Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры 1-октябрь күнү күзгү театралдык 76-сезонун ачты. Алгачкы чыгарманы коюу салтанаты Эл аралык карылар күнүнө дал келгендиктен, улгайган адамдын баянын чагылдырган Бексултан Жакиевдин «Баян» драмасы тартууланды. Октябрь айынын ичинде көрүүчүлөргө орус драматургдары Татьяна Якубдун «Селим жана Ханыша», Михаил Булгаковдун «Кем акыл Журден», кыргыз драматургдары Акелең Кускаковдун «Доор аяны», К.Зарлыкованын «Сүйүү арманы», А.Чекировдун «Кызыл профессор» чыгармалары көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле 2-ноябрь күнү театрдын артисттери тарабынан уюштурулган концерттик программа менен күзгү сезон аяктап, кышкы сезонго даярдыктар башталат.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg