«Жүрөгүм, жүрөгүм, ооруп калды жүрөгүм» деп жүрөк оорусуна даба издеген ырчы Данияр Эрматовго кызыккан кыздар көп. Сыртынан уялчаак, тартынчаак көрүнгөн ырчы баарлаша келгенде аябай тамашакөй, тарс-тарс сүйлөп, тартынбаган жигит экени билинди.
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 1-февраль
Бою – 175 см
Салмагы – 66 кг
Кумири – Атасы
Учурда – Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунун бажы бөлүмүндө окуйт
Репертуарындагы ырлары – «Жүрөгүм», «Жалгызым», «Токто, жаным» жана башка
Учурда – Бойдок, жүрөгү бош
– Кандайсың, Данияр? Акыркы кезде тасмаларга продюсер болуп жүрөсүң. Демек, ырчылыкта да өзүң жалгыз иштей алчудай, иштин көзүн билип калыпсың да?
– Жакшы, рахмат. Жо-ок, мен жаңы чыгып келатканда жалгыз бир жылдай иштеп көрдүм. Кийин ырчыга продюсер абадай керек экенин түшүнүп, Канат Кадыржанга келбедимби. Ал эми тасмага продюсер болуу такыр башка нерсе. Ал жерде мен ашыкча жумуш аткарбайм, каражат жагын камсыздайбыз, болду. Ошондуктан азыр продюсерсиз эмгектенүүгө эч кандай каалоом да, мүмкүнчүлүгүм да жок.
– «Салам, Бишкек!» тасмасында роль жаратканга жетиштиң. Тасма талаасы менен сахнанын айырмасы кандай экен?
– Тасмада каталарыңды оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар, сахнада болсо мүмкүнчүлүк бир гана жолу берилет. Ошондуктан актёр болуу кыйла жеңил деп ойлойм. Бирок ырчылардан жакшы актёрлор чыгууда.
– Сахнада жүргөн үч жылдан бери сен үчүн эмне өзгөрдү?
– Ырчылыктын артынан көп жерлерди көрүп, өзүм үчүн жаңы ачылыштарды жасадым. Ошондон улам болсо керек, жашоого көз карашым өзгөрдү. Бирок башым асманга жеткен учурда да жөнөкөйлүгүмдөн жазбайм.
– Чет элдин ырчылары бир гана ырдоо менен чектелбей, бийди да мыкты өздөштүрүшкөн. Ушул сыяктуу артыкчылык алып келейин деген ой барбы?
– Той-топурларда анча-мынча кыймылдап коймоюм бар, бирок сахнага чыгып элдин оозун ачырып бийлей албайм. Артыкчылыкты башка тараптан тартуулаганга тырышайынчы.
– Сен тууралуу «Нурмат Садыровдун «Жүрөгүм» аттуу ырынын клибиндеги кызга ашык болуп, арбалып жүрөт» дегенди кулагым чалды эле...
– Аны көрүп калам, татынакай, жылдыздуу кыз. Бирок ашыктык сезимдерим жок, чынында.
– Кыз тандоодогу табитиңди ырчылык өзгөртпөй элеби?
– Ырчылык таасирин тийгизиши мүмкүн, мисалы, чыгармачылыкты түшүнгөн кыздарды издейм дегендей. А бирок адамдагы асыл сапат деп жөнөкөйлүктү билем. Сулуу эмес, жылдыздуу кыздар жүрөгүмө жакын.
– Мамилеге туруктуусуңбу? Аябай эсте калган сүйүү романың кайсы болгон?
– Буга чейин канчалаган гана сүйүү романдарын баштан кечирбедим. Бирок өткөн жашоомдон бир кызды дайыма жүрөгүмдө сактап келем. Ал Аязгүл деген классташым. 5-класста окуп жүргөндө ушунчалык сүйгөм аны. Балалык таза сезимдер баары бир түбөлүккө эсте калат экен. Ал азыр үй-бүлөлүү, айылда турушат. Жолдошунун сүйүктүү жары дегендей.
– Кыздардын көңүлүн буруудагы эң негизги «фишкаң» кайсы?
– Өзүмдүн атайын колдонгон «фишкам» деле жок. Кыздардын айтымында, күлкүм жагымдуу имиш, анан көздөрүм (күлүп). Эми кыздар айткан соң ошондой эле чыгар.
– А кемчилигиңчи?
– Ак көңүлдүгүм, жайдарылыгым. Кыздар кулагы менен сүйөт деп коюшат эмеспи, жаман оюм жок, жакшы сөздөрдү кулагына куюп калам. Аны кыздар жүрөгүнө жакын кабыл алып, кийин мага арбалып ыйлап калышат. Бирок кыздарды сүйдүрүү максатында эмес, жакшы комплимент катары айтам.
– Кемчиликтериңди мойнуңа алганың жакшы экен. Сенин ушундай адам болууңа, аз да болсо бийиктиктерди багындырууңа негизги себепкер ким?
– Ата-энем өмүр бою бизди адал тамак табууга, маңдай тер менен эмгек кылууга үйрөткөн кишилер. Атам Бурканбек, апам Тамара экөө тең азыр айылда. Борборго тез-тез келип турушат. Бир туугандар баарыбыз ушул жактабыз да. Эгерде ата-энемдин мага болгон ишеничи, берген татыктуу тарбиясы болбосо, менин бул дүйнөдө басып жүргөнүм бир тыйын болот эле.
– Сыртыңдан эрке бала көрүнөсүң, айылга барганда жумуш жасабай, ата-энеңе эркелесең керек?
– Эркелигим бир далай, бирок үйдөгүлөргө дайыма каралашам. Каадаланып шаардыкмын деп ак кол болгудай шаарда өскөн эмесмин. Айылда эле, кара жумушту катыра жасап чоңойгон баламын. Эркелигимди апама гана көрсөтөм, ал мени «данегим» деп койсо тимеле болбой, эркелигим ашып-ташып кетет (күлүп).
«ЖАШООМДО КАЛПЫЧЫЛАРГА КӨП КЕЗИГЕМ»
– Жашоо эмне?
– Түгөнбөс сыноо.– Жашооңдо көбүнчө кандай адамдарга кезиктиң?
– Калпычыларга.– Балалыгыңдан эмнеге умтулгансың?
– Дүйнөлүк деңгээлдеги спортчу болууга, ырчылыкка.– Сени өкүндүргөн нерсе?
– Карылар үйүндөгү карыялардын көбөйүшү.– Эркиндик сен үчүн?
– Эч нерсеге байланбоо, демек, азыр адамдардын бири да эркин эмес.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Данияр Эрматовдунөздүк архивинен алынды)
star@super.kg