Өткөн аптанын жаңылыгы кикбокс боюнча Кыргызстан курама командасынын Дүйнө чемпиондугуна Бразилияны көздөй баратып, жарым жолдон кайра Бишкекке кайтып келгени болду. 26-сентябрда аттанган курам Түркияга жетип, кайра артка кайтты. Алардын Бразилияга жетпей калганы спортчулардан чогулган 40 000 долларга чукул акчанын ортодо жок болуп кеткенине байланыштуу эле. Бул окуя тууралуу талаш-тартыш токтой элек.
ТҮРКИЯНЫН ЖАРАНЫ ИЗДӨӨДӨ ЖҮРӨТ Курама команда Бразилияга 26-сентябрда аттанмак болгон. Курамдагы 14 кишинин алтоонун каражатын КРнын Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов төлөгөн. Спортчулардын айтымында, барып келүү үчүн ар бир спортчу өз чөнтөгүнөн 3500 доллардан чыгарган. Бул сумманы табуу үчүн спортчулардын кай бири унаасын саткан, кай бири карыз алган.
Жыйынтыгында чогулган акча менен катар билет алуу жоопкерчилигин Кикбокс федерациясынын машыктыруучусу Талант Сүйүмбаев алган. Талант мырза Бишкек-Стамбул-Сан-Паулу рейсин туура көрүп, түркиялык Насыр аттуу таанышы менен сүйлөшкөн. Насыр өз каражатына билеттерди «брондоп» койгон. Андан соң Талант Сүйүмбаев спортчулардан Насырдын каражатын чогултуп берип, спортчулар менен Түркияга учат.
«Биз Стамбулга түшкөндө Бразилияга билеттер алыныптыр. Бирок акчасы толук төлөнбөгөн болуп чыкты»,- дейт Талант Сүйүмбаев. Насыр «акчаны кайрып берем» деп телефондон айткан менен, андан кийин байланыша албай калышыптыр. «Түркиянын полициясына арыз менен кайрылдым. Алар Насырды издеп жатышат. Мен спортчуларга бардык акчаларын кайрып берем»,- деп билдирди Талант Сүйүмбаев.
КӨП НЕРСЕДЕН КУРУ КАЛЫШТЫБЫ?
Мелдеш 1-7-октябрь аралыгында болмок. Команданын башкы машыктыруучусу Александр Воинов команданын артынан бармак. Негизи, спортчулардын жакшы формада экенин, мелдештен байгелүү орундар менен кайтарын команданын машыктыруучулары мелдешке чейин айтып жүрүшкөн.
Бул мелдешке карата даярдык 2 жыл бою көрүлүп келген жана акыркы машыгуу сбору Ысык-Көлдө өткөрүлгөн эле. Спортчулардын Бразилияга жетпей калганын КРнын Стамбулдагы башкы консулу билген. Түркияда ара жолдо калган кикбокс чеберлеринин колу коюлуп, алардын атынан кырдаалды түшүндүргөн билдирүү консулдукка жиберилген. Көп өтпөй курам Түркиядан Талант Сүйүмбаевдин тааныштарынын жардамы аркасында Бишкекке келишкен. Окуянын чоо-жайын Талант Сүйүмбаев баш болгон делегациянын курамындагы спортчулар, башкы машыктыруучулар журналисттер менен болгон жолугушууда билдиришти.
«МЕН СПОРТ ЧӨЙРӨСҮНӨН КЕТТИМ»
Окуя өөрчүп отуруп, кикбоксчулар менен Александр Воиновдун ортосуна да от жагып койду. Айрым басылмалар бул окуя боюнча Александр Воиновду күнөөлүү туткан маалыматтарды жазып жиберишкен. АЛЕКСАНДР ВОИНОВ менен байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Александр Хусейнович, сиздин пикириңизди укпай коё албадык...
– Билесиздерби, мен бул окуя боюнча эч кандай комментарий бере албайм. Ким ак, ким кара аны мен териштирбейм. Болчу иш болду.
– Отставкага кетем деп чечим чыгардыңыз. Эмне себеп болду?
– Мен 20 жыл спорт тармагында эмгектендим. Бир нече Азия жана Дүйнө чемпиондорун тарбияладым. 11 Дүйнө чемпиондугуна спортчуларды алып барып келдим. Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстан бардык Дүйнө чемпиондугуна катышып келген. Кызматымды таштаганым түздөн-түз курама команданын Дүйнө чемпиондугуна барбай калганы менен байланыштуу. Мен да эртең балдарымдын алдында жооп берип, ак экенимди билдиришим керек. Мындан кийин машыктыруучулук менен да алектенбейм.
Эске салсак, Воиновдун кызматынан кетер-кетпеси ноябрь айында өтүүчү КРнын Кикбокс федерациясынын конференциясында каралат. Ал эми окуя боюнча кандай кырдаал болуп жатканын кикбоксчу СТАЛБЕК ДАРКАНБАЕВ төмөнкүчө кошумчалады:
«КАТТЫ БИЗ ЖОЛДОГОН ЭМЕСПИЗ»
– Сталбек, окуя боюнча эмнелерден кабардарсың?
– Менин билишимче, спортчулар чогулткан акчаны машыктыруучулар кеңешип, Талант Сүйүмбаевге карматышкан. Талант Сүйүмбаевдин уулу Алтынбек биз менен чогуу машыгат. Билетти сатып алуу милдетин моюнга алган Талант байке өзү алданып калыптыр. Азыр кечирим сурап, акчаны кайтарып бермей болду. Түркияда жүргөндө биздин атыбыздан Стамбулдагы Кыргызстандын консулуна кат жөнөтүптүр. Катта «Воинов бизди сызга отургузуп кетти» деп 14 кишинин (спортчулар жана машыктыруучулар) колу коюлуп, алардын чет жерде акчасыз калганы тууралуу жазылыптыр. Бул катты ким жазганын билбейм. Биз кол койгон эмеспиз.
– Александр Воинов команда үчүн көп эмгек кылды. Анын ушул окуяга байланыштуу кызматынан кетүүсүн туура көрөсүңбү?
– Воинов бизди өстүрүп, кыргыз кикбоксун ушул деңгээлге көтөргөн киши. Ал катты бизди жазды деп ойлоп калыптыр. Биз, спортчулар, ага баарын түшүндүрүп, кечирим сурадык. Чынында, окуянын чоо-жайын аңдабай туруп дуу көтөрүп жиберишти. Жыйынтыгында спортчулар менен машыктыруучунун мамилесине оор сокку болду. Ал киши кызматынан кетсе өлкөдө кикбокс жоголуп кетет. Биз машыктыруучубузду да сактап калганга тырышабыз.
– Мелдешке даярдык кандай эле?
– Мен быйыл көптөгөн эл аралык мелдештерге катышып, жакшы формада болгондуктан, медаль алам деп бараткам. Бул Дүйнө чемпиондугун эсепке алганда 4-ирет Дүйнө чемпиондугуна катышмакмын. Тилекке каршы, Бразилияга жетпей калганыбыз үчүн ичибиз ачышып жатат.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg