КЕСИПТИК-ТЕХНИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР ӨКМӨТТҮН ӨГӨЙ БАЛАСЫБЫ?

Кезинде кесиптик-техникалык окуу жайларга суроо-талап көп болуп турган. Ар бир тайпа студенттерге толуп, тиешелүү кесиптерге кыска мөөнөттө ээ болушчу. Азыр бул окуу жайларда суроо-талаптын жоктугунан ишмердүүлүгү солгундап турат. Нарын шаарындагы «Занятость» коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери ЭСЕНБЕК СЫДЫБАЕВ буларды айтып берди:
– Нарын облусунда жалпысы­нан 9-10го чукул кесиптик-тех­ни­ка­лык окуу жайлар бар. Окуу жайлардагы база­лар, окутуучу шай­мандар жана имарат­тар­дын көпчүлүгү Союз мез­гилинде кандай болсо азыр да ошондой. Аталган окуу жайлардын жалгыз артыкчылыгы, алардын жоюлуп кетпей кармалып тургандыгы. Ал эми абитуриенттерди өзүнө тартып, тайпаларды толтуруу үчүн окуу жайлардын базасы толук жана сапаттуу билим берүүгө шарттары болуш керек.
Өлкөнүн экономикасы аксап турган учурда кесиптик-техникалык окуу жайлардын шарттары жакшы түзүлүп берилбей, алар өкмөттүн өгөй балдарындай болуп каралбай келет. Биз эми жардамды башка жактан күтүп калдык. Бул багытта Европалык биримдик Кыргыз Республикасындагы кесиптик билим берүүнү колдоо максатында гранттык программаларды иштеп чыккан. Долбоордун аталышы «Элет жашоочуларынын эмгекке ийгиликтүү жайгашуусун жана кирешелерин жогорулатуу үчүн заманбап кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» деп аталып, 18 жаштан 45 жашка чейинки айыл тургундарын окутууга арналган. Бул долбоордун аркасы менен аталган окуу жайлардын базалары толукталып, адистиктер турукташып калды.
«Аталган окуу жайлар жайгашкан аймактарда кайсы адистиктерге талап көп?» деген суроого жооп табуу үчүн бейөкмөт уюмдар атайын сурамжылоо жүргүзүшүп, эмгек базарындагы зарыл болгон адистикти аныктап чыгышты. Ал эми өзүбүздүн облуста биздин «Занятость» коомдук бирикмеси сурамжылоонун негизинде ай сайын жумуш ордуларынын жарманкесин уюштуруп турат.
«Ааламга жол айылдан башталат» демекчи, ушундай иш-аракеттердин аркасында элет жериндеги карапайым адамдардын билими жогорулап, калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүп туруусуна эмне жетсин.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
altunbek78
2013-10-08 22:10:34
Биздин Кара-Көл шаарындагы 89-Кесиптик Лицей да Евросоюздун долбооруна кирип, уч электрогазосварщик, электромонтер, швея кесиптери боюнча 800 мин сомдук жабдууларды алдык, 800мин сомдой чыгым кетирип мугалим мастерлер оз билимдерин жогорулатты, Украинага 30дай Казакстанга 70дей кызматкерлер тажрыйба алмашуу учун 5 кунго барып келишти долбоордун эсебинен. Биримкулов А. Кара-Көл ш. Ст.мастер.
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан