Жалал-Абад шаарынын «Спутник» аймактык башкармалыгындагы көп кабаттуу үйлөргө номур коюу иштери жүрүп жатат. Номур коюу үчүн 110 миң 250 сом жумшалган. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган аймактык башкармалыктын башчысы Гүлмира Худайбердиеванын айтымында, мындай саамалык атайын долбоор жазылып, колдоого алынган соң сентябрь айында ишке ашты. Көп кабаттуу жана жеке сектордогу үйлөргө номурларды коюу иштери октябрь айынын ортосунда толугу менен бүтөт. Буга чейин аталган аймакта кээ бир үйлөрдө үй номурлары болгон эмес.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg