БАТКЕН ЖАШТАРЫ КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨ ЭЭ БОЛУШТУ

1-октябрда Баткен шаарында кытай тилин үйрөтүү борбору ачылды. Бул маалыматты кытай тилин үйрөтүү борборунун директору Ли Жи Лин мырза билдирди. Анын билдирүүсүндө, кытай тилин окуу курсу Баткен мамлекеттик университетинин имаратында октябрь, ноябрь, декабрь айларында окутулат. Бул демилге Баткен мамлекеттик университети менен Бишкек гуманитардык университетинин Конфуций институтунун колдоосу астында ишке ашырылууда. Курста окугандар 3 ай билим алып, аягында экзамен тапшырышат. Экзаменден ийгиликтүү өткөндөр жайында Кытайга барышат.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан