Сабырбек Жумабеков: «ХИРУРГДАРДЫН ӨМҮРҮ КЫСКА БОЛОТ»

Кырсык деген каш-кабактын ортосунда. “Кырсыкка кабылбайм” деп эч ким, эч качан кепилдик бере албайт. Кудай башка салбасын. Ошентсе да кырсыкка кабылгандарга колунан келишинче өмүр тартуулап келе жаткан, аты Кыргызстанга гана эмес, бир канча өлкөгө белгилүү Сабырбек Жумабеков деген инсан бар. Мына ошол инсан бүгүн бизде мейманда.

– Сабыр мырза, келгениме бир саат болду, иш убактысы бүтүп калса деле кабылдамаңыздан жардамыңызга муктаж болгондор үзүлө элек...
– Бул дагы эч нерсе эмес. Кээде кечки саат 10го чейин кабыл алам. Бүгүн беш операция жасадым. Буюрса, баары тең жакшы болду. Негизи эле мен жасаган 10 000ден ашык операциянын ийгиликсиз болгону аз. Операция учурунда жүк көтөрүп, кара жумуш жасабайм. Ишенесизби, ошого карабай чакалап тер куюлат. Операция жасаган хирург өмүрүнүн кичине бир бөлүгүн оорулууга арнайт. Ошондон улам хирургдар көпкө жашабайт, башкача айтканда, алардын өмүрү кыска болот.
– Бир күндө бир нече оорулууга жардам көрсөтөсүз. «Ден соо­лу­гума залакасы тийип, өмүрүм кыскарып жатат» дедиңиз. Өлүмдөн коркпойсузбу?
– Ар бир адам көп жашагысы келет. Бирок ажал тооруган күнү баарыбыз эле кетебиз бул дүйнөдөн. Мен өлүмдөн коркпойм. Өлүм менен кармашып жүргөн адам коркпой калат экен. Күнүгө канча адамдын өмүрүн сактап калам. Кээде сактай албай да калам. Өмүрүмдү ушул кесипке арнап койгондон кийин, башымды сайып иштейм да. Өзүмдү ортопедиядан башка жерде элестете албайм.
– Ошондон улам депутаттык мандатыңызды таштап кете берген турбайсызбы?
– Мен үчүн өзүмдүн кесибимден улук кесип жок. “Сиздин жардамыңыз керек болуп жатат. Партияга кириңиз” деп “Ак жол” партиясына чакырышканда эле «жардам берейин, бирок депутат болбойм» деп айткам. Партия менин жардамыма муктаж болгон үчүн гана кирген элем.
– Баланын келечекте ким болору кичинесинен эле байкалат деп коюшат го...
– Туура айтасың, мен дагы кичинемден эле сөөккө жакын болчумун. Койдун сөөктөрүн алып, ичин жанчып көрчүмүн. Биздин мектеп айылдан алыс эле. Сайды жээктеп бир топ чакырым басчубуз. Бир жолу мектепке өзүм курактуу балдар менен бараткам. Сайдын жээгинде жаткан сөөктөрдү көрөрүм менен эле адамдыкы экенин билдим. Жанымдагылар сөөккө жакын жолобой качып кетишти. Мен болсо сууга алып барып, салаңдап калган эттерин тазалап жууп, менден улуураак балдар менен көмүп койгонбуз.
– Ушул окуядан соң ортопед болуу кыялы жаралдыбы?
– Ортопед болушума бул окуя эмес, атамдын ооруган буту себеп болду. 3-4-класс болсом керек. Атамдын буту түнү менен какшап ооруп чыгат. Үч жыл катары менен борборго барып дарыланды, кайра эле ооруп калат. Кийин билсем, дарыгерлер атама туу­ра эмес диагноз коюшуп, дарылай беришкен экен. Анан айылдагы эле хирург Анарбек байке атама операция жасап, сөөктөн ириң алып чыкты. Атамдын бутунун ооруганын көрүп алып, ошондо сөөк доктур болом дегем.
– Мектепте кандай окучу эле­ңиз?
– Мактангандык эмес, бирок жалаң бешке окугам. Сөзгө жок окшойм кыязы, алтын медалга кыргыз тили жана адабияты сабактарынан жетпей калгам. Мектептен эле дарыгерликке даярданып, биология, зоология, анатомия, химия сабактарын жакшы окучумун. Сабак жагынан лидер болгонум менен, эмнегедир, коом­дук иштерге катышканды жаман көрчүмүн. Биз он бир биртууганбыз. Мен улуусумун. Ошондо эле ини-карындаштарымдын колу-бутун жууп, нан жапчумун, уй саачумун. Биртуугандарымдын баары азыр бутуна турган, кызматта иштеген адамдар. Бир карындашым тиш доктур.
– Бир үйдөн эки дарыгер чыкса, апаңыздын же атаңыздын кесиби дарыгер эмес беле?
– Апам мээрман айымдын окуусун бүткөнү менен, иштеген эмес. Атам тамеки талаасында бригадир, шоопур болчу. Кайтыш болуп кеткенине эки жыл болду.
– “Жубайымды тамекинин арасынан таап алгам” деп та­ма­ша­ла­ганыңызга атаңыздын тамеки талаасында бригадир болуп иштегени себеп болгон окшойт да...
– Ооба, ошондой болгон. Мектептен кийин Медициналык институтка тапшыргам. Экинчи курсту аяктаган соң каникулда айылда атама жардам берип жүргөм. Ошол учурда айылга студент кыздар тамеки терүүгө жардам беришкени келишкен эле. Бир күнү талаада жүрсөм, үч кыз тамекинин түбүндө иштебей эс алып отурат. Мен аларды атамдын машинасы менен сарайга, сарайдан талаага жеткизчүмүн. Үчөөнү көрөр замат «жалкоолор десе, тургула, иштегиле!» деп жумушка салдым. Кечинде келип таразага тартсак, жанагы үч кыздын тамекиси нормага 20 килограмм жетпей калды. “Кошуп коюңузчу” деп сурангандарынан кошуп койдум.
Апам “менин да студент уул-кызым бар эмеспи” деп жанагы үч кызды үйгө чакырып, айран-сүт берип, жуунуп алууга шарт түзүп берчү. Баягы жалкоо кыздардын арасынан мага Роза жагып калды. Бир жыл сүйлөшкөн соң үйлөнүп алдык. Роза анда КУУнун студенти болчу. Улуу балам Салмоор­бек студент кезде төрөлгөндүктөн, “студенттин баласы” деп коёбуз. Кызым Салтанат окуумду аяктап, аспирантурада Украинада окуп жатканымда төрөлдү. Аны “аспиранттын кызы” дейбиз. Марлис болсо мен профессор болгондон кийин төрөлгөндүктөн, “профессордун уулу” деп чакырабыз. Кенже кызымдын аты Жамиля.
– Украинада канча жыл жүр­дү­ңүз?
– Украинада сегиз жыл жүрдүм. 26 жашымда кандидаттыгымды, 30 жашымда доктурлукту Москвадан жактадым.
– Сөз нугун кайрадан кесибиңизге бурсак. Оорулуунун өмүрүн сактай албай калганда өзүңүздү күнөөлүү сезбейсизби?
– Кээде автокырсыктан улам органдары бөлүнүп кеткендер келишет. Аларды көргөндө эле жардам бере албасымды билем. Ошол көздөрдү көргөндө жүрөгүм кадимкидей зыркырайт. Анткени оорулуунун бул жарыктан кетерин билип турам да. Ошондо өзүмдү күнөөлүү сезем.
Анан кайда жүрбөйүн, уюлдук телефонум жанымда болот. Эч качан өчүрбөйм. Тааныштарым, жакындарым, балким, менин жардамыма муктаж болуп калат. Ошондо телефонум өчүк болуп, оорулуунун абалы кыйындап же о дүйнө салса, ал адамдын да, жакындарынын да, өзүмдүн да алдымда күнөөлүү болом деп эсептейм.
– Операция жасаганыңыз түшүңүзгө да кирсе керек.
– Жардам бере албай калган адамдын элеси баары бир эсимде калат. Түшүмө көбүнчө ошол адамдар кирет. Эртең менен тура калып, жууна электе эле күзөткө турган дарыгерге телефон чалып, орулуулардын абалын сурайм.
– “Хирургдар бара-бара ачуулуу болуп калышат” деп уктум эле...
– Мурун токтоо эле, орусча айтканда, спокойный болчумун. Акыркы күндөрү ачуулуу болуп баратат окшойм.
– Маек соңунда сизге чың ден соо­лук каалайбыз. Оорулуу адам­­­да­­­­рыңыз аз, өмүрүңүз узун болсун.

  • 1964-жылы 11-августта Таластын Сатыкей айылында төрөлгөн.
  • Медицина илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмер жана Эмгек сиңирген дарыгер. Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты.
  • Учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору.
  • Лекция окуганы, операция жасаганы жылына 5-6 жолу чет өлкөлөргө барат.
  • Байлыгы – Үйбүлөсү.
  • Чет өлкөлөрдөн кийинет. Анткени ал жактагы кийимдер сапаттуу.
  • Максаты – Элине талыкпай кызмат өтөө.
  • Сууда сүзүү менен машыгат.
  • Баалаган ырчысы – Керим Турапов.
  • Өзүнө ишенчээктиги жакпайт.
  • Келинчегин “тикенек” деп эркелетет.
  • Үйбүлөсү менен тоого чыгып эс алат. Бирок жардам сурап кайрылгандар болсо, дароо ооруканага кайтып келет.
  • Балдарын тарбиялаганга убактысы жок болгондуктан, бул милдет жубайына жүктөлгөн.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Майрам эже
2009-09-02 09:26:17
Мындай адамдын коп жашашын кудайдан тилейм, орозо айында.Алтын тизмеге киргизет элем , колумдан келсе. Москва.
+1
Aruuke07
2015-05-16 22:58:30
Эх Сабырбек Жумабековдой адамдар коп болсо канча өмүрлөр узармак.
+1
asefsa
2020-09-28 09:24:37
Жараткан Аллахым омурунузду берекелуу кылсын,эн биринчи байлыгыныз болгон уй булонуз менен бар болунуз, сиз элдик адамсыз, талыкпай эмгектене бериниз, Кыргыз Эли сиздей Уулдары менен сыймыктанат!!!
+1
№ 356, 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан