МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ ТУРНИР БОЛУП ӨТТҮ

29-сентябрь күнү Кадамжай районунун Алыш айылында Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Апсамат Масалиевдин 80 жылдыгына арналган «Алыш» эл аралык турнири өткөрүлдү. Ага республиканын бардык аймактарынан жана коңшу өлкөлөрдөн балбандар келип катышышты. Бул турнирди өткөрүү үчүн Бишкек шаарынан тажрыйбалуу калыстар тобу да келишкен.
Турнир негизинен 3 салмак категориясы боюнча жүрүп, күчтүүлөр алдыга чыгышты. Жыйынтыгында ар бир салмак категориясы боюнча орундар ыйгарылып, акчалай байгелер коюлду. 90 килограммдан жогорку салмакта күрөшүп, 1-орунга Чыңгыз Аканов ээ болду. Ал эми 2-орунду Тажикстандан келген балбан М.Миров ээледи.
Турнирдин өтүүсү үчүн Апсамат Масалиев атындагы фонд каражат бөлгөн. Эми мындай турнир жыл сайын өткөрүлө турган болду.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан