КАДАМЖАЙДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

27-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы Түштүк кичи районунда «Байчечекей» аттуу жаңы балдар бакчасы ачылды. Балдар бакчанын ачылуу аземине КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев жана ата-энелер катышышты.
Шаар мэри бул шаарда 14 балдар бакчасы бар экендигин айтып, бул чек эместигин белгиледи. Андан кийин сөз алган өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков балдардын эртеңки келечеги бүгүндөн башталарын айтып, балдар бакчасына муздаткыч, оюнчуктарды тапшырды. Жаңы балдар бакчасы 200 орунга ылайыкташтырылган.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан