ТОКМОКТО МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АТЫШКАН

26-сентябрда саат 22:00 чамасында Токмок шаарында милиция кызматкерлери Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын артынан аңдуу уюштурушкан. Ал автоунаадагылар токтоо тууралуу талапка баш ийбей, унаанын арткы терезесинен милиция кызматкерлерине Калашников автоматынан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында милицияга таандык Ауди А-6 машинасына ок тийген. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок атышып, кылмышкерлерге карата курал колдонууга мажбур болушкан. Бирок Мерседес-Бенц унаасындагылар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү кылмышка шектелип бир нече адам кармалып, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги аныкталган. Жашаган үйлөрүн тинтүү убагында К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делген, 1980-жылы туулган, Толтой каймана атка ээ Уран Чомоевдин үйүнөн тапанча жана анын октору табылган. Ал эми Акжолтой Бейшекеев жашаган үйдөн Ф-1 гранатасы, анын тууганына тиешелүү Кегети капчыгайындагы сарайдан 12-калибрдеги мылтык, дагы бир тууганынын үйүнөн 50 грамм салмактагы баңгизат табылган. Чыңгыз Жусуповдун гаражынан курал, баңгизат жана башка бирөөгө таандык сүрөтү жок паспорт табылган.
Кылмышка шектелип кармалгандардын бири ИИМ академиясынын 3-курсунун курсанты экендиги билинип, бул боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.
Милиция кызматкерлери менен атышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү айдап жүргөн Мерседес-Бенц автомашинасын Токмок шаарынын четиндеги Чоң Чүй каналына чөктүрүп жиберишкен. Бул автомашина уурдалган тизмеге алынганы жана мамлекеттик номери башка экени белгилүү болду.
Учурда Чүй облустук ИИББи менен УКМК бул кылмыш боюнча иликтөө иштерин жана кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн да кармоо аракеттерин көрүшүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
make11
2013-10-15 08:09:37
"Кылмышка шектелип кармалгандардын бири ИИМ академиясынын 3-курсунун курсанты экендиги билининди"- мына сага!!!!
+2
muxammet
2013-10-16 00:29:01
Саясий оюн болбосо эле болду, биздин саясатчылар устаго мындайга
0
НурбеК
2013-10-16 14:08:46
милицияларды аткан калашников кана ошондо
0
Asus84
2013-10-17 15:29:09
ээээ кудай сакта эртен кетип баратып ок тийсе чочубайлы адамдар
0
Aikokul85
2013-10-31 00:49:06
милиция дегенди жек кором.
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан