ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-октябрдан 20-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Эски пландарды ишке ашырууга ылайыктуу апта. Текеберленбей, башкалар менен өнөктөшүп иш кылсаңыз, ойдогудай жыйынтык болот. Кызматынан көтөрүлүүнү каалагандардын тилеги орундалат. Шейшембиде жагымдуу жолугушуулар сүйүү сезимдери менен коштолот. Жекшембиде алыстан келген кабар жашооңузду шаңга бөлөйт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын биринчи жарымында маселенин көптүгү түйшүк жаратат. Жалгыз жетишпейсиз, мындайда жакындарды жардамга тарткан оң. Ал эми аптанын кийинки жарымында капчыгыңыз кампаят. Ишембиде жаңы адамдар менен таанышуу күтүлүүдө, айрымдар издеген түгөйүнө жолугушу мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Башкалардын маселесин чечүүгө аралашпай, өз иштериңиз менен алектениңиз. Ал эми ымалага келе албай жүргөн айрым түгөйлөр мамилелерине чекит койсо, айрымдары түшүнүшүп, жолун бирге улашат. Жума күнү чыгым тартып кыйналасыз. Кээ бирлерге жакындарынын сынынан өтүүгө туура келет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Алыстан келген коноктор төрүңүздөн орун алып, эски тааныштар менен чер жазасыз. Кошумча кирешеге ээ болуп, каржылык абалыңыз жакшырат. Бойдоктор жалгыздык менен кош айтышып, түгөйлүү болууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Андыктан көзү түшкөн адамын колдон чыгарбоолору зарыл. Таарынышып жүргөн түгөйлөр кайрадан табышат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кайсы бир маселени чечүүдө пикир келишпестиктер жаралып, уруш-талаш менен коштолот. Абалдан чыгуунун жолу – сабырдуулук. Шаршембиде капчыкты жукартууга туура келет. Бейшемби – чыгармачыл адамдарга ийгилик алып келүүчү күн. Дем алыш күндөрү ден соолугуңуздун кескин начарлап кетүү коркунучу жогору.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жасаган эмгегиңиз баркыңызды жогорулатат. Киреше артып, жаңы идеяларды ишке ашырасыз. Бирок такталбаган маалыматка ишенип шашылыш чечим кабыл алуу планыңызды бузарын унутпаңыз. Өнөкөт оорусу барлардын оорусу козголуп, дарыгерге кайрылууга мажбур болушат. Апта соңу түгөйлөр ортосунда таарыныч жаралат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Маанилүү иштерде тийиштүү адамдар менен кеңешкен соң гана чечим кабыл алыңыз. Болбосо кемчилик кетирип, көңүлдөгүдөй жыйынтыкка ээ болбой каласыз. Алдамчылардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бейтааныштардын сунушуна макул болбоо зарыл. Апта соңунда маанайыңызды бузгандар чыгат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Үй-бүлөдө пикир келишпестик орун алат. Бул башка иштериңизге да зыянын тийгизип, бирөөлөрдүн колдоосуна муктаж болосуз. Кайсы бир таанышыңыз куру убада менен убактыңызды алышы мүмкүн, өзүңүзгө ишениңиз. Сезимин арнаган адам кайрадан пайда болуп, жүрөгүңүздү бушайманга салат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ойлонбой жасаган кадамыңыздын арты өкүнүчкө алып келет. Жашырып жүргөн сырыңыз ачыкка чыгып, тааныштар арасында беделиңиз түшөт. Бирок мындай жагдайга карабай ишиңизде жакшы жыйынтыктарга жетишесиз. Аптанын соңунда тамак-ашты этият колдонбосоңуз, ууланып калуу коркунучу бар.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иштин жыйынтыгы жемиштүү болсун үчүн бир ишти бүтүргөнчө жаңы ишти баштоого ашыкпаңыз. Тумоолоп калгандар ден соолугуна кам көрүшпөсө, акырындап анын азабын тартат. Жума күнү сапарга аттанууңуз мүмкүн. Эс алуу күндөрү жакындарыңызга жардам кылып, маселесин чечүү менен алектенесиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өзүнчө бөлүнбөй, көпчүлүк менен бирге иш кылсаңыз, көздөгөн максатыңыз орундалат. Түйүндүү суроолоруңузга жооп табасыз. Аны менен катар материалдык абалыңыздын чыңдалышы күтүлүүдө. Жума күнү шашмалыктын айынан жабыр тартып калууңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрүн жакындарыңыз менен өткөрөсүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көздөгөн максатка жетүү үчүн каршылаш тарап менен тил табышып иштөөгө аракет кылыңыз. Эмоцияга алдыруу ишти артка тартарын унутпаңыз. Ашыкча чыгымга кириптер болуп калбайын десеңиз, акча иштеринде так болуңуз. Жеке жашоого келсек, түгөйүнүн көзүнө чөп салып жүргөндөрдүн былыгы ачылып, чыр жаралат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nazira.kg
2013-10-14 21:08:33
жакшыго!!!
0
Prokuror
2013-10-16 10:57:45
ишенсембии... жокбу...
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан