Кубик Калыков:«ПИЯЗ АЙДАП, ТҮШКӨН АКЧАГА АЯЛ АЛГАМ»

Куудул, ырчы Кубик Калыков буга чейин бир топ иш кылды. Эмгегин эл баалап, атын бүтүн кыргыз журтчулугу билет. Учурда куудул чыгармачылыктан сырткары дыйканчылык менен да алектенет. «Жумуш жок» деп көчө таптагандар Калыковдон үлгү алышса болчудай.

– Тойлорго тамадалык кылчу элеңиз, андан жакшы акча түшпөй калдыбы, дыйканчылыкка өтүп алыптырсыз?
– Жеңең экөөбүздүн жер иштетип байып кетели деген оюбуз жок. Мен тамадалык кылам. Аны менен катар жер иштетүү – менин сүйгөн кесибим. Бул ишимден эргүү алам, өзүмдү жакшы сезем. Азыр үйгө барсаңар деле бакчабызда түрдүү жашылча-жемиштердин өсүп турганын көрөсүңөр. Бадыраң, помидор, жүзүм, алма, жаңгак, малина, карагат, көк чөптүн түрү, ар түрдүү гүлдөр... Кыскасы, жеңең да жашылча-жемиш өстүргөндү жакшы көрөт.
Кичинекей эле жерге баарын отургузса болот. Быйылкы түшүмдүн акчасы менен үйдөгү огороддун үстүн жаап, күнөскана (теплица) кылалы деп жатабыз.

– Күнөскана куруп алсаңыз, гектарлап талаа иштетпей каласызбы?
– Аны иштетип алсак, жайы-кышы үйдөн жер-жемиш үзүлбөйт да. Албетте, өзүбүздөн артканын сатмакпыз. Жеңеңдин "күнөскана куруп бер" деп какшаганына көп жыл болду. Кантип курсам экен деп ойлонуп жүрдүм эле, ырас азыр аны куруп берчү кызматтар пайда болуптур. 1 сотыхын 3500 доллардан салышат экен. Мага 2 сотых эле жетет. Быйылкы түшүмдүн акчасы куруу иштеринен ашса, келинчегим экөөбүз чет өлкөдө эс алып келели деп кыялданып жатабыз.

– Дыйканчылык тажрыйбаңызга канча жыл болуп калды?
– Кичинемден эле пахта терип, тамеки үзүп чоңойгом. Аскерден келгенден кийин машина алайын деп жүргөндө кыргыз-өзбек урушу чыгып кетти. Атам «Эл тигинтип мушташып жатат. Машина албай эле кой, бирөө-жарым тартып алат» деп койду. Анан машина алам деген акчага пияз эктим. Түшкөн кирешеге аял алып, той бердим, калыңын төлөдүм.
Акыркы үч-төрт жылдан бери дыйканчылык менен олуттуу алектене баштадым. Өзүңөр көрүп тургандай, азыр Казакстан менен чектеш жерден бир нече гектар айдоо жер алып иштетип жатам.

– Жубайыңыз да жер-жемиш өстүргөндү жакшы көрөт экен, сиз үйрөттүңүзбү?
– Ал деле кичине кезинен тамеки, пахтанын арасында чоңойгон да. Кызыгуу экөөбүздө тең бар.

– Иш учурунда ким бат чарчайт, жеңебизби же сизби?
– Мен бат чарчайм. Биринчиден, мен жеңеңден 9 жаш улуумун, экинчиден, бутум ооруйт.

– Азыркы жериңиздин ижарасы канча, пайда жакшы эле түшөбү?
– Мен быйыл ар бир гектарын 30 000 сомдон алдым. 15 000 сомдугу деле бар, бирок алар суудан, чоң жолдон алыс. Былтыр арзан жер алып, абдан кыйналгам. Суу жетпейт, эптеп алып келе жатсаң орто жерден бирөө буруп алат.
Быйыл бадыраңдын түшүмү абдан жакшы болду. Азыр болгар калемпирин терип жатабыз. Бышканын улам терип сата беребиз. Учурда килограммын 12 сомдон өткөрүп жатам. Түшүмдү Орусияга ташый турган КамАЗдарга тапшырам. Анын ичинде муздаткычы бар, бузулбайт. Жергиликтүү базарларга деле өткөрсөм болот, бирок алар аз жана арзан алышат. Картошканы болсо казып алганбыз.

– Ар бир жашылчага өзүнчө кам көрүлөт эмеспи, сырларын кайдан билдиңиз?
– Жанымдагы кошуна дыйкандардан «Качан сугарам, эмнеге мындай болуп жатат?» десең, эч айтышпайт экен, тобо кылдым. «Билбесең эмнеге айдадың?» дешет. Айлам кеткенде элди карап, сугарса сугарып, отосо отоп жүрүп өздөштүрүп келе жатам.

– Айдап-себүүгө кеткен акчаны чыгара албай калган учур болду беле?
– Күйүп кете элекмин. Былтыр үчүнчү жыйымды чогулта албай талаада калган. Ага кейиген деле жокмун. Андайды да көрүш керек да.

– Чыгармачылык ошондо "эс алууга" кеттиби?
– Чыгармачылыктан да кээде эс алып коюш керек. Жыл сайын жазга маал 20 күндүк турне кылып Ош, Баткен, Жалал-Абадды кыдырып келем. Гастролдон келип жашылчаларым менен алектенем. Күзүндө той-топур башталат. Түшүмдү жыйнаган соң жазында барбай калган жерлерге гастролго чыгып кетем.
Айылга концерт койгон жакшы, афишаларды чаптайсың, болду, ошону менен жумуш бүттү. Билеттен түшкөн акчанын 10 пайызын ижарага таштап кете бересиң. Айылдарга концерт койгондон эч качан күйгөн эмесмин. Анткени мен эчен жылдан бери гастролдоп жүрүп качан, кайсы жерде өрүк, алма, пахта бышарын билем. Түшүм жыйналганда элде каражат болот. Ал эми борбордо концерт берүү өтө опурталдуу, эл келбей калса карыз болуп каласың.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кубик Калыков дыйканчылыкка өттүбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Chtc
2013-10-07 14:50:43
Эр эмгегин жер жебейт.
+1
Narynbek
2013-10-07 20:18:00
Пияз жакшы болсо,кырк жылдык карызыңан кутуласың дейт.Азаматсыз Кубик аке!Кырманыңызга береке!
+1
umutai.86kg
2013-10-07 20:25:42
жаштарга жакшы улгу болот. ишинизге ийгилик
0
azamat.k
2013-10-07 21:35:28
Кубик акамдин ону да дунгандарга окшош эле,эми эмгеги менен дунгандарга окшошуптур.Колундакы болгар калемпири Айперинин эле озу экен.
+2
aiza11.3
2013-10-08 00:51:22
azamat.k, Айперини калемпирге тенеп коюпсун да тооба
-3
sibiryak
2013-10-20 13:59:33
azamat.k,ха-ха жазганынды окуп ичим эзилгенче кулдум айрыкча болгар калемпири
0
Ulik82
2013-10-07 22:40:22
Кубик аке ушунчалык жонокой адам экенсиз.ошо жериниз береке берсин.атин кыргызтанда болгонумда бир кун барып жардам берип келмекмин.
+2
uluk1982
2013-10-08 05:20:40
мына үлгүлүү адам!!! кырманынызга береке!!!
+1
Aruuzat_19
2013-10-08 07:36:11
Жакшы адам сразу эле байкалып калат, биздин чиновниктер элдин капчыгын антарганды аракет кылышпай, пайда кылса элге жакшы болмок... Кубик байке, кырманынызга береке...
0
Zverchik
2013-10-08 10:17:08
Куудулдук өнөрү жагатда
0
Shekerbek
2013-10-08 11:41:56
азамат экен дыйканчылык артистчиликти бирдей алып кеткен! окуп алып аябай уялдым озумдун жалкоолугумду эстеп )=
+1
Jikos
2013-10-08 15:43:34
Мээнеткеч экен , улгу алса болот
+1
marin
2013-10-08 16:16:01
Ишинизге ийгилик! Мээнетиниздин акыбети кайтсын.
0
rozka
2013-10-08 16:59:03
Кырманынызга береке меенеткеч экени билинип эле турат . Бирок чындап эле адамдар билгенин айтышпайт билип алып байып кетип бизге канкурент болбосун деп.ашпозчу дагы камерсант дагы оздорунун сырын айтышпайт
+1
Kg.lady
2013-10-08 17:00:12
Мен ак колмун деп чоектогон артустор уялышса болот,ушул теманы окуп.Ак мээнеттен тамган мандай тер тамчыныздын берекеси эки эселеп кайтсын.Кырманыныз данга толуп,уйунуздон кут кетпесин.
+1
mikinookat
2013-10-09 11:33:44
адал эмгек!Бешенетер
0
Panta
2013-10-09 18:25:07
mikinookat, Баракелде Кубик байке. Кучтон тайбаг.
0
Aizat_1991
2013-10-09 21:24:37
Баракелде Кубик байке, жаштар сизден улгу алсын.
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан