«БИР ДҮЙНӨ – КЫРГЫЗСТАН» КИНОФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ

4-октябрда Ош шаарындагы «Семетей» кинотеатрында эл аралык «Бир дүйнө – Кыргызстан» кинофестивалы башталды. Фестивалда адам укуктарын камтыган 10го жакын тасма тартууланат. Ошондой эле фестивалга катышкан тасмалар адамды туура жашоого, эс алууга, бирөөнү басмырлабоого үгүттөйт. Көрүүчүлөр кыргыз жана орус тилдериндеги тасмаларга күбө болуп жатканын облустук кинодирекциянын жетекчиси Адылбек Сарыбаев билдирди. Ал ошондой эле фестивалда Июнь окуясына айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров тууралуу тартылган тасма көрсөтүлбөй турганын айтты.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан