кетти. Айылдагы мектептен 2-классты аяктап, андан ары окубай калдык. Себеби «кулак баскан жерди баспагыла» деп балдар бизден качышчу. Кийим-кечебиз жок, эптеп курсак тойгузабыз. Кулакка айдалган атам каза болуп, эки жылдан кийин энем келди.
– Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз?
– Мен бешикте жаткан кезимде атамдар кудалашып коюшкан экен. 14 жашымда өзүм менен тең адамга турмушка чыктым. Кайненем жетелеп жүрүп баарын үйрөттү. Уй саап, казанга нан жапкандан жүдөп жүрүп кийин сонун эле оокат кылып кеттим. Балалуу болгондон кийин кожоюнумду аскерге алып кетип калышты. Андан соң фронтко кетти. Ал кезде кайнатам да, кайненем да оорулуу, балдар кичине болчу. Күндүз жайдак атка секирип минип кой кайтарып, кечкисин кир жууп, отун алчумун. 1943-жылы кожоюнум согуштан курман болду деген кара кагаз келди. Ошентип жесир калдым.
– Канча балаңыз бар?
– Эки уул, бир кыз төрөдүм. Эки балам каза болуп калды. Кызым 74 жашта. Учурда 18 небере, 48 чөбөрө, 15 кыбырам бар. 109 жашка келсем да бардык чөбөрөлөрүмдүн аттарын, туулган күндөрүн жазбай билем. Бийчи Атай Өмүрзаков чөбөрөм. Сыналгыдан бийлеп чыкканда көзүмө жаш алып, кыймылдабай отуруп көрөм.
– Узак жашоонун сыры барбы?
– Эртең менен эрте турам. Ушуга чейин ооруканага жатып, дары ичкен эмесмин.Адамдын өмүрү ар бир кыймыл менен байланыштуу. "Көп кыймылдасаң ден соолукка пайда" деген туура окшойт. Үйдө отуруп калганыма аз эле болду. Былтыр эле өзүм чөп оруп келип, эрикпей майда кылып туурап, анан жөжөлөргө берчүмүн. Бош отура албай, жок дегенде тоок багайын дечүмүн.
ОШ ОБЛУСУ
Сайнек Кулназарова:«МЕН КӨРБӨГӨН КҮН КАЛБАДЫ»
– Сайнек апа, майрамыңыз менен! Сизди куттуктап келдик.
– Рахмат, айланайын, атайын келипсиңер.
– Жаш кезиңизди кандай өткөрдүңүз?
– Ээ, айланайын, биздин күнүбүздү ит да көрбөсүн. Кайры деген теңтушум бар болчу, жаш кезинде эле көзү өтүп кетти. Экөөбүз бутубузга эчкинин терисинен байпак кийип алып, төөнүн көзүндөй нан менен кенедей айран алып өгүз кайтарганы Алайдын Сопу-Коргонундагы Кара-Талаа деген адырга кетчүбүз. Өтүк деген нерсе болгон эмес. Эс алып отуруп, «Кудай бизди неге жасады экен, жасабай эле койбойбу» деп ыйлачубуз. Нандарыбызды сууга алпарып алып айран менен аралаштырып жутуп, ыйлап-ыйлап кош айдайт элек. Азыркы заман – жыргал заман, кызым.
– Канча баланы тарбияладыңыз?
– 2 уул, 3 кызым бар. Чоң уулумду 1932-жылы төрөгөм. Балдар жаш кезинде, 1969-жылы абышкамдын көзү өтүп кетти. 12 рубль пенсиям менен балдарымды жалгыз чоңойттум. Кийин чоң кызым менен бир уулум каза болду. Азыр Анарбү кызымдын колундамын. Небере, чөбөрөлөр "таенелеп" бири кетсе, бири келип кабар алып турушат. Мен көрбөгөн күн калган жок.
БАТКЕН ОБЛУСУ
Нишанбүбү Күлчиева:«КӨР КАЗГАН КҮНДӨР ДА БОЛГОН»
– Амансызбы, Нишанбүбү апа, ден соолугуңуз жакшыбы?
– Жакшы, балам, эл катары жүрөбүз. Ден соолугум жакшы эле. Балдарым карап жатышат. Тең курбуларымдан мен эле калдым. Калгандары бардыгы өтүп кетишти. Эми бул Кудайдын берген жашы экен да.
– Башкармага турмушка чыккан экенсиз, жашында сулуу болгон дешет...
– Кыз кезде баары жакшынакай болушат да. Мен жолдошум башкарма болсо да эл катары иштечүмүн. 11 жашымда турмушка чыккам. Аял ушинтип иштейт экен деп эле иштеп жүрө берген экенмин. 2 перзенттүү болдук, бирок алар каза болуп калышты. Карыганда, 48 жашымда дагы бир кыздуу болдук. Кызымды бакканда кыйналып, аркама көтөрүп чөп, буудай оруп жүрүп чоңойттум. Атасы ат үстүндө жүрүп каза болду. Жолдошум өлгөндөн кийин көп азап күндөрдү өткөрүп кызымды чоңойтуп, азыр анын төрүндө ысык чайын ичип отурам. Башымдан өткөн окуяларымды айтып берсем, силерге жомоктой сезилет. Азыр аялдар көр казбайт, биз согуш убагында эркектер жок, өлгөн адамдарга көр казып жүргөн күндөрүбүз болгон.
– 1-2 жыл мурда өкмөт тараптан тамыңыздын чатырын алмаштырып беребиз дешкенин кулагым чалды эле?
– Сөз менен айтып кетишкен. Бирок дагы деле оңдоло элек. Мени караган кызымдын 7 баласы бар. Мени да жакшы карайт, неберелерим да көңүлүмө карап турушат. Кышында тамдын башынан суу өтөт. Оңдошобу-жокпу, билбейм.
ТАЛАС ОБЛУСУ
Арызан Мамыралиева:«КҮЙӨӨМӨ УЧКАШТЫРЫП УЗАТЫП ЖИБЕРИШКЕН»
– Арызан апа, өзүңүз тууралуу кеп салып бербейсизби?
– Кагылайын, кыска-нуска айтып берейин, болбосо тамагым ооруп кыйналам. Биз эки бир тууган элек. Бир кыз, бир уул. Агам каза болуп калды, мен болсо чегинен ашкан эрке болуп өстүм. Атам эмне сурасам таап келчү, барам деген жакка барчумун. Ат токуп берип, мени мингизип алып ээрчитип жүрөр эле. Ошондо 10 жаштын ары жак, бери жагында болсом керек. Эркеликтин айынан көп эле тил угуп жүрдүм. Кийин үркүн башталды. Канча адам кырылып кетти. Жүзү курусун, эстегим келбейт.
Арызан апа паспорту боюнча быйыл 100дө. Бирок 16-жылдагы Үркүндү көрүп, андагы каргашалуу окуяларга аралашып жүргөндүгүнөн улам анын паспорттогу датасы туура эмес болуу керек деп балдары күмөн кылашат. Кандай болсо да небере-чөбөрөлөрүнүн жакшылыктарына күбө болуп, бар болсун.
– Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз?
– Ал кезде жаздык менен бир уруп көрүп, кулабай калсаң күйөөгө берип жиберишкен да. Мени 15 жашымда эле күйөөгө берип салышкан. Келин болуп келгеним да кызык. Анда азыркыдай шаан-шөкөт кайда? Ата-энем Акматаалы деген жигиттин атына учкаштырып эле узатып коюшкан. Ал жигит менден 7 жаш улуу болчу. 2 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрдүк.
– Небере, чөбөрөлөрүңүздү санап бербейсизби?
– Аны келин-уулумдан сура, кагылайын, мен алардын санын билбейм.
Суроомо Арызан апанын уулу Райым Мамыралиев төмөндөгүчө жооп берди:
– Учурда неберелери 16, ал эми чөбөрөлөрү болсо 28. «Супер-Инфо» гезитин баарыбыз билебиз. Эң көп нускалуу, элге жагымдуу, кызык гезит. Карылардын күнүндө минтип белек тартуулап келгениңиздер үчүн чоң рахмат. Дайыма ийгиликтин үстүндө, апамдай болуп узак өмүр сүрүп, бактылуу болгула!
ЧҮЙ ОБЛУСУ
Бурулай Кыдыралиева:«ЭЛ АМАН БОЛСУН!»
Бурулай апа өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Талас жергесинде өткөргөн. Мындан 30 жыл мурун Чүй бооруна бала-чакасы менен көчүп келген. Жакындан бери гана баса албай үйдө отуруп калат. Учурашып, Карылар күнү менен куттуктоо үчүн келгенибизди угуп эле апа сөз баштап калды:
– Мени сыйлап келсеңер, сыйдын үстүндө болгула. Небере-чөбөрөлөрүңөр "Эмне жумуш аткарып жиберейин?" деп тегерегиңерде чуркап турсун. Мына мен 110 жаштан аштым.
– Ден соолугуңуз кандай, апа?
– Жакшы, балам. Аз убакыт болду, баса албай калдым. Туруп, бир маал намаз окуп жатчумун. 28 жашымдан тарта намаз окудум. Менин көп жашаганымдын себептери көп. Өмүрү бирөөгө үнүмдү өктөм чыгарып сүйлөгөн эмесмин. Кезинде тоодо жылкы саап, суусап келген жолоочуларга, айыл-апага ичирдим. Согуш маалында тылда иштедим. Машак тердик. Чоң Чүй каналын курууда да салым кошком. Эми канал куруу деген оңой иш эмес экен. Кыйналдык. Бирок мекен үчүн, эл үчүн жаныбызды сабап иштедик. Тамакты тууралап ичтим.
– Кайсы заман көбүрөөк эсиңизде калды?
– Бардык заман эсимде. Дүйнөдө тынччылык эле болгону жакшы. Эл аман болсун, элдин ичинде биз аман бололу!
НАРЫН ОБЛУСУ
Нурбүбү Макулиева:«НЕБЕРЕЛЕРИМЕ АРНАП ЖАЗДЫКЧАЛАРДЫ ЖАСАЙМ»
Кызыгы, Нурбүбү апа азыр деле колуна шиш алып, түстүү жиптерден түймө түйүп, алардан кооз жаздыкчаларды жасайт. «Көзүм өткөндө "чоң таенем жасап кеткен оокат эле" деп куран окуй жүрүшсүн» дейт каарманыбыз.
– Абышкам экөөбүз бир кыздуу болуп, атын Какин койдук. Кудайга шүгүр, азыр ошол кызымдын балдарынан сый көрүп, төрүндө отурам. Кызымдын кайтыш болгонуна 5 жылга айланды. Күйөө балам өз баламдан артык сый көрсөтөт. Жээн неберелерим көзүм менен айланып турушат, ыраазымын баарына.
Биз көргөн кыйын күндөрдү эч кимиңер көрбөгүлө, айланайындарым.Согушту көрдүк, ач калдык, азаптуу күндөрдү баштан өткөрдүк. Абышкам мергенчилик кылып бир айылды баккандыктан, согушка жибербей алып калышкан. Мен тылда иштеп, азыркы алтын иштетилип жаткан «Кум-Белде» металл казып иштечүбүз. Аты бар эле ал металлдын, азыр эсимден чыгып жатат. Казылып алынган металлдан танкелер жасалат дешчү. Анда айлык алып иштемек кайда, 4 кесим нанга бир күн кечке иштейбиз. Тапканыбызды үйгө алып келер элек.
Учурда таңкы 3төн өткөндө же 4тө турам. Намаз окуйм, балдарымдын өмүрүн тилейм, көп тилектерди айтам. Уйкум жакшы, качпайт, кайсы маалда болбосун жатып эс алып алам. Анан минтип түймөм менен алек болом.
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
Райла Осмонова:«КҮЧҮБҮЗ АЗ БОЛСО ДА, ЭРКИБИЗ БЕКЕМ ЭЛЕ»
Райла ападан узак жашоонун гана эмес, сулуулукту сактоонун сырларын да үйрөнсө болот. Апа дайым жүзүн муздак суу менен жууйт экен.
– Ден соолугуңуз кандай, күүлүү турасызбы?
– Жакшымын, кызым, Кудайга шүгүр. Болгону улам ооруп, арыктап кетип жатам.Карылык да. Балдарым очор-бачар, мен үчүн алардын амандыгы эле дем.
– Өз заманыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Биз эмгек менен жашадык. Абышкам экөөлөп колхоздун кой, жылкысын кайтарчубуз. Койлорго тоют камдоо үчүн чөп чабыкка чыгар элек. Күндүзү мындай турсун, түнү айдын жарыгында чөп чаап алалы деп далалат кылчубуз. Ойлосом, атала ичип күчүбүз аз, алсыз болгонубуз менен, эркибиз бекем болгон экен. Нанга зар болгон күндөр өтпөдүбү. Ошондуктан нандын убалынан катуу коркуп турам. Азыркы жаштар "кыйналдым, тажадым" десе жылмаям. Биз көргөн күндөрдү силер көрбөгүлө.
– Узак жашоонун сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Сыры эмгекте, тазалыкта. Бетиңерди жылуу суу менен эч качан жуубагыла деп баарына эле айта берем. Муздак суу адамды жаш көрсөтөт, сергитет. Мен кандай гана күндү көрбөдүм дейсиңер. Сулунун аталасын ичип, жылаңайлак талаада орок оруп, чалгы чаап жүрүп балдарымды чоңойттум. Дайыма кыймылда болуу адамдын өзүнө жакшы. Мендей болуп көп жашайсыңар.
– Майрамдарда кандай белек алганды каалайт элеңиз?
– Өкмөттүн пенсияны көбөйтүшүн каалаар элем.
Айзат Анарбекова,
Уулбү Каныбекова,
Бегайым Тажибай кызы,
Гүлназ Атантаева,
Максат Кудайбердиев,
Гүлжан Асанкожоева,
Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg