Бактыгүл Закирова:«КЫЗЫМДЫН ҮНҮН УККАНДА ЫЙЛАП ЖИБЕРДИМ»

Эне болуу бактысы аялзатын сулуу, жароокер, мээримдүү, боорукер, назик кылат. Бул бакыт кайсы гана аялзатын кучагына албасын, эч ким ал көз ирмемди, сезимди толук түшүндүрүп бере албаса керек. Мына ушундай бакыт даамын ырчы Бактыгүл Закирова 24-сентябрь күнү татты. Көздөрүнөн бакыттын нуру чачыраган ырчы кубанычын биз менен мындайча бөлүшүп отурду.

– Бешик боо бек болсун, Бактыгүл!
-Рахмат. Кызым 24-сентябрь күнү Бишкектеги жеке менчик төрөт үйүндө жарыкка келди. Кудайдын жардамы менен баары жакшы. Кызымдын да, менин да ден соолугум жайында.

– Эне болуу бактысын ар бир айым ар кандай кабыл алат, сен кандай болдуң?
-Кызымдын үнүн укканда сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Ошондогу абалымды эч качан сөз менен жеткире албасам керек. Кубанычым коюнума батпай, толкундануу каптады.

– Жолдошуң жаныңда болдубу?
-Ооба, жанымда болду. Менден да катуу Алмаз толкунданды окшойт. Кызымдын үнүн угары менен дароо чоң ата, чоң энесине, таенесине сүйүнчүлөдү. Ошентип туугандар тез эле чогулуп калышты.

– Атын Ширин деп ким койду?
-Атабыз ырым-жырымды жакшы билген жана дайыма колдонгон адам. Андыктан атайын молдо алдыртып, азан чакыртып, «жашоосу ширин болсун» деп Ширин деген ысымды ыйгарды. Бул ат мага да абдан жакты. Ысымды атасы кызыбыз төрөлө электе эле тандап койгон.

– Тууган-уруктан бата алууну кыркы чыккандан кийин кылсаңар керек...
-Шарият боюнча, жети күн болгондо кан чыгарып, эң жакын адамдардан бата алат экен. Чоң ата, чоң энесин, таенесин чакырып, ырымын жасадык. Кырк күн болмоюн мен дагы, кызым дагы көчөгө чыкпайбыз. Бешик тойду, албетте, кырк күндөн кийин беребиз. Ошентсе да азыр деле бала көрүп келгендер бар.

– Учурда чоң энеси каралашып жатабы же таенесиби?
-Экөө тең келип, кеп-кеңешин айтып жатышат. Азыр өзүмдүн бир тууган эжем каралашып жатат. Ал мага караганда тажрыйбалуу да, эки баласы бар. Алтындай убактысын бөлүп, бизге каралашып жаткан эжеме рахмат айткым келет.

– Ширин кыз ыйлаакпы?
-Тфү-тфү, көз тийбесин, ыйлаак эмес. Кичинекей балдар ушундай болот окшойт, уктап эле жатат. Кечкисин атасы да кызымды карашып жардамдашууда.

– Салтты катуу кармасаңар Ширинди бешикке бөлөп жатыпсың да?..
-Жок, заманбап манежде эле. Үстүн тор менен жаап, чымын да кондурбай жатам. Чынын айтсам, жанына жакындарымдан башка эч кимди деле жолоткон жокмун.

– Чыгармачылыгың эми көпкө тынчыйбы?
-Азыр менин оюм, көзүм, бардыгы-бардыгы кызымда. Кызымдан башка эч нерсени ойлогон жокмун. Жадакалса уюлдук телефонумдун дагы үнү өчүрүлгөн. Мен үчүн бардыгынан кымбат азыр кызым. Ошондуктан качан чыгармачылыкка кайтам, азырынча айта албайм.

– Ширин өмүрү узун, бактылуу кыздардан болсун, рахмат маегиңе!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (75)
Jikos
2013-10-16 08:46:13
Омуру узуууун, бактылуу кыздардан болсун Ширинка!
-1
AZIK01
2013-10-16 09:34:38
5-aprelde ele toyu b.so kandai ele toroit dep oozum achyldy ele,korso kuzdo toi bolgon ekenda.Birok byltyr kuzdo super info kolundagy nike shakegin korup koigon ele.Baktygul "ushunuda koro koidunarby" dep e4teke aitkan emes ele.Super info nun bibegeni jok,korbogonu jok.
-1
kg_777
2013-10-16 11:54:09
бешик боосу бек болсун!!!!!!!! кызына жана озуно ден соолук!!!!!!!!
-1
mososoi
2013-10-16 12:15:16
Бешик боосу бек болсун,акылдуу,ыймандуу,омуру узун болсун.
-1
muni.kg
2013-10-16 19:45:14
beshik boo bek bolsun,omuru mn birge densoolugu chyn akylduu meerimduu kyzdardyn katarynda osup chonoisun demekchimin!
-1
Chynju
2013-10-16 20:48:01
Beshik boono bek bolcun! Kisinda osuno okshogon culuu kisdardan bolcun!!!!!!
-1
uty
2013-10-16 21:37:45
Бешик боонуздар бек болсун Ширин кыздын омуру узуун болсун...жаратканым ыйман берсин акыл эстуу кыз болсун
0
Asus84
2013-10-17 10:47:52
ыйманын берип ден соолукта болсун
+2
Gundula
2013-10-17 15:04:39
Бул жерде журналист айым туура эмес суроо берген баланы 40кы чыкканда болойт бешике.Ширин кыздын омуру,бактысы менен берген болсун ар бир эне эле баласын чымындан коруйт.
+2
rah
2013-10-18 11:58:22
Бешик боон бек болсун
-1
12.12.12
2013-10-18 23:55:29
Кызындын омуру узун, келечекте кыргыздын керегине жараган кыз болсун. Анан могу кызыл менен -1 дегендердин баардыгы бир адамдын кол тамгасыбы не? Муну коралбастык, эрегишкен адам жазап жатса керек. Болбосо кызындын омуру узун болсун деген комментарийге деле -1 дей бериптир го)
0
jooshbala
2013-10-19 04:39:11
Бишкектеги менчик роддомдо төрөдүм дептир.Жөн эле роддомдо десе болбойбу мактанбай?
Анан даагы бир жерде мактаныптыр заман бап деп...
Конешно эми чыгармачылыкка кайтпайт да былчыйып семирип кетсе....ал эмт арыктабайт мени айтти дейсиңер порода анда такая экен...
А Ширин кызыңдын өмүрүн берсин жараткан.
-2
aygesha
2013-10-19 13:28:27
jooshbala, Ииии ушул силерди эч бироону коро албайсынар,былчыйып семиреби?же арыктайбы озунун ак ниет менен тапкан акчасына семирип жатат,анан силерге эмне дейм да зыяны тийбегенден кийин,анан да туура жазып уйронуп ал анан сын так башкаларга!!!!!!
0
gutler
2013-10-20 13:00:45
Ээ-эх,ушу коро албастык эн жаманда. Бактыгулдун семиз,арыктыгына мынча эле асылдынар. Тороттон кийин,айырыкча кыз торогондо 70% аялдар толуп кетет. А Бактыгулдо акча бар,кызын торолтуп алып,Фитнеске барса,баары ордуна келет. Ширин кызынар омурлуу болсун.
+1
Bahar
2013-10-20 18:20:58
beshik boosu bek bolsun ,tolup getti degendin geregi jok bul jerde torogondo 3 ayga cheyin shishik bolot anan oz oorduna gelet akirindap,glavniy kizi aman esen chonoysun,Baktiguldu suluu ayimdardin katarina koyom ,gozdoru karagattay go kizi da ozuno okshoso gerek...
0
jaina13
2013-11-28 15:21:40
Бактыгүл,сиз атыңызга затыңыз жарашып бактылуу болуңуз!Ширин кызыңыз да ширин кылык-жоруктары менен кубантып,артынан көптөгөн бөбөктөрдү ээрчитип келсин.Бала жытын искеген да бар,зар да бар дегендей,бул бакыттан Аллам баардык ынсаптуу момун-мусулмандарды айрыбасын...
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан