Учурда турак жайлар өзгөчө көркөмдүктөгү шыпка ээ боло баштады. Кудум эле күзгүнү же сүрөт тартылган айнекти чаптап койгондой элес калтырган керме шып көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда. Алар кандай материалдан жасаларын жана артыкчылыктары менен кемчиликтерин карап көрөлү.
ТАРЫХЫНА КЫЛЧАЙСАК...
Бүгүнкү күндө бизге жаңылык болуп жаткан бул шыптын түрү алгач Байыркы Римде пайда болгон. Азыркы күндөгүдөй желимден (поливинилхлорид – ПВХ) жасалбаса да, римдиктер бөлмөнүн шыбына кездемелерди кере тартып кооздошкон. Орто кылымда Арменияда бор сиңирилген кездемени атайын жасалган каркаска керип, аны шыпка илишчү. Ал эми желимдин пайда болушу менен азыркыдай керме шыптар чыгарылып, өткөн кылымдын 60-жылдары Батыш Европада тарай баштаган. Керме шып алгач бөлмөнүн шыбындагы кемчиликтерди жашыруу үчүн колдонулса, кийинчерээк кооздук үчүн пайдаланууга өткөн.
ЖЕЛИМДЕН ЖАСАЛГАНДАРЫ
Жалпысынан алганда керме шыптар кездеме жана желимден жасалып, эки түргө бөлүнөт. Учурда эң көп тараганы желимден жасалгандары болуп эсептелет да, курамына жараша жалтырак, күңүрт жана сатин деп үчкө бөлүнөт.
ЖАЛТЫРАК КЕРМЕ ШЫП
Жарыкты абдан жакшы чагылтып, бөлмөнү кенен көрсөтүүгө көмөкчү болот. Көбүнчө эс алууга ылайыкталган жайларга тартышса, турак үйлөрдө бөлмөнү кенен көрсөтүү үчүн тартышат.
Керме шыптын кемчилиги катары анын өтө жалтыраган бетинен сызыктардын кошулган жерлери даана байкалып турганын айтсак болот.
КҮҢҮРТ КЕРМЕ ШЫП
Бул түр классикалык стилди жактыргандарга арналган десек жарашат. Бөлмөгө коюлуучу эмеректердин түсүнө шайкеш келе берет жана кооздук үчүн коюлган буюмдарды бөлүп көрсөтүүдө тоскоолдук жаратпайт. Мындай түрү жарыкты жакшы чагылтпай, бөлмөнү күңүрт көрсөтөт.
САТИН КЕРМЕ ШЫП
Бул жогорудагы күңүрт керме шыпка окшош. Бирок бетиндеги рельефи майдараак келип, жарыкты күңүрт керме шыпка караганда жакшы чагылтат.
КӨРКӨМДӨЛГӨН КЕРМЕ ШЫП
Желимден жасалган керме шыптын көркүн арттырууну каалагандар анын бетине сүрөт түшүрүп же лампаларды орнотуп жылдыздуу асманды чагылдырса болот. Бирок эмгекти көп талап кылган мындай жасалганын баасы да асманды чапчыйт.
КЕЗДЕМЕДЕН ЖАСАЛГАНДАР
Кездемеден жасалган керме шыптардын курамына синтетикалык материал кошулат. Булар аба өткөрүп тургандыгы менен жогоркулардан айырмаланат. Мындай шып балдар бөлмөсүнө, уктоочу жана конок бөлмөлөргө ылайыктуу. Дагы бир артыкчылыгы – узундугу 5 метрге чейинки бөлмөлөрдүн шыбына кураштырбай бүтүн бойдон орнотууга болот. Кемчилиги – тазалаганда оорчулук жаратат. Бөлмөдөгү жыттарды өзүнө сиңирип алат жана саналуу гана өңдө чыгарылат.
БААЛАРЫ
Шыптын түрүнө жана сапатына жараша 1 чарчы метринин эң арзаны 350 сомдон болсо, сапаттуулары 5000 сомго чейин жетет. Бул керме шыптын өзүнүн гана баасы. Керме шып тарттыруу үчүн атайын темирден жасалган профилдер талап кылынат. Алардын баасын жана эмгек акыны кошкондо эң арзан керме шыптын 1 чарчы метри 500-600 сомдон айланат. Көркөмдөлгөн түрүн жасатам десеңиз, шыптын 1 чарчы метрине сүрөт түшүрүүнүн баасы 2000 сомдун тегерегин түзөт. Мындан дагы кооздукту кааласаңыз, «жылдыздуу асман» жасатууга болот. Абдан түйшүгү көп бул иштин 1 чарчы метри 10 000 сомдон жогору бааланат. Анткени керме шыпты тешип, анын бетине бирден жылдыздын элесин чагылдырган жарык берүүчү лампаларды орнотуп чыгуу зарыл.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
КЕМЧИЛИКТЕРИ:
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg