ПАМИРдин ТОЗОГУНДА ЖАШАГАН КЫРГЫЗДАР

СDI – коом өнүктүрүү уюму Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга барып жашоо-турмушун изилдеп, аларга жардам берип келишет. Аталган уюмдун кызматкерлери Айбек Султанмамытов жана Наргиза Өмүркожоева: «Памирдеги аксакалдар «кыргызстандыктардын көпчүлүгү биз тууралуу билишпейт. Биздин жашоо-турмушубуздун кандай экендигин мекендештерибизге жеткире баргыла» деп суранышты. Ошондуктан «Супер-Инфо» гезити аркылуу бул аманатты элибизге жеткирели дедик. Боордоштордун турмушун көрүп көздөн жаш айланып, кекиртектен тамак өтпөй, бүгүнкү күнгө чейин өзүбүзгө келе албай жатабыз»,- деп төмөнкүлөрдү айтып беришти. Анда эмесе, Ооганстанда жашаган кыргыздардын жашоосу кыргызстандык кыргыздардын көзү менен.

ООГАНСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР ТУУРАЛУУ
Кичи Памирде 1100дөй, Улуу Памирде 700дөй кыргыз жашайт. Азыраак фарсы тилинин акценти болгон менен, таза кыргызча сүйлөшөт. Статистика боюнча, Памирде жашаган кыргыздар эң катаал шартта жашаган элдердин тизмесинде 1-орунда турат. Бул аймактын тегерегинде жашаган эл памирлик кыргыздарды «тозокто жашаган эл» деп атап алышкан. 5-6 кишиде гана документ болбосо, башкасында эч кандай документ жок. Түпкү мекени Кыргызстанга келебиз дегенде көздөрү төрт. Айрым саясатчылар памирлик кыргыздарды алып келүү маселесин көтөргөнү менен, натыйжа чыккан эмес.

ТОО-ТАШТАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕ ЖОК
Бай-кедей болуп бөлүнүшөт. Төө, топоз, кой, жылкы багышат. Байларында 300дөй кой, 200дөй топоз, 30-40 ат-төөсү болсо, кедейлеринин кээсинде 50-60тай кой, кээсинде эч нерсе жок. Кембагалдар байлардын коюн багып, акысына мал алып жашоосун өткөрүшөт. Ооган бийлигинин кичи жана улуу памирликтер менен иши да жок. Пакистандын чек арасына малын, майын алып барып керектүү тамак-аш, буюмдарга алмашып келишет. Пакистандын чек арасына чейин 4 күндүк жол, ал да көбүнчө ашуулар аркылуу өткөндүктөн кишилер же топоздор жардан кулап өлгөн учурлар көп. Тоо-таштын арасында эч нерсе өспөйт, кичинекей жыгач да табылбайт. Отун, көмүр жок, жалаң гана көң жагышат. Бир түтүн менен экинчи түтүндүн аралыгы жөө басканда 3-4 сааттык жол. Анткени чөп жокко эсе болгондуктан, мал жайганда тойгудай болушу керек. Тажикстан тараптан барган уурулар кой-топоздорун короосу менен уурдап кетип, кыргыздар эч чара көрө албай калган учурлар да бар.

КҮНҮГӨ БИР ЭЛЕ ТАМАК
Эт, курут, каймак, май, калама нан жана кээде гана күрүч жешет. Болсо топоздун сүтүн кошуп, болбосо карандай чай ичишет.
Эркектери колуна тийгенин кийе беришсе, аялдары кичинесинен чоңуна чейин кездемеден өздөрү тиккен улуттук кийим кийишет. Эч кимиси ич кийим кийбейт. Бул ирет барганда ич кийимден көбүрөөк алып бардык. Кызыгы, эркектери шымына эч качан кур тагышпайт, жип менен байлап алышат. 2010-жылы биздин уюмдун кызматкерлери 3 тонна кийим алып барышкан эле, ошонун бирин да кийишпептир.

КЫЗДАРЫН 12 ЖАШЫНДА КҮЙӨӨГӨ БЕРИШЕТ
Улуттук оюндардан ордону көп ойношот, кээде гана улак тартыш ойноп калышат.
Ала качуу деген жок, жалаң гана кудалашып алышат. Эң аз дегенде 100 кой, 20-30 топоз же төөнү калыңга беришет. Эгер калың төлөй албаса, кайын журтуна барып 10 жыл бекер иштешет экен. Кээ бир колунда жоктор өмүр бою үйлөнбөй калган учурлар да кездешсе, байлар 3-4 аял деле ала беришет. Кыздар 12-13 жашта турмушка чыгышат. Бир байга жолукканыбызда ал мурунку 2 аялы, 8 кызы каза болуп, учурда 3-аялы менен жашап жаткандыгын айтты. Өзү 40 жашта, ал эми аялы болгону 12 жашта экен. Мурунку аялдары төрөттөн каза болуптур.

КӨПЧҮЛҮГҮ БАҢГИ
Ооруса эле кара дары (апийим) колдонушат. Көпчүлүгү кара дары чеге берип баңги болуп калышкан. Аял-эркек дебей бардыгы тамеки чегишет. Эртең менен турганда бети-колун эле жуубаса, жуунушпайт деле, жуунгандарын көргөн жокпуз. Кир жууганда аккан сууга кийимдерин таш менен бастырып коюшат да, канча бир убактан кийин алып жайып коюшат. Идиш-аягын кум менен жуушат.

КАЛКЫ БИЛИМСИЗ
Алардын көпчүлүгү билимсиз. Эркек балдарын окутуп, кыздарын окутушпайт. Сабак өтүлүп баштаганына болгону 3 жыл болду, балдар окуганды билгени менен, түшүнүшпөйт. Себеби фарсы тилинде окуп-жазышат. Дептер, калем дегендерди Пакистандан сатып келишет. Алардын баасы аябай кымбат, бир калем 20 доллар турат. Ооган бийлиги сабак өтүү үчүн 2 мугалим берген.

ТЕЛЕФОН ТАРТПАЙТ
Ар бир түтүндө эки-үчтөн рация бар, бири-бири менен рация аркылуу кабарлашышат. Күндөн энергия алуучу жабдык орнотуп алышкан, андан топтолгон энергиянын күчү аркылуу бир лампа күйгүзүшөт жана сыналгы көрүшөт. Спутник антенналарды коюп алышкан. Телефон тартпайт, бирок ар биринде уюлдук телефон бар. Аны ырларды угуу үчүн колдонушат. Жаккан ырларды бири-биринен блютуз аркылуу өткөрүп алышат. Биз баратканыбызда «Жардам бере аласыңарбы?» деп өлкөбүздөгү көптөгөн ири фирма, компанияларга кайрылдык. Бирок эч кимиси жардам берген жок. Бир гана АКШдан «Самсунг» фирмасы 50 даана уюлдук телефон берип, анын ар бирине кыргызча ырларды жаздырып алып бардык. Атактуу делинген эстрада ырчылардын ырын жактырбай, жалаң гана комуздун коштоосунда ырдалган ырларды жана күүлөрдү жаздырып алышты.

ОРТОЧО ЖАШЫ 45 ЖАШ
Калкынын орточо жашы 45 жаш. Балдардын жарымынан көбү 5 жашка жетпей каза болушат. Биз менен барган врачтардын айтымында, алардын 90 пайызы пневмониядан көз жумат. Памирлик кыргыздарга барар алдында ӨКМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигине жардам сурап кат менен кайрылганбыз. Бирок өкүнүчтүүсү, баары жок деп жооп беришти. Аягында Жалдагы балдар ооруканасынын дарыгерлерине жолугуп, абалды түшүндүрүп жардам сурасак, кээ бири «2 миң доллар төлөсөңөр гана барабыз» деп чыгышты. Дагы бири «бул менин кызыкчылыгымдагы иш эмес» деп макул болгон жок. Акыры 3 врач жана 1 медайым гана барууга макул болушту. Бул дарыгерлер өз каалоосу менен эмгек өргүүсүн алып барып келишти. Текшерүүдөн өткөн адамдардын бирөөсүнүн да ден соолугу мыкты деп айтууга болбойт. Кан басымы өтө жогору.
Август айында эле суук түшүп, абанын температурасы -8 градус болуп, 5 күн гана жүрүп кайтууга туура келди. Аларга эмне дары керек экендигин билебиз, эмки барганда ошолорду ала барабыз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Памирдин тозогунда жашаган кыргыздар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (72)
nukesh
2013-10-16 18:10:09
бийликтегилер аларды ойлогон деле жок байкуш боордошторума боорум ачып кетти
0
lapusya
2013-10-16 19:11:04
бийликтегилер аларды ойлошпойт только оздорун ойлошот буларды коруп абдан боорум ооруп кетти!
0
janarht98
2013-10-16 23:10:40
Азыркы система мен ток болсом,ал ач болсо мага эмне.Жемей ичмей бул көнмүш адат ар бириң жогоруга барганда силер деле Памир эмес өз Kg ойлошуңарга көзүм жетпейт.Эми ар бир адамдын өз ырыскысы бар,алардын ырыскысы ошол жерде экен.Тоо ташка чыгып кетмей бул биздин каныбызда бар.Боор ооруштун деле кажети жок.Себеби аз болсо да сабаты болбосода"КЫРГЫЗМЫН"деген ошол жерди ээлеп турсун.Кытайлардан жардам сурап аларды алып бара көрбөгүл&
-1
PATRIOT_07
2013-10-17 00:40:39
Мектепте Кыргыздардын тарыхын окуп жатышпайбы илгери мынчанчы кылымдарда кыргыздар мындай жашашкан экен деп , тообо кылдым азыр да боордошторубуз ошол эле акыбалда жашап келе жатышкан тура! ((( Абдан окунучтуу! Бул деген КМШ олколордун ичинде КЫРГЫЗСТАНыбыздын бедели эн томонку даражада жана созубуз отпойт! Канча Ажо иштеди эмне учун ушундай орчундуу маселелерди карап, чечишкен эмес???? Бирок озубуз , мамлекетибиз аран аксап жашап жаткандыгы учун балким канчалык бир денгээлде оор маселедир.....
0
PATRIOT_07
2013-10-17 00:51:46
Ар бирине документ, турак- жай, туруктуу жумуш, татыктуу билим -эгер ушундай кылганга бюджетибиз жеткенде, менин оюмча канчалаган мекендештерибиз талаалап, бироонун жеринде кордук коруп журмок эмес ........кимге кереги бар???? Ар бир кыргыздын кыялы : Мамлекетибиз онуксо, татыктуу жашоодо жашасак!!!!!
0
Begim8678
2013-10-17 10:17:01
Мен да памирлик кыргыздарды кочуруп келиш керек деп ойлойм. Бул иш-чараны коркпой башташ керек. Тажикстандык кыргыздарга деле КРда башында кыйын болгон, а бирок кийинчерээк эл менен жуурулушуп кетти. Азыр билимдуулору да кобойду.
+1
uluk1982
2013-10-17 10:29:44
ооо бир боорлорум! ИншаАЛЛА жардам беребиз!!!
0
nurmat.kg
2013-10-17 20:52:03
менимче биринчидеп докмент тузуп бергенди ойлонуш керек, себеби чек арадан башка мамлекетке алып отуш учун, калганын чечсе болот.
0
bek123
2013-10-18 00:20:45
Мейли аларды алып келишти, Памирлик туштук, тундук , деп 3 ко болуп ажыраткан туугандарыбыз болот,
0
Sezy
2013-10-18 01:03:48
Bizdin baldar kyzdaryna yilonyp, tuugan tushkandaryn KGge alyp kelse. Kyzdarybyz pamirlik kyrgyz jigitke turmushka chygyp alardyn da tuugan tushkandaryn alyp kelse
0
sabyr86
2013-10-18 12:54:33
Кыргызстандын озундо эле канча кыргыздар,памирлик кыргыздардан айырмасы жок жашайт.памирликтерди коюп бул жакты кыйратып алалычы.менин колуман келсе да,жардам бербейм.себеби уйсуз,жайсыз канчалаган жесир аялдарыбыз,балдарын бага албай курап журушот.канчалаган оорулу адамдар.ошолорго жардам бергеним жакшы.
-2
make11
2013-10-19 05:25:35
sabyr86, сенден эчким сураган жок жардам! отура бер унчукпай!
-1
sabyr86
2013-10-20 17:49:16
make11, мен болгонун айттым.сага окшоп калп эле отуруп алып кыйратыш керек дей бербейм.
0
juniyor
2013-10-19 06:21:32
Акча маселесин чечүү үчүн, Орусстарга окшоп эле смс аркылу 50-100 сомдон берсек жетет деп ойлойм . Россияда уйлорду суу басып кеткенде ушунтип эле смс аркылуу эл жардам берди. биз деле ошентип жардам берсек болот ошондо акча маселеси чечилмек эгер акча керек болсо...
+2
faha
2013-10-19 13:32:28
Albette ayabay okunuchtuu... Birok, menin bir Turkiyada okugan taanyshymdyn aytuusu boyuncha "alar oto ele jalkoo el". Misaly, 15-20 metr aryda agyp jatkan suunu uyunun aldynan otkorgusu kelse, oshonu da bir az aryk ishtep otkorushpoyt. Turkiya, je Kyrgyzstan mamleketi kelip jasap bersin degen koz karashta dep aytty ele... Osholordu oz kozu mn korgongo cheyin ayabay jardam bergisi kelip, alar uchun ayabay jan tartyp jurgonun koshumchalagan ele...
0
kyrgyzbay
2013-10-19 22:31:21
Айбек азаматсын, жакшы кызмат кылып жатасынар. Балыкчылыктар
0
ALBIKA
2013-10-22 02:17:10
Жакшы канча мал жаны бар экенинен бери жазып коюпсунар.Атка минээрлерибиз оздоруно кызыкпаса да мал жанына кызыгып кочуруп келээр.10дон топозу тийсе да ...Материалдык жардамга анча дале муктаж эмес экен кочуруп кеишсе,болгону мал жанын бакканга кенинирээк жайыты кен жер болуп берсе андан кийинкиси да кудайдын айтканы болоор эле го...
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан