«Большие люди» долбоорунда каардуу Баха братандын ролун жараткан «Азия Микс» командасынын оюнчусу Ренат Тентимишовдун арабыздан кеткенине бир айдан ашты. Юмор менен элге таанылган Ренат үйдүн жалгыз уулу, ата-эне, карындаштарынын ишенген тиреги эле. Анан да жакында үйлөнөм деген тилегине жетпей о дүйнөгө кете берди... Сахнада жылмайып, элге жакшы маанай тартуулаган Ренат чыныгы жашоодо кандай инсан эле, жакындары эстеп отурушту.
Гулиса Эсенбекова, апасы:«ҮЙГӨ ЖАРКЫЛДАП КИРИП КЕЛЧҮ»– Ренат Фрунзе шаарында 1987-жылы 18-июлда төрөлдү. Бала кезинен тың чыгып, 8 айында сүйлөп, 1 жашында баса баштаган. Бир жарым жашында болсо колун артына алып чоң кишилердей басчу. Бала бакчага барып баштаганда жолдон өткөрүп койсом, өзү чуркаган бойдон кетип калар эле.
Атасы «мен орус тили үчүн кандидаттыгымды жактай албай калдым, ошого уулубузду орус класска берели» деп немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияга бердик. Мектепте жакшы окуп, 1-класстан дароо 3-класска көчүп кетти. Ал эми 10-классты бүткөндө атайын Германиянын Бонн шаарынан мектепти жакшы аяктаганы үчүн Ренатка диплом жөнөтүшүптүр. Өз күчү менен Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) өтүп, алдыңкы студенттердин катарында эле. Куратору мага «уулуңуз мындай билим деңгээли менен Европаны, бүт өлкөнү багындырса болот» деп көп айтчу. Бирок канчалык резюмелерин жөнөтүп, чет жактардан чакыруу келсе да атасы жакын жолотпой, «жалгыз уулумсуң» деп жөнөтпөй койду.
Университетти аяктаган соң Башкаруу академиясынын (АУПКР) мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп банкта бир жылча иштеп, такыр көңүлү келбей чыгып кетти. Көрсө, анда ал «Азия Микстин» балдары менен жолугуп жүрчү экен.
Анан да уулумдун бир жакшы сапаты бар эле, эч качан "түштүк-түндүк" деп кишини бөлчү эмес. Балдарын, мисалы, Саламаттын (Алиев) каяктык экенин сурап калсам, «Кандай айырмасы бар, каяктык экенинин?» деп калчу. Сүйлөшкөн кызын «Оштук болуп калды, эми кантебиз?» десем да «Эмне болот экен?..» деп койду.
Сахнада элге күлкү тартуулаганы менен, өзү абдан оор басырыктуу болчу. Бир таежеси Москвада медик болуп иштейт, «мүмкүнчүлүгүң бар, бул жакта калып иштебейсиңби» десе, «Анда Кыргызстанда ким иштейт?» деп көнбөй койгон. Балким, ошондо Москвада калса, азыр арабызда жүрөт беле деп ойлоп кетем...
Дарыгерлер «жаштык кылып билбей эки жолку инфарктты өткөрүптүр» дешти. Балдар менен Юрмалада жүргөндө ооруган экен, аны климаттын алмашышынан го деп коюптур. Канчалык оорусу тынчын алганын билбейм, бирок бизге бир да билдирбей, үйгө жаркырап гана кирип келчү. Кээде досторуна «бул жерим бир аз сайышып турат» деп калчу экен. Ошондо олуттуу оору экенин билбей калганыбызды ойлоп өкүнүп, кыйналып кетем.
Атасы, туугандары КВНде ойногонун көп жактырышчу эмес. Атасы «ушунча билимди алып туруп артист болуп калдың» деп көпкө айтып жүрдү. Азыр эми өкүнүп жатат ошол сөздөрүнө.
Бир жолу кошунабыздын баласы үйлөнгөндө тамада болду, ошондо атасы экөөбүз көрүп жумушун жактырдык эле. Күнү-түнү тынбай иштеп, жумушун аябай жакшы көрчү эле балам...
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып оор күндөрдө бизди колдоп, кайгыбызды тең бөлүшкөн кошуналарыма, Мантыш, Кызыл-Дөбө айылындагы туугандарыбызга, уулумдун дос-кесиптештерине, силердин гезитиңерге чоң ыраазычылык билдирем.
Нуриза Тентимишова, карындашы:«АТА-ЭНЕБИЗДИ КЫЙНАБАЙЛЫ ДЕЙ БЕРЧҮ»– Байкемдин мүнөзү абдан жумшак болчу, ага салыштырмалуу меники катуу. Кишини тааныйбы-тааныбайбы, жардамын аячу эмес. Билимди биринчи орунга коюп, мага каалаган окуу жайга окутууга убадасын берген. Дайым "ата-энебизди кыйнабай эле коёлу, баарын өзүм бүтүрүп берем" деп турчу. КММАнын лицейине тапшырганымда да баарын өзү бүтүрүп берди. «Окуу башталганда өзүм сени алып барам» деген эле, бирок жетишпей калды...
Акыркы жолу көрүшкөнүбүздө мен айылга аттанып жаткам. Байкем тойго бармак, кийимдерин даярдаштым, шашып эле чыгып кеткен, ошону менен кирген жок...
Гүлназ Эсенбекова, таежеси:«КҮЗҮНДӨ ҮЙЛӨНӨМ ДЕП ЖАТКАН»– Ренат ичкилик ичпеген адамдардын катарына кирчү, тамеки тартчу эмес. Ушул кезге чейин ата-энесине бир кыйкырганын уккан жокмун. Мүмкүн, келишпестик болсо, унчукпай калгандыр, бирок өйдө карап сүйлөчү эмес. Эжем Ренаттын көзү өткөндө «Балам менен жаным бир го деп ойлочумун. Кыздарымды кээде урушуп, катуу сүйлөсөм, Ренатка тике карап айта алчу эмесмин. Неге ашыкча жакшы көрдүм экен?..» деп жаман болуп жүрдү.
Жүрөгү ооруганын такыр айткан эмес. Балким, ата-энесин аягандыр деп ойлоп кетебиз. Азыр эстеп көрсөк, кыймыл-аракетинен өзүн жаман сезип калган учурлар болгон экен. Кечинде уктап жатканда кыйналып, кулак-мурдуна чейин кызарып чыкчу дешет. Эмне болгонун сураганда «өзүмдү жаман сезип, азыр жакшы болуп калдым» деп көңүл бөлбөй койчу экен.
Сүйлөшкөн кызы бар эле, 4 жылдай мамиле куруп жүрүшкөн. Жакында үйлөнөм деп жаткан, балким, тирүү болсо ушул күндөрү үйлөнүү тою болот беле... Кызды ата-энеси менен тааныштырган. Ошондон кийин атасы айтып жатпайбы, «Мен ачык эле сүйлөшөм деп жаткам. Сүйлөшкөн кызын тааныштырганда сөз баштай албай же тик карай албай тайсалдап калдым. Ата деген тайманбас болот дегем...» деп. Ал кыз жээнимди Кочкорго койгондо да, кыркына да келип отурду. Жездем болсо Ренатканын телефонун, sim-картасын сүйлөшкөн кызына "сенде болсун" деп берди.
Асхат Табалдиев, кесиптеши:«КОМАНДАГА КЕРЕК АДАМ ЭЛЕ...»– «Большие люди» долбоору башталганда экөөбүз эки башка командада ойночубуз. Ошол жактан чогуу иштешип, чогуу сценарий жазып, күнүгө жолугуп, жакын болуп калдык. Биринчи көргөндө эле Ренаттын таланты бар, лидер экенин сезгем. Командадагы жигиттер тамаша чыгарганда да анын ою биздикинен башкача, өзгөчө болчу. Ренат командага керек адам эле... Дайым футбол ойноп, чогуу эс алып жүрүп, бир да жолу "жүрөгүм ооруйт" деп айтканын уккан эмесмин.
(Айрым сүрөттөр Тентимишовдордун үй-бүлөлүк архивинен алынды)
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg