5-октябрда Москвада украиналык Владимир Кличко менен орусиялык Александр Поветкин беттешти. Бул беттешке Владимир WBA super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондугун коргоо үчүн чыгып, 12 раунд бою тизгинди колунан чыгарган жок. Александр 4 ирет нокдаунга учурады. Анын бири 2-раундда, үчөө 7-раундда катталды. 12 раундга созулган беттеште бардык калыстардын эсеби боюнча 119:104 упай катыштыгында Кличко жеңди. Беттеш КМШ өлкөлөрүндө түрдүү талкууларга алынууда. Бири «Поветкиндин оор соккуларга чыдагандан башка таланты жок экен» десе, дагы бири «Владимир инисине сабак берип, чоң бокс эмне экенин көрсөттү» деген пикирлерди айтууда.
Бул Володянын карьерасындагы 64-беттеши (61 жеңиш, 3 жеңилүү) болсо, Поветкиндин 27-беттеши (26 жеңиш, 1 жеңилүү) болду. Келишим боюнча Кличко 17 миллион доллар алса, Поветкин 5,5 миллион долларга ээ болду.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg