Кыргыз сатирасында куудул Рахман Разыков түптөгөн «Бешиликтин» «братишкасы» «Беш тапан» куудулдар тобу сахнадан көптөн бери көрүнбөй кеткен. 27-сентябрь күнү кайрадан чогулуп, жаңы күч, жаңы дем менен борбор калаабызда 10 жылдыгын белгилешкен тапандарыбыз бүгүн бизде конокто.
– «Беш тапан» тобуна кантип келип калганыңар тууралуу кеп баштасаңар?
Болсунбек: – Топ 2002-жылы Рахман Разыков агайыбыз тарабынан түзүлүп, ошол жылы сахнага чыкканбыз. Быйыл түзүлгөнүбүзгө 11 жыл болуптур. Анан 1 жыл кемитип, 10 жылдыгыбызды өткөрдүк. 2002-жылдары «Бешилик» тобу катуу чыгып, жаштар куудул болобуз деп «ооруп» калган элек. «Куудул болом» деп окууга да барбай койгом. Көрсө, куудулдардын мектеби жок экен да. Анан бир күнү Жаңы-Жер айылында эжеме жардам берип жүрсөм «Бешилик» тобу концерт коюп келип, ошол жактан Рахман агай менен таанышып, келип калгам. А бул го эми Айдар менен Максимдин куудул варианты (Каныбек Разыков жакты ымдап).
Союзбек: – Мен Бишкекке окуюн деп келсем кеч болуп калыптыр. Абдылда Иманкулов менен тууганбыз, бир күнү анын үйүнө барсам Рахман агай келип калды. Анан жеңем «Ай, Союз, сен ырчы-куудул болом деп жүрчү белең?» деп Рахман агай менен тааныштырды. Ал мени бир көрүп эле «Эртең «Бешиликтин» концерти болот, аны көрүп, эртеси Ошко бар. Ошол жактан даярданабыз» деди. Ошентип, булардан 2 жыл кеч келип, кууп жетип алдым (күлүп).
Каныбек: – Менин топко кабыл алынышым аябай кыйынчылык туудурган (күлүп).
– Азыр үчөөңөр эле келдиңер. Калган 2 тапаныңар кайда?
К.: – Бизде арык, көзгө жагымдуу Ильяз деген тапаныбыз бар. Ал Аксыга тойго тамада болуп заказ чыгып кетти эле. Дагы бир Акыл деген жигит бар. Ал 4 жылдан бери Орусияда мигрант-тамада болуп иштеп жүрөт.
С.: – Көчмөн калкпыз да, биздин топко көп балдар келип-кетип иштеп жүрүштү. Кыял, Баатыр деген да балдар бар эле. Азыр отурукташып калгандары ушуларбыз.
– Акыркы жылдары чогуу жүрбөй калгансыңар, эмне менен алектенип жүрдүңөр?
Б.: – Ар бир чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүндө урунуп-силкинүү болот. 2009-жылы биз да ошондойго кабылып, Каныбек Гүлжигит Сатыбеков менен, Союзбек «Кеңеш» тобу менен, Ильяз экөөбүз Санжар Бердибеков менен чогуу иштеп жүрдүк. Бул нерсени каалайсыңбы-каалабайсыңбы көрүш керек экен, көрдүк. Акыры эң башкысы чогуу болгондо ийгилик болорун түшүнүп, кайра чогулдук.
С.: – «Ат айланып казыгын табат» болуп казыгыбызды таптык.
– Жакында 10 жылдык концертиңерди бердиңер. Эл силердин тамашаңарды сагыныптырбы?
К.: – 3 жылдан бери алыстап кетип, сахнада өнөктөш болуп образ жаратууну унутуп калыптырбыз. 3 ай даярданып койгон концертти эл жакшы эле кабыл алды окшойт.
Б.: – Көпчүлүк «Рахман байке эмнеге келген жок?» деп сурашты. Агай Кытайда болуп келе албай калды.
– Концертиңерде биздин ырчы айымдарды туурадыңар. Алар кандай кабыл алышты?
Б.: – Азырынча телефондор тынч эле. Өздөрү менен көрүшө элекпиз. Кайра аларга жакшы болсо керек, себеби ушул тапта жаңы ырлары чыкпай, биз аларды элдин эсине салып жатабыз. Башка өлкөнүн атактуу ырчылары жаңы ырлары чыкпай калганда сөзсүз бир журналистти сөгүп же бирөөгө кофесин чачып жиберип, айтор, өздөрүнө пиар кылышат го. А биз болсо аларга даяр жарнама жасап жатабыз.
С.: – Элге таанымал, популярдуу адамдарды туурасаң, элдин ал жөнүндө маалыматы бар да, күлөт. Анан эч ким тааныбаган бирөөнү туурасаң залда отурган эл бири-бирин карап «Могу эмне болуп жатат?» дебейби. Бул жолу ырчы Каныкейди туурап жатсак элдин баары манекен окшойт деп ойлошуптур. Анан ал кыймылдап кирсе элдин баары чочуп кетип, күлүштү.
– Сахнада көрүнбөй кеткениңер менен силерди гастролдун «атасын» таанытып жүрөт деп угуп калабыз.
С.: – Кээ бир ырчылар «Бул айылда көптөн бери концерт коюла элек экен» дегенди угуп кирип барсак эле силердин сүрөтүңөр илинип турат» деп калышат. Тынар Курбаналиев болсо «Беш тапан» бирөөнүн конок үйү чоңураак болуп калса, ошол жерге деле элди топтоп алып концерт коё берет» деп тамашага салат. Анын сыңары мактансак деле болот, биз катуу гастролдойбуз. Айыл жерлерин күлкү менен сугарабыз.
Б.: – Башка ырчылардай болуп айылдарды аттап гастролдобойбуз. Чекесинен «тазалап» кете беребиз. Кээ бир айылдарда Маданият үйү жок болуп калса айыл өкмөтү менен сүйлөшүп, көчөдө деле концерт коё беребиз.
– «Эркек үйүнөн эки кадам алыстаса бойдок» деген сөз бар. Гастролго чыкканда кожойкелер кызганбайбы?
С.: – Ий, туура айттың (күлүп). Көп досторубуз тамашалап «Силер талаалап эле жүрсөңөр, үй-бүлөңөрдү ким карайт?» деп айтышат. Анан «Орусияга эрте жазда кетип, кеч күздө келип жатышат. Аялдары жакшынакай эле үйдө отурушат. Кыргызстанда ким эле чогуу жашап жатыптыр?! Бул жакта деле көбү «Кумтөрдө» иштейт, алар 15 күн ал жакта иштеп, үйүнө 15 күн эле келет» дейбиз. Келинчектерибиз кызганбайт. А Болсунбек болсо бойдок. Жыл сайын «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» дегендей болуп «быйыл сөзсүз үйлөнөм» дейт да, жок.
К.: – Жок, биз 2 эмес, 7 кадам аттагандан кийин бойдокпуз. Болсунбек болсо үйүндө жатса деле бойдок. Биз 20 күн гастролдойбуз да, 10 күн үй-бүлөбүзгө көңүл бурабыз. Бул ар айда эмес, сезон маалында эле. Ноябрь айында эс алып, март айларында кайра чыгабыз. Мындайча айтканда, кышында чээнге кирип, жазда чыккан аюудай элебиз.
Б.: – Менде андай маселе жок, мага баары бир. Бир ай болсо деле, 5 күн болсо деле жүрө берем (күлүп).
– Дайыма чогуу жүрүп күлкүлүү окуяларга көп кабылсаңар керек?
К.: – Гастроль учурунда күлкүлүү окуялар көп болот. Бир жолу бир айылга барып концерт алдында кичинекей балага акча берип «суу алып кел» деп дүкөнгө жибердим. Ал кеткен, концерт башталды. Тиги жок. Бир маалда карасам залда бир бурчта турат. Жанына барып «Суу алып келдиңби?» десем, «дүкөн жабык экен» деди. Анан «анда акчаны бербейсиңби?» десем, «акча жок, концертке билет алып кирдим» дейт. Тамашалап «билетти өзүң сатып алышың керек да, бер менин акчамды» десем, тиги «байке, айырмасы кайсы, ал акча баары бир сизге барат да» деп жатпайбы. Анын айтканын угуп баарыбыз күлгөнбүз.
Б.: – Бир жолу концертке шашып, сахнага кийгенге шым алайын деп базарга бардым. Ченебей эле алып кетип калгам, аябай чоң экен. Анан эптеп кур тагып алып сахнага чыгып кеттим. Бийлеген жерим бар эле, курсагымды силкилдетип бийлеп жатсам тиги кур үзүлүп кетип шымым шыпырылып калса болобу. Элдин баары күлгөнүнөн сахна артына өтө качтым. Эл болсо аны атайын программада бар экен деп ойлошуптур.
– Топтун кыймылдаткычы же атаманы ким?
Б.: – Бизге администратор түтпөй койду. Ошондуктан азыр бизде парламенттик башкаруу. Төртөөбүз бир нерсе кыларда ийри отуруп, түз кеңешебиз.
– Артка кылчайып, балалыгыңар тууралуу айта кетпейсиңерби?
Б.: – Көп кырдуу болчумун. Улакты жакшы тартып, маданий иш-чараларга, мектептеги мушташ, ызы-чууларга активдүү катышчумун. Класста түшүнүк кат эң көп жазган мен элем. Себеби тентектик кылганда боюм узун болгондугуна байланыштуу мугалимдердин көзүнө мен биринчи көрүнүп калчумун. Союзбек экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Бул аябай чырылдак болчу. Класстын ичинде отурса да чырылдаган үнү коридордон угулчу.
С.: – Айылда жүргөндө көп ырдачумун. Көчөдөн улуу балдар кармап алса ырдата беришчү да. Анан классташтарыма белги болчумун. Эгер алар мектептен чыкканда менин ырдап жатканымды угушса, «улууларга кармалып калбайлы, Союз ырдап жатат» деп алыстан качышчу.
К.: – Мен жоош болчумун.
Б.: – Бул эркек болуп туруп ушул кезге чейин өмүрүндө бир гана жолу, 3-классында мушташыптыр. Анда да ажыратып коюшуптур (күлүп).
К.: – Анда да кимибиз жеңгенибизди билбей калганбыз :)
Асхат Субанбеков
star@super.kg